Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:06

Сомалидеги теракттан кеминде жети адам каза болду


Могадишу шаары
Могадишу шаары

Сомалинин баш калаасы Могадишодо 28-апрелде жанкечти террорчу өзүн-өзү жардырып, кеминде жети адам каза болду, 11 киши жараат алды.

Бул тууралуу Могадишонун полициясы жана саламаттык сактоо кызматы кабарлады.

Кандуу калабанын жоопкерчилигин "Аль-Шабаб" экстремисттик тобу алды.

Полициянын басма сөз катчысы Абдикани Мохамед Калафтын айтымында, жанкечти эл көп чогулган жерге машинесин айдап барып, өзүн жардырарда полиция билип калып, кийлигишкен. "Болбосо ал дагы көп адамдын ажалына себеп болмок", - деди Калаф.

"Аль-Шабаб" Могадишодогу эл көп чогулган жерлерде теракттарды уюштуруп келген, "Аль-Каида" террордук уюму менен байланышы бар топ экени эскертилген. (BCh)

XS
SM
MD
LG