Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:21

Ливиядан чет элдик жалданма жоочуларды чыгарууга чакырык ташталды


Ливиянын борбору Триполи шаарындагы аянт
Ливиянын борбору Триполи шаарындагы аянт

Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишел Ливиядан бардык чет элдик жалданма топторду алып чыгып кетүүгө үндөдү. Жакында БУУнун Коопсуздук кеңеши ушундай эле мүнөздө чакырык таштаган болчу.

4-апрелде Триполиде өткөн басма сөз жыйынында Шарль Мишел бардык чет элдик жоочулар жана аскерлер өлкөдөн чыгып кетиши керек экенин билдирди. Ал муну Ливиядагы туруктуулукту калыбына келтирүүнүн «баштапкы шарты» деп атады.

БУУнун Коопсуздук кеңеши өткөн айда Ливияга күчтөрүн жиберген бардык тараптарды бийликти өткөөл өкмөткө тапшырууну тездетүүгө чакырган болчу. Ошондон үч күндөн соң БУУнун эксперттери Ливияда саясий элита менен кыйыр байланыштагы орусиялык жеке менчик "Вагнер" компаниясынын эки миңдей жалданма жоочусу жайгашканы жөнүндө баяндамасын жарыялаган. Москва болсо «Ливия жеринде» аскерлери бар экенин четке кагып, бирок ал жакта жалданма жоочулар бар болгонун жокко чыгарбайт.

БУУнун баяндамасы Ливиядагы бийликти өткөөл өкмөт колуна алган күнү жарыяланган. Анда өлкөдө декабрда демократиялык шайлоо өткөндөн кийин бийлик расмий түрдө мыйзамдашары жарыяланган.

Мишел өткөөл өкмөттүн дайындалышын тарыхый учур деп атап, Ливиядагы бардык саясий күчтөрдү туруктуу жана өнүккөн мамлекетти куруу мүмкүнчүлүгүн пайдаланып калууга чакырды.

XS
SM
MD
LG