Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2021 жума, Бишкек убактысы 17:13

Чек ара коогасына байланыштуу 48 тергөө тобу иштеп жатат


Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлагандай, министрдин орун басары Сүйүн Өмүрзаков 4-майда Лейлек жана Баткен райондорундагы чек ара жаңжалын, андагы чыгымдарды иликтеп, тактоо үчүн түзүлгөн 48 тергөө тобу менен жыйын өткөрдү. Отчет алды жана тапшырмаларды берди.

Куралдуу кагылыштан кыргыз тараптан 36 киши каза болду. 189 тургун жараат алды.

Соңку расмий маалыматка ылайык, жаңжалда 136 турак-жай толугу менен талкаланган. Анын ичинде 46сы – Баткен районунда, 93ү Лейлек районунда жайгашкан. Ошондой эле беш жалпы билим берүүчү мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала-бакча, эки милиция пункту, 24 май куюу станциясы, 60 коммерциялык объект, эки чек ара бекети жана бир клуб жараксыз абалга келген.

Дүйшөмбү жабыркагандар жана курмандыктар тууралуу расмий маалымат бере элек. "Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып, 18 киши каза болуп, 90у жараат алганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG