Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Баш мыйзам: шайлоо алдындагы үмүт жана сын


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

11-апрелде жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо менен катар Конституциянын жаңы редакциясы референдумга чыгарылат.

98 адамдан турган Конституциялык кеңешме иштеп чыккан долбоордо президенттин ыйгарым укуктары бир топ кеңейтилген. Эгер референдумда жаңы долбоор кабыл алынса, 2010-жылы апрель революциясынан кийин парламенттик-президенттик башкаруу формасын тандаган Кыргызстанда президенттик башкаруу формасы кирет.

Кыргызстандыктар Конституциянын жаңы долбоору менен канчалык тааныш?

Сунушталган Конституциянын долбоору менен таанышып чыкканын айткан Талас облусунун тургуну Марат Кожомбердиев жаңы Баш мыйзам жоопкерчиликтүү бийлик системасын орнотот деп үмүт артууда.

«Жоопкерчиликти бир киши алыш керек го. Мурун депутаттар премьер-министрге, өкмөт башчы болсо президентке түртүп отуруп эле экономика өнүкпөй, жашоо шартыбыз оңолбой, жумушсуздук күч алды».

Венеция комиссиясынын сыны, Бишкектин жообу
please wait

No media source currently available

0:00 0:35:08 0:00

Бишкек шаарынын тургуну, окутуучу, политэкономист Жаныбек Акмолдоевдин айтуусунда, Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча талкуу жетишээрлик жүргөн жок.

«Жалпы элдик талкуу болгон жок. Бул долбоорду жазган юристтер, адистер коомдун өнүгүшү, экономиканын мыйзамдары менен тааныш эмес экени көрүнүп турат. Алар сунуштаган долбоорду өзүм билемдик десек болобу, “мен ушундай каалайм” деген баланын оорусу. Мен 40 жылдан бери иштеген окутуучу катары Конституциянын бул редакциясына каршы добуш берем».

Өндүрүш Токтонасыров.
Өндүрүш Токтонасыров.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров референдумга чыгарылган Конституциянын мазмуну тууралуу элде маалымат жок деп эсептейт:

«11-апрелде өтчү референдумга калың эл даяр эмес. Көпчүлүк кыргызстандыктар эмне болгон “ханституция” сунушталып жатканынан кабарсыз. Жалпы жонунан эле Конституция жөнүндө сөз болуп жатканынан маалыматы бар. Бирок, 11-апрелде эмнеге добуш беришибиз керек дегенге келгенде чайналгандар көп».

Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” мыйзамды референдумга алып чыккандан бери Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумду колдогон жана каршы чыккан топтор түзүлүп, 25-марттан тартып мамлекеттик телеканалдар аркылуу үгүт иштерин жүргүзүүдө.

Баш мыйзамдын жаңы долбоорун колдоого жана ага каршы үндөй турган үгүт топтору Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) расмий каттоого алынып, алардын мамлекеттик телеканалдар аркылуу эфирге чыгуу убактысы аныкталган.

25-марттан тартып алар Коомдук телерадио корпорациясы (КТРК) жана ЭлТР телеканалдары аркылуу алгач өз-өзүнчө, дебат түрүндө үгүт жүргүзүшүүдө.

Конституциянын долбооруна каршы топтун жетекчиси Рита Карасартова мамлекеттик телеканалдар үгүт иштерин бузуп, тең салмактуулук сакталбай жатканын айтты:

«Бизге күн сайын он мүнөттөн берип коёт. Ал убактыбызды да жаздырып алалы, социалдык тармактан тараталы десек макул болушпайт, өзүбүз тартып алалы десек да болбойт. Мамлекеттик телеканалдардагы прайм-таймда болуп жаткан бардык телеберүүлөрдө Конституциялык кеңешменин кишилерин чакырып алып, Конституцияны талкуулагандан тышкары каршы болуп жаткан адамдарды "душмандар" деп каралашууда. Бул баягы эле КТРдин ролу. Бул качан токтойт? Мыйзамдуулук деген такыр болбой калыптыр».

Референдумга чыгарылып жаткан Конституциянын жаңы редакциясына каршы топтор Борбордук шайлоо комиссиясына мамлекеттик телеканалдардын үстүнөн арызданган.

БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов арыз каралып чыкканын айтты. Бекматовдун айтуусунда, референдумга каршы эксперттер чакырылып, бирок эфирге келген эмес.

«Бизге мындай кайрылуу түшкөн. Жумушчу топто да, жалпы жыйында да карап, алар чакырган эксперттер “Ой ордого” да, башка берүүлөргө да келбей койгону жөнүндө отурумда каралган».

Референдумга чыгарылган Конституциянын редакциясына үгүт жүргүзүү үчүн жалпы 15 топ Борбордук шайлоо комиссиясынан каттоодон өткөн. 15 топтун 12си макул болсо, үчөө каршы.

Бир канча жылдан бери Курултай институтун Конституцияга киргизүү демилгесин көтөрүп келген Талас облусундагы өкмөттүн мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бусурманкулов жаңы редакцияда Курултай институтунун орду курултайчылар каалагандай болбосо дагы бир топ бекемделип, бийлик жоопкерчилиги болот деп эсептейт.

«Азыркы Конституцияга салыштырмалуу жакшы. Мурун такыр жоопкерчилик жок болчу. Азыркы Конституцияга караганда сунушталып жаткан долбоордо жылыш бар, жоопкерчилик бар».

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча 11-апрелдеги референдумга 3 606 201 адам катыша алат.

Эгер референдумга жалпы шайлоочулардын катышуусу 30 пайызга жетпесе, өткөн жок деп эсептелет.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда 2016-жылы 11-декабрда өткөн референдум да жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоо менен катар коюлган. 2020-жылы 10-январда президенттик шайлоодо башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өткөн.

Ал күнү президенттик шайлоого жана референдумга Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча жалпы шайлоочулардын 39,75 пайызы добуш берүүгө келген.

Президент Садыр Жапаров «Азаттык» радиосуна берген экзклюзивдүү маегинде жаңы Конституция үчүн биринчи жоопкерчилик Конституциялык кеңешмеде болорун, андан сырткары элде дагы өтө маанилүү жоопкерчилик бар экенин айткан.

Жаңы долбоор боюнча, президент беш жылдан эки жолу шайланууга мүмкүнчүлүк алат. 2021-жылы шайланган президент иштеп жаткан Конституцияга ылайык ыйгарым укуктарын алты жылга жүргүзөт жана бул анын биринчи президенттик мөөнөтү болуп эсептелет.

Мамлекет башчысы аткаруу бийлигин толук көзөмөлдөйт. Азыркы өкмөттүн ордуна Министрлер кабинети түзүлөт. Министрлердин кабинетин жетектеген адам президенттик администрацияны да башкарып калат.

Сурамжылоо: Баш мыйзамдын жаңы долбоорун окудуңузбу?

Конституциянын жаңы долбоорун окудуңузбу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:13 0:00

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG