Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:13

Онлайн билим берүү маселелерине арналган эл аралык форум өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Онлайн билим берүү жана кесиптердин келечеги" аттуу эл аралык онлайн форумга даярдык көрүлүүдө. 1-3-май күндөрү өтө турган иш-чара "Онлайн университет" долбоорунун 1 жылдыгына карата уюштурулууда.

Чет өлкөлүк жана кыргызстандык окумуштуулар менен адистердин башын бириктирген форумда коронавирустан кийин дүйнөдө билим алуу жана жумуш менен камсыз болуу тармагында эмнелер өзгөргөнү, эмнени күтсө болору, онлайн режимде билим алуу жана иштөө жаңы нормага айланышы ыктымалдыгы боюнча суроолор талкууланат.

Мектеп мугалимдери жана жогорку окуу жайлардын окутуучулары, жумуш берүүчүлөр, эксперттер, изилдөөчүлөр онлайн режимде билим алуу жана иштөө тажрыйбасы менен бөлүшүшөт. Кыргызстандын мектептериндеги онлайн билим берүү боюнча акыркы изилдөөлөрдүн жыйынтыгы сунуш кылынат.

«2020-жылы жумуш орундары абдан кыскарды жана билим берүү тутумубузда да чоң көйгөйлөр жаралды. COVID-19 пандемиясы өзгөрүлүп жаткан дүйнөгө олуттуу кыйынчылыктарды алып келди. Пандемиядан кийин эмгек рыногу эмнелерди талап кылат деген орчундуу суроолор жоопсуз калууда. Учурда тездик менен өзгөрүүгө учурап жаткан эмгек рыногундагы тенденцияларды аныктоо жана глобалдык пандемиянын ал тенденцияларга тийгизген таасирин талкуулоо күн тартибине чыкты», - дейт форумдун уюштуруучусу, "Онлайн университеттин" негиздөөчүсү Элира Турдубаева.

Форум алкагында мектеп мугалимдеринин арасында уюштурган «Мугалимдин күндөлүгү» сынагынын активдүү катышуучуларына сыйлыктар тапшырылат.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы 2020-жылдын март айында башталып, дээрлик жарым жыл бардык билим берүү мекемелери жабык турду. Азыр окуу процесси жарым жартылай аралыктан уланууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG