Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:30

Бишкек: экс-мэрлердин партиялары алдыга чыкты


Алдын ала эсептерге ылайык, Бишке шаардык кеңешке шайлоодо алты партия алдыга чыкты.
Алдын ала эсептерге ылайык, Бишке шаардык кеңешке шайлоодо алты партия алдыга чыкты.

Автоматташтырылган шайлоо системасы добуштардын 99,7% жыйынтыгын чыгарды. Алдын ала эсептерге ылайык, Бишкекте алты партия, анын ичинде үч экс-мэрдин партиясы озуп чыкты.

Шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин Аскар Салымбеков, Нариман Түлеев жана Азис Суракматов Бишкекте жолукканы тууралуу маалымат тараган. Бирок Түлеев алар 12-апрелде добуш берүүгө чейин кездешкенин билдирди.

Мындан тышкары, ыктыярчылардан куралган партия борбор калаада элдин колдоосуна ээ болушу бул шайлоонун башкы жаңылыктарынын бир болуп калды. Ошол эле кезде шаардык кеңеште иштеп жаткан беш партиянын бири да жаңы курамга илинбей калары белгилүү болду.

Экс-мэрлердин партиясы алдыга озду

"Дордой" ассоциациясынын президенти, 2005-жылы Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу болгон ишкер Аскар Салымбеков негиздеген «Эмгек» партиясы Борбор калаада биринчи орунда келатат. Бул партияны шайлоого Бишкек шаардык кеңешинин спикери Жаныбек Абиров жетектеп чыккан. Алдын ала эсептерден улам "Эмгек" шаардыктардын 14% добушуна ээ болгон.

Экинчи орунга Бишкектин 2008-2010-жылдардагы мэри Нариман Түлеевдин «Ак-Бата» партиясы чыкты. Алдын ала эсептерге караганда бул партияны 12,3% шайлоочу колдоду. Түлеев жеңишин мындайча баалады:

"Биз биринчи орунду алабыз деп ойлогонбуз. Мурдагы шайлоого караганда таза болду, бирок бир партия Бишкек шаарындагы квартал башчыларын, үй комитеттеринин баарын сатып алганга аракет кылышты, бизге иштегенге абдан тоскоолдук кылышты".

Үчүнчү орунда дагы бир экс-мэр, Бишкекти 2018-2020-жылдары башкарган Азиз Суракматов сүрөөнгө алган НДПК партиясы бара жатат. Коомдук каналдын мурдагы башкы директору Илим Карыпбеков жетектеп чыккан бул партия алдын ала жыйынтык боюнча 10,8% добушка ээ болгон. НДПК партиясы генерал-майор Артур Медетбековдуку экени белгилүү.

Артында Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев турат деген сөз бар "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы Бишкектеги шайлоодо маарага төртүнчү болуп келди. Партияга алдын ала жыйынтыкка ылайык, Бишкекте 9,7% добуш тийген.

Бешинчи орунга Жогорку Кеңеш депутаты Марлен Маматалиев жетектеген "Ынтымак" партиясы чыкты. Бул партия шайлоочулардын 8,4% добушуна ээ болгон.

"Биздин Эл" партиясынын алтынчы орунда алышы бул шайлоонун жаңылыктарынын бири болду. Былтыр пандемия учурунда элге жардам көрсөткөн ыктыярчылардан куралган партия жети пайыз шайлоо босогосун аттап өткөн акыркы партия болуп калды.

"Биздин Эл" партиясын пандемия маалында ыктыярчы катары таанылган Аскар Алмаз уулу жетектейт. Партиянын катарында белгилүү эстарада ырчысы Анжелика Кайратова, активист Болот Ибрагимов жана башкалар бар. Алдын ала жыйынтык боюнча ыктыярчылардын партиясы 7,8% добуш алды. Мындай добуш менен аталган партия 5-6 мандатка ээ болушу мүмкүн.

Утулган партиялардын ызасы

Ал эми мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов буга чейин лидери болуп келген "Республика" партиясы 3% добуш алып калып, 7% босогону өтө алган жок. Партияны шайлоого баштап чыккан мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова шайлоо жыйынтыгы аларга күтүүсүз болгонун айтты:

"Абдан таң калыштуу болуп жатат. Октябрдагы парламенттик шайлоодо "Республика" партиясы 29 миңге жакын добуш алса, бул жолу 3,5 миң добуш алып жатабыз. Өткөн партияларды карасак “Биздин эл” партиясы андай ой жараткан жок, калган партиялар акчалуу партиялар".

Алты пайыздан көбүрөөк добуш алып калган "Реформа" партиясы шайлоодо мыйзам бузуулар болду деп эсептейт: Партиянын лидери Клара Сооронкулова бул шайлоодо мыйзам бузган учурлар көбөйгөнүн айтты:

"Жеңилип калып чычалаганда эмес, бирок айтышыбыз керек. Коомчулук көрдү 5-октябрь сабак болбоптур. Дагы деле олигархтар, курулуш мафиясы каржылаган партиялар ачык эле акча таратып жатыптыр. Добуштарды сатып алуу жаңы, уюшулган формаларга чыгып жатат. Менин оюмча мындай нерсе дагы бир чоң чатак менен бүтүшү мүмкүн".

Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакындарынан жана тарапкерлеринен түзүлгөн "Социал демократтар" партиясы шайлоонун жыйынтыгы белгилүү болгондон кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын алдына нааразылыкка чыкты. Партиянын лидерлеринин бири Темирлан Султанбеков уткан партияларды добуш сатууга байланышуу айыптады:

"Добуш сатып алуу болуп жатат деп сексенинчи, токсонунчу тизмедеги талапкерлерди алып жатат. Арттагылар акча таратып жүрө берсе болсо, анда бардык партиялар ошентип акча таратпайт беле анда? Бирөө дагы үгүт жүргүзгөн жок. Анан кантип добуш алып кетишти?".

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов шайлоону жоко чыгаруу тууралуу талаптарга мындай деди:

"Бизге расмий арыз менен кайрылса карайбыз. Келгенин билебиз, негиздеп эчтеке айта элек. Эгер далилдер болсо берсин".

Бишкек шаардык кеңешинде 45 мандат бар. Азыр иштеп жаткан алты фракциянын – КСДП, “Республика”, “Мекеним Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Кыргызстан” партияларынын бири да жаңы курамга кирген жок.

Оштогу атаандаштык

Жергиликтүү кеңешке шайлоо Бишкек шаары менен Ошто чоң атаандаштык менен өттү.

Ош шаардык кеңешине өткөн шайлоодо 7% чектен төрт партия ашты. Алдын ала жыйынтык боюнча «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы ишенимдүү алдыга озуп чыкты. Ал боюнча Ош шаарындагы шайлоочулардын 48,5% «Ата-Журт Кыргызстан» партиясын шайлаган.

Экинчи орунда Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматов лилдерлик кылган «Улуттар Биримдиги» партиясы келе жатат. Мырзакматовдун партиясы 18,2% добуш алган.

Кийинки орундарда «Ыйман Нуру» 8,2%, «Ынтымак» 7.4% добуш менен шайлоо босогосунан өттү.

Шайлоонун алгачкы жыйынтыгы чыккандан кийин Ош шаардык кеңешине ат салышкан алты партия добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылууда. Алар - "Улуттар Биримдиги", "Республика", "Бүтүн Кыргызстан", "Ишеним", "Улуу Журт" партиялары.

Бул партиялар «Ата Журт – Кыргызстан» партиясынын пайдасына "административдик ресурс колдонулду, бийлик ушул партиянын пайдасына иштеди" деп сынга алышты.

Партиянын өкүлдөрү биргелешкен билдирүүдө 11-апрелдеги шайлоону "эң ыплас өттү" деп сындап чыгышты.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG