Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:39

«Жалпы иш»: Шайлоочулардын көбү админресурс колдонулат деп эсептейт


4-октябрда өткөн парламенттик шайлоо. (Иллюстрациялык сүрөт).
4-октябрда өткөн парламенттик шайлоо. (Иллюстрациялык сүрөт).

«Жалпы иш» коомдук фонду жүргүзгөн сурамжылоого катышкан жашы 18ден жогору 1200 адамдын 73% жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жөнүндө маалыматы бар.

Респонденттердин 61% шайлоо учурунда административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдаланууну кадимки тажрыйба экенин айтышкан. Ал эми 20% буга макул эмес. 22% айрым партиялар административдик ресурсту колдонбосо жеңишке жетпейт деп эсептешет.

Сурамжылоого катышкандардын 27% «шайлоодо добуш сатып алууга болбойт» деп жооп берсе, 20% тескерисинче добуштарды сатып алуу мүмкүнчүлүгү жогору деп ойлошот.

Ошондой эле респонденттердин 40% партиялардын программасына карап добуш берерин билдирсе, 13% талапкердин тизмесине, 11% саясий партиянын аброюна карап добуш берерин айткан.

Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтөт. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.

Ушул эле күнү президенттик башкарууга багытталган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлат. (BTo)

XS
SM
MD
LG