Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Чек ара кызматы Көчө-Боюда абал курчуп кеткенин билдирди


"Головной" тилкеси.
"Головной" тилкеси.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы бүгүн, 29-апрелде таңкы саат 4:40тар чамасында Баткен районунун Көчө-Бою аттуу жеринде абал курчуп кеткенин кабарлады.

"Айылда тажик тарап Кыргызстанга таандык тургундардын үйлөрүнө таш ыргытып, кырдаал курчуп кетти. Андан соң тажикстандыктар жолдон өтүп бара жаткан Кыргызстандын машинелерин мергенчи куралы менен аткылап баштаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргыз тараптан жарадар болгондор бар. Тажик тараптын ок атуусу токтобой жатат. Кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалууда. Тажикстандын чек ара кызматынын жетекчилиги менен телефондон байланышуу мүмкүн болбой жатат", - деген билдирүү таратты.

Чек ара кызматынын басма сөз бөлүмү 28-апрелде кечинде Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен “Головной” тилкесинде чыккан чыр тууралуу маалымат берип, азыр абал чыңалып турганын билдирген.

"Головной" тилкесиндеги 28-апрелде болгон кагылышуудан тажик тараптан төрт, кыргыз тараптан үч адамга таш тийип жарадар болду.

УКМК Чек ара кызматы тажик тарап маалыматтарды бурмалап, эки элди козутуп жатканы тууралуу билдирүү таркатты. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG