Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Азербайжандык активист Түркияда белгисиз жагдайда каза болду


Оппозициячыл активист Байрам Маммадов.
Оппозициячыл активист Байрам Маммадов.

Азербайжандык оппозициячыл активист, "НИДА" аттуу жаштар кыймылынын мүчөсү Байрам Маммадов Түркиянын Стамбул шаарында белгисиз жагдайда каза болду. Анын достору "Фейсбук" аркылуу кабарлашкандай, активисттин сөөгү эки күн мурда деңизде табылган.

Маммадовдун досторунун бири Элких Кахраман түрк полициясы ишти иликтеп жатканын, азырынча активисттин өлүмүнө байланыштуу бардык болжолдуу себептер каралып жатканын "Туран" жаңылыктар агенттигине билдирди.

26 жаштагы Маммадов дагы бир демократиячыл активист Гияс Ибрагимов менен чогуу 2016-жылдын май айында учурдагы президенттин атасы, мурдагы мамлекет башчысы Гейдар Алиевдин айкелине "Кулдардын майрамы кут болсун!" деп жазганы менен көпчүлүккө таанылган.

Бул окуядан көп өтпөй экөө тең баңгизатка байланыштуу айыптардын негизинде 10 жылга эркинен ажыратылган. Алар кинени четке кагышкан.

"Amnesty International" уюму эки активистти "абийир туткуну" деп тааныган. 2019-жылдын март айында президент Ильхам Алиев абактагы 400 адам менен кошо Маммадов менен Ибрагимовго ырайым берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG