Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:53

Шаардык кеңешке шайлоодон кийинки мандат талаш


Бишкектин мэриясы жана шаардык кеңеш жайгашкан имарат.
Бишкектин мэриясы жана шаардык кеңеш жайгашкан имарат.

Бишкек шаардык кеңешине өткөн партиялардын көбү баштапкы тизмесин өзгөртүп, талапкердин добуш алганына жараша мандат бөлүштүргөнү жатканы белгилүү болду.

Тымызын мандат талаш...

Шаардык кеңешке шайлоонун баштапкы жыйынтыгы чыгып, кайсы партия канча мандат алары белгилүү болгону менен алар депутат болчулардын тизмесин ачыкка чыгара элек. Ал ортодо айрым бир партиялардын ичинде мандат талаш тымызын башталганы маалым болду.

Бишкек шаардык кеңешине өткөн партиялардын биринин тизмесиндеги атын ачык атагысы келбеген талапкер буларды айтып берди:

“Үгүт учурунда партияда жаштар катуу чуркадык. Эми рейтинг менен мандат беребиз деп жатышат. Интрига башталды. Акчасы барлар эле тизмеге илинет окшойт. Болбосо тизменин башында жаштар турган”, - деди ал.

Баштапкы маалыматка караганда, шаардык кеңешке шайлоодо “Эмгек” партиясы биринчи орунду алды. Руслан Жакышев - бул партиянын тизмесинде сегизинчи катарда турган жана расмий тизмеге ылайык мандат алышы керек. Талапкер мандаттар эми рейтингге жараша бөлүштүрүлгөнү жатканын айтып берди.

“Азыр бизди чогулта элек. Бардык жыйынтыктар чыккандан кийин белгилүү болот окшойт”, - деди Жакышев.

Талапкердин “кадыр-баркы” кантип бааланат?

Бишкек шаардык кеңешине өткөн алты партиянын айрым өкүлдөрү менен сүйлөшкөнүбүздө мандат маселеси чечилип жатканын билдиришти. Көпчүлүгү шайлоодон кийин талапкердин рейтингине жараша депутат болушу чечилери тууралуу алдын ала макулдашуу болгонун айтышты. Адатта талапкер өзүнө бөлүнгөн аймакта үгүт жүргүзөт. Жыйынтыгында ал участокто анын партиясы башкалардан көп добуш чогултуп берсе гана мандатка татыйт.

“НДПК” партиясын баштап барган Илим Карыпбеков муну ырастады:

Илим Карыпбеков.
Илим Карыпбеков.

“Алдын-ала сүйлөшүлгөн. Ар бир адам партияга келгенде “өзүмдүн электоратым бар, добуш алып берем” деп келген болчубуз. Азыр кеңешүү жүрүп жатат. Ошого жараша чечилет".

Айтор, партиялар арасындагы жарыш бүтүп, эми штабдарда талапкерлер ортосунда мандат үчүн күрөш башталды. Партия жетекчилери талапкерлерди нааразы кылбоонун айла-амалын издеп жаткан шекилдүү.

Бишкек шаардык кеңешиндеги шайлоодо “Ынтымак” партиясын сүрөгөн парламент депутаты Марлен Маматалиев бул партия деле мандаттар добушка карап бөлүштүрүлөрүн бышыктады. Маматалиев мындан сырткары “мандат өткөрмөй” ыкмасы колдонуларын жокко чыгарган жок.

Марлен Маматалиев.
Марлен Маматалиев.

"Бир мандатты эч ким толук алган жок. Бир мандат - 2000 добуш. Демек, бир жылдан алмашышат. Канчанчы тизмеде болбосун партия мүчөлөрүнүн кайсы бир бөлүгү депутат болсо деп жатам".

Баштапкы жыйынтыкка ылайык, беш мандатка ээ болгон “Биздин эл” партиясында алтынчы номерде барган таанымал ырчы Анжелика Кайратова партияда бардык мүчөлөр кеңешип, мандат акыйкат бөлүштүрөөрүнө ишенет. Бирок, ырчы үгүт маалында коомчулукка аздыр-көптүр белгилүү адамдарды жана жаштарды алдыга коюп, кийин алмаштырып салууну туура эмес деп эсептейт.

Анжелика Кайратова
Анжелика Кайратова

“Тизме түзүп жатканда талапкердин кадыр-баркы, иштей ала турганына жараша аныкталышы керек. Кийин 10% өзгөртсө болот, бирок 50% эмес”, - деди.

Бишкек шаардык кеңешинде эле эмес, айрым аймактагы кичи шаарларда дагы мандатка байланыштуу нааразычылык чыкканы маалым болду. Маселен, Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон шаардык кеңешине партиялардын биринен талапкер болгон Кубанычбек Малик уулу тизменин соңуна жайгаштырылгандардын депутат болушуна каршы.

“Тизмеде 31-орунда турам. Азыр 40тан ары турган кишиге бергени жатат. Бул участокто үч адам иштегенбиз. Ошонун биринчи турганын эмес, артындагысына берип коюп жатат”, - деди.

Партиялык тизме жана мыйзам

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, талапкер өзү макул болгон учурда гана тизмени алмаштырууга болот. Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү, юрист Атыр Абдрахматова үгүт ишинде башка, шайлоодон кийин бөлөк тизмени болуп калган көрүнүштү мындайча талдады.

Атыр Абдрахматова
Атыр Абдрахматова

“51-беренеде каралган. Муну парламенттеги олигарах депутаттар атайын киргизген. Талапкердин макулдугу менен тизмеден жылдырууга партиянын укугу бар. Мен муну элди алдоо деп айтам. Элге аты чыккан, колдоого ээ болгондорду алдыга чыгарып, кийин аларды капчыктуулар сүйлөшүп алып артка жылдырышат. Мага үч күндөн бери ушул тууралуу аймактарда аялдар, жаштар көп чалып жатат. Мындай көрүнүш болбошу үчүн ошол шайлоого бараткан аялдар, жаштар алардын шартына башында макул болбошу керек”, - деди.

Кыргызстанда шаардык кеңешке депутаттар партиялык тизме менен, айылдыкка өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен шайланышат. Партиялардын утушу үчүн алар 7% босого чектен өтүшү шарт.

11-апрелде Кыргызстан боюнча 28 шаардык кеңешке шаайлоо өттү. Ири шаарлар саналган Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 мандатка 25 партиядан 1 820 талапкер, Ошто тогуз партиядан 702 талапкер ат салышты. Утуп чыккан партиялар 4 жыл иштейт.

Буга чейин дагы Жогорку Кеңештеги шайлоолордо партиянын БШКга берген расмий тизмеси сакталбай чыр, мандат талаш чыгып, соттошконго чейин барган талапкерлер болгон.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG