Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:49

Белгилүү офтальмолог Михаил Медведев коронавирустан каза болду


Михаил Медведев.
Михаил Медведев.

5-апрелде Бишкекте белгилүү офтальмолог Михаил Медведев каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин мурдагы кеңешчиси Елена Баялинова «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Республикалык клиникалык инфекциялык илдеттер ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Алиев маалыматты ырастады. Ал коронавирустан Михаил Медведевдин эки өпкөсү кагынып ооруканага түшкөнүн, абалы жакшырып бир-эки күндө үйүнө чыгат деп турганда каза болуп калганын билдирди.

Михаил Медведев 1957-жылы туулган. Караганда мамлекеттик медициналык институтунун жалпы медицина адистигин аяктаган. Медицина илимдеринин доктору, Саламаттыкты сактоонун отличниги, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери. (BTo)

XS
SM
MD
LG