Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Бишкектин көйгөйлөрүн көтөргөн дебаттар


Теледебаттан бир көрүнүш.
Теледебаттан бир көрүнүш.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясында (КТРК) Бишкек шаардык кеңешине талапкерлердин дебаттары өтүп жатат. Мындан тышкары ЭлТР каналында референдумду жактагандардын жана ага каршылардын дебаты уюштурулууда. Ошондой эле быйыл биринчи жолу эки партиянын ортосунда көз карандысыз дебат өттү.

Кайым айтыштар менен коштолгон дебат

КТРКда өткөн Бишкек шаардык кеңешине аттангандардын биринчи дебатына НДПК, «Кыргызстан», «Тынчтык», «Айкөл Кыргызстан» жана «Ынтымак» партияларынын өкүлдөрү катышты. Алар шаардагы башаламан курулуштар, «жер мафиясы», жер тилкелерин мыйзамсыз берүү сыяктуу маселелерди чечүү боюнча өз сунуштарын айтышты.

Маселен, «Айкөл Кыргызстан» партиясынын өкүлү Бакыт Керимбеков көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна алгач мораторий киргизип, андан соң гана салынган имараттарды тартипке келтириш керек деп эсептейт.

Ал эми «Кыргызстан» партиясынан талапкер Максат Исаматов «шаардык кеңеш мэрия жана градсовет менен биргеликте курулушка уруксат берилген зоналарды иштеп чыгууга тийиш» деген пикирин ортого салды.

«Ынтымак» партиясынын тизмесинде экинчи болуп бараткан Нурсултан Кубанов бул көйгөйдү Бишкек шаарынын Башкы планынын жоктугунан көрөт.

"Таза жана жаш кадрлар гана бул маселени чече алат", - деген Кубанов шаардыктарды ар бир талапкерди жана алардын буга чейинки таржымалын иликтөө менен гана добуш берүүгө чакырды.

Нурсултан Кубанов өзү былтыр күзүндө парламенттик шайлоого «Бир Бол» партиясы менен аттанган, ал эми «Ынтымак» партиясынын лидери Марлен Маматалиев жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесинде жетинчи болуп барган эле. Муну дебаттардын жүрүшүндө «Тынчтык» партиясынан талапкер Болот Абдыжапаров да баса белгиледи:

"Силердин лидериңер Марлен Маматалиев курамында болгон партиянын айынан революция болгон. Партия түзгөндү мага үйрөтпөңүз. Сиз партияны байпак алмаштыргандай алмаштырып жүрөсүз. Сиз буга чейин «Бир Бол» менен баргансыз",-дегенде Нурсултан Кубанов:

Нурсултан Кубанов
Нурсултан Кубанов

"Марлен Маматалиев тогуз жыл «Республика» партиясынын өкүлү болгон. Ал пандемия учурунда канчалаган адамдарга жардам берди. 1,5 гана ай «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болду",-деп жооп кайтарды.

Мындан тышкары дебаттардын жүрүшүндө НДПК партиясынан талапкер Илим Карыпбеков менен Максат Исаматов да кайым айтыша кетишти. Карыпбеков «Кыргызстан» партиясынын өкүлүн шаардык кеңеште отуруп, Бишкектин көйгөйлөрүн айтып жатканын сынга алды.

"«Кыргызстан» партиясы ушул жерде отуруп алып көйгөйлөрдү кантип уялбай айтып атасыңар? Силерге бул маселелерди чечүүгө эмне жолтоо болуп жатат? Канча мөөнөттөн бери эле ушундай акылдуу сөздөрдү айтып жатасыңар? Тартынсаңар боло бир аз, мына биздин партиябыз азырынча шаардык кеңеште жок",-дегенде Исаматов:

"Сиз өз партияңыздын лидерине бул суроону бериңиз. Мен биринчи жолу талапкер болуп баратам. Ошондуктан азыр партиянын атынан депутат болуп отургандар үчүн жооп бере албайм", - деп жооп кайтарды.

Мындан тышкары биринчи дебатка катышкандар жаңы конуштар менен калаанын борбордук бөлүгүндө жашагандардын ортосундагы айырма тууралуу суроого жооп берип, ал айырманы болтурбоо үчүн сунуштарын беришти.

Аял мэр, экология жана добуш сатуу

Дүйшөмбүдөгү экинчи теледебат биринчисине салыштырмалуу тынч өттү. «Реформа», «Социал-демократтар партиясы», «Республика», «Улуу журт», «Бийлик элге» партияларынын өкүлдөрү катышкан таймашта кайым айтыш болгон жок. Тескерисинче кайсы бир маселелерде партиялардын талапкерлери бири-бирин колдоп, сунуштарын берип турушту.

Ал эми социал-демократтардын өкүлү Темирлан Султанбеков алардын партиясы шаардык кеңешке барып калса, утулуп калгандардын мыктыларын шаар бийлигине тартса болот деген сунушту киргизди:

Темирлан Султанбеков. Сүрөт анын "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды.
Темирлан Султанбеков. Сүрөт анын "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды.

"Маселен, Аяз Баетовду укуктук тармакты башкарууга чакырсак болот, энергетика маселелерин чечүү үчүн Аймен Касеновду чакыралы, «Бийлик элге» партиясынын автоунааларды токтотуу жайлары боюнча жакшы сунуштары бар экен, силер да келгиле, «Биздин эл» партиясынан Болот Ибрагимов МАИ көйгөйлөрүн чечкенге жардам берсе жакшы болот эле".

Экинчи дебатка катышкан талапкерлер коомдук транспорт, экология, ыштан арылуу, калааны жашылдандыруу сыяктуу суроолорго жооп беришти. Алар негизинен орус тилинде сүйлөп жатышты.

«Бийлик элге» партиясынан талапкер Вахтан Алаков Бишкектин экологиясын калыбына келтирүү үчүн бир топ чаралардын комплекси зарыл экенин билдирди:

«Учурда шаардын санитардык-экологиялык кызматтары максатка ылайык иштебейт. Алар кайсы кафе канча таштанды ыргытканын эсептеп, айып пул салуу менен алектенип жүрүшөт. Санитардык-экологиялык кызматта иштегендер эл аралык тажрыйбаны иликтеп, шаарды өнүктүрүү стратегиясына өзгөртүүлөрдү киргизиши керек эле".

"Улуу журт" партиясынан келген Анарбек Катаганов экологияны чечүү үчүн бир катар сунуштарды берип, анын ичинде ТЭЦ-2ни иштетүү зарыл экенин кошумчалады.

«Республика» партиясынан талапкер Аяз Баетов Бишкекке аял мэр келиши керек деп эсептейт. Ал мэрликке башка партиялардан дагы аял көрсөтүлсө колдорун кошумчалады.

Коронавирус көйгөйүн эки дебатта жалгыз гана «Бийлик элге» партиясынын өкүлү козгоду.

«Реформа» партиясынан шаардык кеңешке аттанып жаткан Аймен Касенов бул шайлоонун эң башкы көйгөйү добуш сатып алуу экенин билдирди:

"Азыр аткаруу бийлиге катуу позицияны кармап, бул шайлоо таза жана адилеттүү өтүш үчүн бардык аракеттерди көрүшү керек".

КТРКдан тышкары референдум боюнча дебаттар ЭлТР каналында да өтүп жатат. Анда референдумга сунушталып жаткан жаңы Конституцияны жактагандар жана ага каршы чыккандар өз позицияларын коргошууда.

Ал ортодо Коомдук телеканалдардагы дебаттар менен катар шаардык кеңештердин шайлоосунда көз карандысыз дебат уюштурулду. “Кыргызстан Элдик-демократиялык партиясы (НДПК) менен “Реформа” партиясынын үчтөн талапкер катышкан таймашты жарандык активисттер уюштурган.

Бул дебат социалдык тармактын колдонуучулардын көңүлүн бурду. Кыйкырык-сүрөөн менен коштолгон дебатт ачык айтыштар менен коштолду. Иш чараны уюштуруучу жана алып барган Данияр Аманалиев негизги максат шайлоочуларга жеткиликтүү маалымат жеткирүү деп атады:

“Шайлоочуларга маалымат алуу үчүн жакшы булак болот деп эсептейбиз. Башка партиялар деле ошондой форматта өткөрсө сонун болот”.

Андан бери көз карандысыз таймашка чыгууну каалаган партиянын дебаты боло элек.

Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтөт. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 мандатка 25 партиядан 1 820 талапкер ат салышып жатат.

XS
SM
MD
LG