Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:33

«Клооп» басылмасы Боршайкомду сотко берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Клооп» интернет-басылмасы Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) анын байкоочуларынын арызын убагында карабаганы үчүн Бишкектин Административдик сотуна кайрылганын билдирди. Басылманын маалыматына караганда, БШКга 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодогу жана Конституция боюнча референдумдагы добуш берүүгө байланыштуу эки арыз жөнөтүлгөн. Бирок арыз-даттануулар өтө көп болгондуктан Боршайком баарын карап жетишпей жатат.

Биринчи арыз өлкөнүн көпчүлүк шайлоо бекеттеринде добуш берүү купуялыгы сакталбаганына, экинчиси Бишкекте жети бекетте добуштарды кайра саноого байланыштуу болчу.

Бул жолку шайлоого «Клооп» басылмасынан Кыргызстандын бардык аймактарында 3 миңдей байкоочу катышып, 840 мыйзам бузуу аныкташты. Мындан тышкары алар баштапкы протоколдор менен БШКнын сайтына жарыяланган протоколдор боюнча жүздөгөн айырма бар экенин билдиришкен.

Боршайком 11-апрелдеги шайлоо жана референдумдун жыйынтыгын расмий жарыялай элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG