Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:59

Ошто «Ишеним» партиясы алдамчылыкка шектелген талапкерин тизмеден чыгарды


Ош шаары.
Ош шаары.

Ош шаардык кеңешине шайлоого катышып жаткан «Ишеним» партиясы алдамчылыкка айыпталган талапкери Кишимжан Бекташованын талапкерлигин алып салды. Бул тууралуу «Азаттыкка» «Ишеним» партиясын өкүлү Акбарали Батыров билдирди.

«Өзүнүн арызынын негизинде тизмеден чыгарылды. Талапкерлигин көрсөтүп жатканда соттолбогону тууралуу тиешелүү документтерин алып келген. Аны Аймактык шайлоо комиссиясы, Борбордук шайлоо комиссиясы текшерип, каттоодон өткөргөн».

«Ишеним» партиясынан №54 болуп талапкерлигин көрсөткөн Кишимжан Бекташова алдамчылыкка шектелип 25-март күнү Кара-Суу районунда камакка алынган. 27-мартта райондук сот аны үй камагына чыгарган.

11-апрелде Кыргызстанда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары тандалат. Шаардык кеңештерге үгүт 12-мартта башталды. Ош шаардык кеңешиндеги 45 мандат үчүн 9 партиядан 707 талапкер катталган. (DU)

XS
SM
MD
LG