Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:31

Боршайком бир партиянын жеңишин жокко чыгарды


Борбордук шайлоо комиссиясы 23-апрелдеги жыйынында Кыргызстан Элдик-Демократиялык партиясынын ( КЭДП/НДПК) Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоодогу жыйынтыгын жокко чыгарды.

Мындай жыйынтык үчүн БШКнын тогуз мүчөсү “макул” деп добуш берсе, эки мүчөсү каршы болду. Партия бул чечимден кийин Бишкек шаардык кеңешине бара албайт.

Түн оогонго чейин уланган жыйындан кийин Кыргызстан Элдик-Демократиялык партиясынын мүчөлөрү БШКнын чечимине макул эместигин билдиришти. Алар Борбордук шайлоо комиссиясы кайсы бир тараптын буйругун аткарганын белгилеп, сотко кайрыла турганын айтышты.

“Бул жерде кызыкдар бир тараптын буйругун аткарганы көрүнүп турду. 30 жыл ичинде мындан да жаман, билинбейт деген нерселер ачыкка чыккан. Бул буйрукту ким бергени да ачыкка чыгат”, - деди КЭДПны шайлоого баштап барган Илим Карыпбеков.

КЭДП партиясынын өкүлдөрү башка партиялардын мыйзам бузууларына көңүл бурулбай, кош стандарт мамиле жасалганын айтышууда.

“БШК мүчөлөрү бизге гана бир тараптуу карап жатат. Мындан эки жума мурда эле “Ак-Бата” партиясынан талапкер Ыргал Кадыралиева добуш сатып алуу боюнча шайлоодон четтетилип, ал Жогорку соттон утуп алды. Бул жерде добуш сатып алуу деп партиясын эмес, талапкерди алып жатат. Бизге келгенде далил жок, укук коргоо органдары шектүү деп гана иликтөө жүргүзүп жатса, шайлоодон четтетип койду. Бул чоң мыйзам бузуу”, - деди КЭДПнын негиздөөчүсү Артур Медетбеков.

БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева укук коргоо органдары берген документтерден добуш сатып алуу фактысын көргөнүн айтат.

“БШК - конституциялык орган. Мен укук коргоо органдары көрсөткөн видео тасмадан добуш сатып алууну көрдүм. Эң коркунучтуусу - добуш сатып алуу бар. Добушту силердин гана партияңар эмес, баары сатып алып жатат. Бул жол бергилгис иш”, - деди БШК мүчөсү Гүлнара Журабаева.

Өткөндөн сабак алынган жокпу?

11-апрелдеги жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жүрүшү күздө өтүүчү парламенттик шайлоо кандай өтөт деген суроону жаратты. Өткөн жылы бийликтин алмашуусуна алып келген парламенттик шайлоо боюнча эч кимге чара көрүлгөн эмес.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразылык жаралып, аягы тынчый элек. Бир нече партиялардын өкүлдөрү 22-апрелде Бишкекте жана Ошто митингге чыгып, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышты.

Алар шайлоодо административдик ресурс колдонуу жана добуш сатып алуу жапырт орун алганын белгилеп, кайрадан шайлоо өткөрүү зарылдыгын билдирүүдө.

“Мурдагы бийликтер шайлоодон улам кеткенин көрүп-билип туруп бул бийлик дагы ошого барып жатат. Мурда бекинип акча берип жаткан болсо, кечээ шайлоодо ачык эле берип жатышты. Административдик ресурсту коркпой эле колдонушту”, - деди Ош шаарындагы акцияда жергиликтүү тургун Манас Эргешов.

Жергиликтүү кеңештеги мыйзам бузуулардан кийин парламенттик шайлоо кандай өтөт деген кооптонуулар айтылып жатат.

Былтыр парламенттик шайлоодо бийликчил аткан конгон “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” партиялары Жогорку Кеңештеги 120 мандаттын жүздөн ашыгын ээлеген.

Шайлоо жыйынтыгына нааразы адамдардын 4-5-октябрдагы митингинин арты башаламандыкка айланып, президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетиши менен аяктаган.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы 6-октябрда жокко чыгарылган. Борбордук шайлоо комиссиясы чечимин "коомдук-саясий абалды эске алуу" деген негизде түшүндүргөн. Садыр Жапаров баштаган адамдар бийликке келгенден кийин парламенттик шайлоо быйылкы жылга жылдырылган.

Саясий ишмер Жеңиш Молдокматов октябрда жыйынтыгы жокко чыккан шайлоо боюнча эч ким жазага тартылбаганын айтты.

“Чынында эле парламенттик шайлоо мыйзамсыз өткөн, ошонун негизинде революция болгон десек, кылмыш иштери козголуп, тийиштүү комиссия түзүлүп, жазага тартыла тургандар тартылыш керек эле. Ошонун кесепетинен жергиликтүү кеңештин шайлоосунда кудум эле октябрдагы көрүнүш кайталанды. Бийлик кимди жазалайт, өзүн-өзүбү?”.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Сариев “Азаттыктын” берүүсүндө сүйлөп жатып, былтыр октябрда өткөн парламенттик шайлоодогу мыйзам бузууларга баа берилбей калганын билдирди.

“Кырдаалга жараша жокко чыгарып салган үчүн процесс аягына чыкпай калды”.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова жергиликтүү кеңештердеги мыйзам бузууларга Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн айыптады.

“Борбордук шайлоо комиссиясынын курамы алмашканы оң. Бул Боршайкомдун ишинин аркасы менен элдин шайлоого да, бийликке да ишеними кетти. Тополоң чыкты, шайлоонун айынан адам каза болду. Анын өлүмүнө, шайлоого бюджеттен сарпталган 500 миллион сомго жакын акчанын талаага чачылганына ким жооп берет? Шайлоо жокко чыгарылгандан кийин бирөө жооп бериши керек да. Боршайком өзүнө да, партияларга да чара көргөн жок”.

Жыйынтыгы жокко чыгарылган октябрдагы шайлоо боюнча иш козголуп, Ички иштер министрлиги, Башкы прокуратура сурак жүргүзгөнү белгилүү болду. Бул тууралуу Боршайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

“6-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарган. 21-октябрда шайлоо жыйынтыгын чыгарган. Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги иш козгоп, сурак жүргөн”.

Жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоо боюнча козголгон кылмыш иши эмне болгонун Башкы прокуратурадан тактоого мүмкүнчүлүк болгон жок. Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин өткөн жылдагы отчетунда бул тууралуу айтылган эмес.

11-апрелде президенттик башкаруу формасындагы Баш мыйзам кабыл алынды. Анда парламентте 90 депутат болору жазылган. Бирок, шайлоо пропорционалдык же мажоритардык система менен өтөрү атайын мыйзам менен аныкталат.

Жогорку Кеңеш ал конституциялык мыйзамды карай элек. Күздө өтүүчү парламенттик шайлоону Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамы өткөрөт. Азыркы курамдын мөөнөтү ушул жылдын июнь айында бүтөт.

Саясат талдоочу Айбек Теңизбаев бийлик шайлоону таза өткөрүп, мыйзам бузган партияларга чара көрбөй, элди тарбиялоо мүмкүнчүлүгүн кое берип жатканын айтууда.

Айбек Тенизбаев
Айбек Тенизбаев

“Бийлик адилеттүү болуп, баарына бирдей караш керек. Адилеттүүлүктү көрүп жатабызбы? Тилекке каршы жок. Бир партияны четтетип, экинчи партиянын ишине көз жуумп жатат. Бийликтин ролу жарандарды тарбиялоодо да. Эгер өткөндөн сабак алып, кылдаттык менен изилдеп өзүн иш менен көргөзбөсө, коомдо каршы пикир жаралып, бийликтин өзү зыян тартат”.

11-апрелде жалпысынан 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо болду. Бишкекте "Эмгек", "Ак Бата", КЭДП , "Ата Журт Кыргызстан" , "Ынтымак" , "Биздин эл" партиялары босого чектен өткөн. Ош шаарында "Ата-Журт Кыргызстан", "Улуттар Биримдиги", "Ыйман Нуру", "Ынтымак" партиялары алдыга чыккан.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG