Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:11

Карашев: жаңы Конституцияга ылайык мыйзамдар өзгөртүлүшү керек


Аалы Карашев.
Аалы Карашев.

5-майда президент Садыр Жапаров кол койгон Конституциянын жаңы редакциясына ылайык, ондогон мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилиши керек. Анын 17си конституциялык мыйзамдар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев “Азаттык” радиосунун “Арай көз чарай” берүүсүндө билдирди.

“Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамдарды карашыбыз керек. Булар конституциялык мыйзамдар болгондон кийин парламенттин үч окуусунан өтүшү шарт. Комитеттерде талданышы абзел. Көп убакытты талап кылат. Бирок бул мыйзам долбоорлору парламентке келе элек. Негизги мыйзамдарды 1-июлга чейин кабыл алып берсек жакшы болмок”, - деди Карашев.

Жаңы Баш мыйзамга ылайык Кыргызстан 2021-жылдын 5-майынан тарта толук президенттик башкаруу формасына өттү.

Ага ылайык, президент мурдагыдай бир эле мөөнөткө эмес, беш жылдан эки жолу шайланууга мүмкүнчүлүк алат жана аткаруу бийлигин толук көзөмөлдөйт.

Мамлекет башчысынын жергиликтүү кеңештерди таркатып, райондун башчыларын дайындоого чейинки бир топ ыйгарым укуктары болот. Мындан ары референдумдарды мурдагыдай Жогорку Кеңеш эмес, президент гана жарыялай алат, парламенттин депутаттарынын саны 120дан 90го түшүрүлөт.

Жаңы Конституцияда Элдик курултай өзгөчө макамга ээ болот жана “сунуш берген, кеңешүүчү, байкоочу жыйынга” айланат.

Конституциянын жаңы долбоорун 11-апрелде жалпы элдик референдумга келген элдин дээрлик 80% жакыны колдогон. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG