Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:29

Токмок: Шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылды


Кыргызстандагы добушканалардын бири. 11-апрель, 2021-жыл.
Кыргызстандагы добушканалардын бири. 11-апрель, 2021-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясы 11-апрелде өткөн Токмок шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, президентке кайра шайлоо дайындоо тууралуу сунуш жиберди.

Буга Токмок шаарындагы айрым батирлерге жапырт каттоого турган жарандардын шайлоого катышканы себеп болгон. Токмоктогу шайлоодо 31 мандаттын 16сын алганы айтылган “Эмгек” партиясы БШКнын чечимин сотко берерин билдирди.

Токмок шаардык кеңешине өткөн шайлоого катышкан төрт партиянын арызынын негизинде шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылды. Мындай чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы 3-майда кабыл алды.

Абдыжапар Бекматов
Абдыжапар Бекматов

“Токмок шаарындагы жети добушканада шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылды. Негизги себептери мыйзам бузуу, массалык каттоого туруу. Бир батирге эки жүздөн ашуун жаран катталган учур бар. 40-50, 20-30дан катталгандар да бар. Жыйынтыгы жокко чыгарылган жети шайлоо участогунда ушундай жапырт түрдө жарандардын каттоого турганы жана алар шайлоочулардын тизмесине киргени аныкталган. Алардын көпчүлүгү 11-апрелдеги шайлоого катышкан. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү кеңешке шайлоодогу добуштардын үчтөн бири жокко чыгарылса, кайра шайлоо болушу керек. Токмок шаарында мына ушундай көрүнүш болду. БШК чечим кабыл алып, президентке сунуштадык”, - деди БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов.

Токмокто беш партия шайлоого катышып, анын төртөө 7% босого чектен өткөн. "Эмгек" партиясы -16, "Бирге" партиясы - 6, "Эл Биримдиги" партиясы - 5, "Республика" партиясы - 4 мандат алмак. “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы шайлоо босогосунан өтпөй калган.

Шайлоодон кийин артта калган төрт партия мыйзам бузуулар катталганын билдирип, жыйынтыкты жокко чыгарууну талап кылган. Төрт партия өткөргөн басма сөз жыйынында “Эл Биримдиги” партиясынан талапкер Анарбек Маликов “Эмгек” партиясынын талапкерлеринин үйүнө Токмокто жашабаган 3000 адам катталганын айтып чыккан.

Токмоктогу шайлоодо “Республика” партиясын баштап барган Рустам Кадыркулов 11-апрелде өткөн шайлоодо Токмокто мыйзам бузуу көп болгонун айтууда.

"Ошондуктан Борбордук шайлоо комиссиясы жыйынтыкты жокко чыгарганга аргасыз болду. Эң чоң мыйзам бузуу - бир батирге жүздөгөн адамдын катталышы. Андан башка административдик ресурс колдонулду, шайлоо күнү үгүт жүргүзүлдү. Бир канча мыйзам бузуу боюнча арызданганбыз. Баарын чогуу карап туруп, БШК шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарып берди. Токмоктун мэри, шаардык кеңештин төрагасы, муниципалдык ишканалардын жетекчилери, мэриянын бөлүм башчылары “Эмгек” партиясынан талапкер болуп чыгышкан”.

Шайлоо жана референдумдагы мыйзам бузуулар
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:09 0:00

31 мандаттын 16сын ээлеген “Эмгек” партиясы коалиция курабастан мэр шайлоо укугун алмак. Партияны шайлоого Токмок шаарынын мэри Данияр Амангелдиев баштап барган. Ал БШКнын чечимине макул эмес экенин, сотко даттанарын маалымдады.

“Бир нече айыптар айтылды, бирок бирөө да далилденген эмес. БШК жапырт каттоого турууну негиз кылды. Массалык каттоо - бул шайлоодо эмес, былтыр турган жарандар. Былтыр укук коргоо органдары бул ишти териштирип, бир тобун артка жылдырган. Тилекке каршы, айыл жергесинен келип шаарда жашап калган айрым жарандарды каттоого тургузууга техникалык мүмкүнчүлүк болгон эмес. Анткени, кээ биринин үйүнүн техникалык паспорту жок, кээ бири өз каалоосу менен шаар тургуну болуп калган. Бул бизге коё турган айып эмес. Айылдан шаарга келип каттоого турган 398 адам гана шайлоого катышыптыр”.

11-апрелдеги шайлоодон кийин Мамлекеттик каттоо кызматы Токмокто 2021-жылдын 1-январынан 11-апрелге чейин каттоого туруу жүргүзүлбөгөнүн жарыялады. Мекеменин маалыматына караганда, Токмок шаарында каттоого туруу негизинен 2020-жылдын январынан мартка чейин жүргөн.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн Токмоктогу шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимине каршы чыккандар да бар. Алардын бири Тынчтыкбек Шайназаров.

Тынчтыкбек Шайназаров
Тынчтыкбек Шайназаров

“2020-жылы шаардык кеңештерге шайлоо болуш керек эле. Пандемияга байланыштуу шайлоо жылдырылган. Ошол шайлоонун астында Ош, Токмок, Каракол шаарында жапырт каттоо көбөйгөн. Быйыл Токмок шаарында жапырт каттоо болду деген арыз жазылды. Биз анализдеп чыкканда, былтыр жапырт катталбай калган жарандар экен. Бул жерде мамлекет күнөөлүү болуп калды. Биз өзүбүз күнөөлүү болуп туруп, элди күнөөлүү кылып койдук. Былтыр айылдыктардын каттоосун шаарга көчүргөндө, шайлоого “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” партиялары катышкан. Булар жок болчу да”.

“Эмгек” партиясын шайлоого баштап барган Токмок шаарынын мэри Данияр Амангелдиев шайлоонун жокко чыгышына Жогорку Кеңештин үч депутаты таасир этти деп эсептейт.

“Жогорку Кеңештин үч депутаты, жергиликтүү ишкер артында турган төрт партия “Эмгек” партиясына каршы турду. Кечээ Жогорку Кеңештин үч депутаты БШКнын имаратынан чыкпай жүрүштү. Алар: Канат Исаев, Урмат Самаев, Самат Исманов. Жогорку Кеңештин трибунасынан чыгып алып, басым-кысым жасап, өз кызыкчылыктарын көздөп жүрүшкөн. Бул чечим мыйзамсыз. Сотко кайрылабыз. Кайра шайлоо жарыяласа, кайрадан шайлоого катышабыз. Шаардыктар кимдин-ким экенин билет. Үчөөнөн эл тажап бүттү”.

Данияр Амангелдиев пандемияга байланыштуу өтпөй калган 2020-жылдагы шайлоодо “Биримдик” партиясын жетектеп чыккан.

Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине парламент депутаттары таасир этти деген сөздү четке какты.

Урмат Самаев
Урмат Самаев

“Токмоктук болгондон кийин четте турган жокпуз. Бардык нерсени көрүп, байкап турдук. Буга чейин Токмоктун шайлоосу боюнча маселени парламентте да көтөрүп чыкканбыз. Мэрдин өзүнүн үй-бүлө мүчөлөрү 252 адам катталган батирде катталып жүргөндөн кийин бөлөк сөз барбы? Былтыр революция эмнеге болду? Шайлоонун жыйынтыгы, №2 форма үчүн болду. Биздин колубузда бийлик бар деп бир батирге жүздөгөн адамдарды каттай берген туура эмес. Бизде качан таза, чын шайлоо өтсө, ошондо гана мамлекетибизде туруктуулук орун алат”.

Урмат Самаев 2020-жылы октябрда бийлик алмашууга алып келген парламенттик шайлоодо “Мекеним Кыргызстан” партиясынан талапкер болгон.

Былтыр апрелде Кыргызстанда беш шаардык, 25 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болмок. Шайлоонун астында Ош, Токмок жана Каракол шаарларына жакын аймактарда адамдардын жапырт каттоого турганы байкалган. Муну шайлоого катышууну пландаган айрым саясий партиялар добуш сатып алуу үчүн уюштурганы айтылган.

Башкы прокуратура буга байланыштуу сотко чейинки өндүрүш баштап, 2020-жылдын январынан мартка чейин Токмок шаарында 6745 адам каттоого турганын билдирген. 2020-жылдын апрелиндеги шайлоо коронавирустан улам убактылуу токтотулган. Укук коргоо органдары каттоосун алмаштыргандар боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп, айылдан шаарга каттоого турган жарандарды өз дарегине жылдырганы кабарланган.

11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоого карата негизинен Бишкек, Ош, Токмок шаарларында нааразылык жаралды. Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешине өткөн “Кыргызстан элдик демократиялык партиясын” добуш сатып алуу фактысы боюнча шайлоодон четтеткен. КЭДП БШК чечиминин үстүнөн сотко кайрылып, 4-майда Жогорку сот БШК чечимин туура деп тапты.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG