Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Баткен: Чек арада ок атышуу болуп жатат


Чек арада 29-апрелдин таңында чогулган эл
Чек арада 29-апрелдин таңында чогулган эл

29-апрелдин таңында Баткен районунун Көк-Таш айылындагы кыргыз-тажик чек арасында ок атышуунун үндөрү угулуп жатат. Бул тууралуу "Азаттыктын" Баткендеги кабарчысына Көк-Таш айыл аймагынын башчысы Разия Өсөрова кабарлады.

Анын айтымында, ок атышуудан чочулаган 50-60тай айылдын кары-картаң кишилери, аялдары мечитте топтолуп турат.

"Таңкы саат 4-5тен бери эле атышып жатышат. Кимдер атышканын билбейбиз", - деди Өсөрова.

"Азаттыктын" Баткендеги кабарчысына жергиликтүү тургундар Ош-Исфана жолунун Жака-Өрүк участогу жабылып, каттам токтогонун, тажик тарап жолду тосуп алып каттагандарды өткөрбөй ок атып жатканын, Кыргызстандын бир жаранына ок тийгенин билдиришти.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы 29-апрелде түнкү саат бирлер чамасында "Головной" тилкесинде чогулган эки тараптын эли таркап кеткенин, абал салыштырмалуу туруктуу экенин кабарлаган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматынын басма сөз бөлүмү 28-апрелде кечинде Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен “Головной” тилкесинде чыккан чыр тууралуу маалымат берип, абал чыңалып турганын билдирген.

"Головной" тилкесиндеги 28-апрелде болгон кагылышуудан тажик тараптан төрт, кыргыз тараптан үч адамга таш тийип жарадар болгон.

"Азаттыктын" тажик кызматы Кожалы ( Хожа Аъло) айылынын тургунуна таянып 15 тажик жаранына таш тийгенин жазды.

УКМК Чек ара кызматы тажик тарап маалыматтарды бурмалап, эки элди козутуп жатканы тууралуу билдирүү таркатты. (JsA/BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG