Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:27

COVID-19: Дагы алты бейтап каза болду, вирус 345 кишиден жаңы аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 29-апрелдеги маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде коронавирустан алты бейтап каза болду. Вирустан көз жумгандардын бардыгы Бишкек шаарында катталды. Муну менен коронавирустан каза тапкан адамдардын саны 1598га адамга жетти.

Акыркы суткада 345 кишиден вирус жаңы аныкталды. Көбү Бишкекте (224) катталган. Өлкөдө бул оору жуккандардын жалпы саны 94 944 адамга жетти.

Бир күндө 265 адам сакайып чыкты. Учурда 1470 бейтап стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 72 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.

Коронавируска кабылгандар Бишкек шаарында көбөйүп жатканына байланыштуу кийинки аптадан тартып кошумча стационарлар ачылары айтылган. Ага жараша медиктердин мобилдик бригадаларынын саны да көбөйөт.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө март айында Кытайдын Sinopharm вакцинасы менен башталган. 22-апрелде өлкөгө Орусиянын "Спутник V" вакцинасынын 20 миң дозасы келип, Бишкек, Чүй облусундагы 65 жаштан улуу, өнөкөт оорусу барлар эмделүүдө.

Өкмөттүн маалыматына караганда, эл аралык COVAX программасынын алкагында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму уруксат берген AstraZeneca вакцинасынын 400 дозасы келери күтүлүп жатат.

Республикалык иммунопрофилактикалык борбордун маалыматына караганда, 28-апрелге карата өлкө боюнча COVID-19 вирусуна каршы эмделгендердин саны 20 миңден ашты. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG