Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:14

"Чоң жетинин" саммитинде вакцина маселеси талкууланат


"Чоң жетинин" тышкы иштер министрлеринин Лондондогу саммити, 5-май 2021-жыл.
"Чоң жетинин" тышкы иштер министрлеринин Лондондогу саммити, 5-май 2021-жыл.

"Чоң жетиге" кирген мамлекеттердин башкы дипломаттары 5-майда Лондондогу саммитте бир катар эл аралык көйгөйлөр менен кошо коронавируска каршы вакцина маселесин талкуулаганы турат.

Үч күндүк саммитке Британия, Канада, Франция, Германия, Италия, Жапония жана АКШнын тышкы иштер министрлери катышууда.

Бул өлкөлөр өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө вакцинаны туура бөлүштүрүүнү көздөгөн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун COVAX программасына басым жасашууда.

"Менимче, COVAX механизми мындай абдан сезимтал учурда дүйнөдөгү өнүгүп келе жаткан, жакыр жана абдан аярлуу өлкөлөр үчүн маанилүү", - деп билдирди 4-майда Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб.

Буга чейин АКШ бул программага 4 млрд. доллар бөлүүнү убада кылган. Кыргызстан COVAX программасы аркылуу "AstraZeneca" (Улуу Британия) вакцинасынан 2 млн. 600 миң доза алары кабарланган.

"Чоң жетинин" тышкы иштер министрлери акыркы эки жылдан ашык убакыттан бери биринчи жолу бетме-бет жолугушууда. Лондондогу саммитке Австралия, Индия, Түштүк Корея жана Түштүк Африканын расмий өкүлдөрү конок катары чакырылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG