Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:57

АКШнын мамлекеттик катчысы Украинага барат


АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 5-майда Украинага келет. Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Нед Прайс билдиргендей, бул сапардын алкагында Блинкен украин лидери Владимир Зеленский менен жолугат жана анда Украинанын Батыштагы өнөктөштөрү узактан бери талап кылып келе жаткан коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү тууралуу да сөз болот.

Прайс мамлекеттик катчынын бул визитинин "Орусиянын агрессиясы уланып жатканда АКШнын Украинага суверендүүлүгү менен аймактык бүтүндүгүнө көрсөткөн колдоосу" катары мүнөздөдү.

Апрелдин башында Орусия Украинанын түндүгү менен чыгышындагы чек араларына жакын тилкелерге жана аннексияланган Крымга аскердик күчтөрүн жайгаштырган. Москванын бул кадамы Киевдин, Брюсселдин жана Вашингтондун тынчсыздануусун жараткан.

23-апрелде Москва аскерлерди артка кайтара баштаганын жарыялаган. Өткөн аптада орус армиясы аскерлер туруктуу базасына кайтканын билдирген.

Блинкендин Украинага сапары АКШ президенти Жо Байден Орусияга басымды күчөтүп жаткан учурга туш келди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG