Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 20:13

Күздөгү шайлоонун ыкмасы чечиле элек


Иллюстрациялык сүрөт.

Күзүндө өтчү парламенттик шайлоо кайсы система менен өтөрү аныкталууда. Президент Садыр Жапаровдун буйругу менен түзүлгөн жумушчу-эксперттик топ конституциялык мыйзам жазып жатат. Бул мыйзам менен парламент депутаттары партиялык тизме же бир мандаттуу округдардан шайланары аныкталат.

Октябрь окуяларынан кийин партиялык тизме менен шайлоо сынга алынып, мажоритардык шайлоо системасы да киргизилери айтылган. Мыйзам долбоорун даярдап жаткан жумушчу-эксперттик топтун мүчөлөрү шайлоо партиялык тизме менен өтөрүн айтышууда.

Президент Садыр Жапаров бир ай мурда “Президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзам долбоорун жазуу үчүн жумушчу-эксперттик топ түзгөн. Жумушчу топтун мүчөсү депутат Умбеталы Кыдыралиев парламенттик шайлоону партиялык тизме жана преференциалдык система аркылуу өткөрүү каралып жатканын айтты.

Умбеталы Кыдыралиев
Умбеталы Кыдыралиев

“Жогорку Кеңештин шайлоосу боюнча жаңы мыйзам кабыл алынып жатат. Ал мыйзамда бир мандаттуу болбойт. Биздин эксперттик топтун айтуусунда артка кетүү болуп калат. Биз мажоритардык шайлоону көрбөдүк беле. Талапкерлер бири-бири менен соттошуп, айыптап, шайлоо чыр менен бүтүп келген да. Менин оюмча партиялык, бирок, преференциалдык шайлоо болот. Шайлоочу партиянын тизмесиндеги талапкерге да добуш берет”.

Преференциалдык шайлоо бул – партияны жана партиянын тизмесиндеги талапкерди тандоо системасы. Парламенттик шайлоодо талапкерлердин ачык тизмесин киргизүү 2019-жылы да сунушталган. Депутаттар Исхак Масалиев, Рыскелди Момбеков жана Жанар Акаев мыйзам долбоорун даярдап, бирок ал учурдагы бийликтен колдоо тапкан эмес.

Депутат Алтынбек Сулайманов 30-мартта "Азаттыктын" талкуусунда президент Садыр Жапаров менен преференциалдык шайлоо системасы тууралуу сүйлөшкөнүн, президент каршы болбогонун айткан. Жумушчу топтун мүчөсү депутат Сулайманов партиялык тизме менен шайлоону калтырып, преференциалдык системаны киргизүүнү жумушчу-эксперттик топтун дээрлик бардыгы колдоп жатканын айткан.

Алтынбек Сулайманов
Алтынбек Сулайманов

“Президент уюштурган жумушчу топ бир айдан бери иштеп жатабыз. Көпчүлүк бир добуштан партиялык жана преференциалдык системаны колдоп жатат. Бир-эки жыйын калды, жакында мыйзам Жогорку Кеңешке чыгат”.

Преференциалдык шайлоо системасы кирсе шайлоо босогосу 3 пайыздан 5 пайызга көтөрүлүшү мүмкүн деген сөздөр чыгууда. Депутат Сулайманов шайлоо босогосу 3 пайыз бойдон калыш керек дейт.

“Үч пайыздык чек боюнча мыйзам бар. Беш пайызга көтөрөбүз дегендер чыгып жатат, бирок ачык эч ким чыга элек. Беш пайызга көтөрүү кайрадан эле тоскоолдуктарды жаратып, парламентти монополия кылуу, жаңы күчтөрдүн жолун тосуу болуп эсептелет. Биз ага жол бербешибиз керек”.

Октябрь окуяларынан кийин “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизилип, шайлоо босогосу 7 пайыздан 3 пайызга төмөндөтүлгөн. Мыйзамга кирген өзгөртүүлөргө ылайык, өлкөнүн аймагында №2 форма менен добуш берүү жокко чыгарылып, күрөө 5 миллион сомдон 1 миллион сомго түшкөн.

Преференциалдык шайлоо системасы тууралуу мыйзам долбоору 2020-жылы Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилгенде добуш берүү системасынын техникалык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маселе көтөрүлгөн. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова сунушту “прогрессивдүү система” деп баалап, БШКнын бул ыкма менен парламенттик шайлоо өткөрүүгө техникалык жактан даярдыгы жетиштүү экенин билдирген.

Октябрь окуяларынан кийин бийликке келген Садыр Жапаров партиялык система менен шайлоону кескин сындап чыккан. Ал партия лидерлери шайлоону бизнеске айлантканын белгилеп, 3-ноябрда Ош облусунда мындай деген:

“Парламенттик шайлоону эмне үчүн жылдырдык? Партиялык системадан кетели деп бийлик алмашып жатса, кайра эле баягы партиялык система менен, бүгүнкү Борбордук шайлоо комиссиясы менен барсак кандай болот деп ойлонуп, 1-июнга чейин жылдыра турган мыйзам кабыл алдык. Конституциялык реформага барып, башкаруу формасын алмаштырып, ошондон кийин шайлоо өткөрөлү деп чечтик”.

Жаңы Баш мыйзамды жазган Конституциялык кеңешме парламент депутаттары кайсы система менен шайланып келерин атайын мыйзам менен аныкталат деп калтырып кеткен. Садыр Жапаров коомчулуктагы сунуштарды эске алуу менен 90 депутаттын 55ин мажоритардык, 35ин бир мандаттуу жол аркылуу шайлоону сунуш кылган жайы бар.

Партиялык тизме менен шайлоого каршы чыгып келген Конституциялык кеңешменин мүчөсү Чолпонбек Абыкеев парламенттик шайлоо мажоритардык система менен өтпөй турганына таң калып турат.

“Башында партиялык система болбойт, бир мандаттууга өтөбүз, партиялык система толук жоюлушу мүмкүн деген ой айтылган. Мындай болуп кетишинин себеби, азыр парламентте отурган 120 депутат - партиядан келген. Булар бир мандаттуу округдан шайланган эмес да. Болбосо жеке өздөрү чыкса бирин да шайламак эмес. Ошондуктан булар эптеп-септеп депутат болуп калууну көксөп, ушундай жолго барып жатат. Партиянын ичине кирип талапкерди тандоодо анын механизми кандай болорун түшүнбөй турам. Мисалы, шайлоого 20-30 партия катышат, ар бири 120дан талапкер көрсөткөндө төрт-беш миң кишинин ичинен кантип тандайсың?”.

Мурдагы депутат Равшан Жээнбеков эгер преференциалдык шайлоо системасы кирсе парламентке чыныгы эл колдогон адамдар келерин айтат.

Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

“Бул шайлоону гана ачык, акыйкат кылбастан, каражат маселесинде ачыктыкты, адилеттүүлүктү камсыздайт. Мурда атаандаштык партиялардын ортосунда жүрсө, азыр партиянын ичинде да күчтүү атаандаштык башталат. Анткени, ар бир талапкер өзүнө добуш алуу үчүн эл алдына чыга баштайт. Элге жаккысы, көрүнгүсү, таанылгысы келе баштайт. Шайлоо преференциалдык система менен өтсө парламентке күчтүү саясатчылар келет. Парламент саясаттын чордону. Кандай болгон күндө да парламенттин ролу маанилүү. Эгер ал жерге күчтүү депутаттар келсе, бийликте баланс түзүлүп, атаандаштык пайда болот. Бул мамлекеттин өнүгүүсүнө, саясаттын тазаланышына шарт түзөт”.

Президент түзгөн жумушчу-эксперттик топтун башчысы, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова парламенттик шайлоо кайсы система менен өтөрү толук чечиле электигин билдирди.

Нуржан Шайлдабекова
Нуржан Шайлдабекова

“Биз азыр бардык мүмкүн болгон варианттардын үстүнөн иштеп жатабыз. Эртең да талкуулайбыз. Эксперттик топ "мындай моделдер бар, анын артыкчылыгы мындай, кемчилиги мындай" деп сунуштайбыз. Коомдук талкуунун негизинде оптималдуу вариантын тандап алабыз. Болбой калган парламенттик шайлоону өткөрүп, процессти аягына чыгаруу иши турат. Убактылуу, өткөөл моделдер да сунушталышы мүмкүн”.

Кыргызстан партиялык тизме менен шайлоо системасына 2007-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин учурунда өткөн. 2010-жылдан кийин парламенттик-президенттик башкаруу формасына өтүү менен партиялардын ролу жогорулаган.

11-апрелде өткөн референдумда кабыл алынган Баш мыйзамга ылайык өкмөттү түзүү жана жетектөө президентке берилип, парламенттин укуктары бир топ кыскарды.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG