Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:36

БШК аял депутаттарга бут тоспоону эскертти


11-апрель, 2021-жыл.
11-апрель, 2021-жыл.

14-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) аялдардын жергиликтүү кеңештердеги 30 проценттик квотасы мамлекеттин конституциялык милдети жана аялдардын мыйзамдуу укугу экенин эскертти.

Боршайком Чүйдүн Орок айылындагы окуя боюнча расмий билдирүү таратып, жергиликтүү кеңешке талапкер болгон аялдардын мыйзамдуу шайлоо укуктарын ишке ашырууга жолтоо болбошу керектигин белгиледи.

БШК билдиргендей, аялдар Кыргызстанда калктын 52 пайызынан ашык болгонуна карабастан айыл кеңештеринде алар тогуз проценттин айланасында гана болчу.

Эске сала кетсек, 11-апрелдеги жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодон кийин Чүйдүн Сокулук районундагы Орок (Жогорку Орок) айылында айрым эркек талапкерлер аялдарга ыйгарылган жеңишке нааразы болушкан.

Орок: Эркек депутаттарды нааразы кылган 30% квота
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:08 0:00

Шайлоого көз салган "Социалдык технологиялар агенттиги" уюмунун аткаруучу директору Зулфия Көчөрбаева 13-апрелдеги маалымат жыйында бул ирет аялдар мурдагы шайлоого салыштырмалуу 4 эсе көп мандатка ээ болорун билдирди.

Көчөрбаева жергиликтүү кеңештерде аялдарга 30% квота берген мыйзам кабыл алынгандан бери биринчи жолу гендердик теңдик сакталып жатканын айтты.

«Быйыл 30% квота бул маселени чечүүдө жакшы механизм болуп берди. Биринчи жолу ал Саруу айылдык кеңешинде ишке ашты. 420 айылдык кеңештеги 2273 шайлоо тилкенин 28инде гана аял талапкер болгон эмес. Бул жалпы көрсөткүчтүн 1% ашыгын гана түзөт», - деди Көчөрбаева.

11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоого 5300дөн ашык аял ат салышты.

Ысык-Көл: иши менен ишеним тапкан аял депутаттар

55 жаштагы Насипгүл Амасбаева Түп районунун Арал айыл аймагында экинчи жолу депутат болгону турат. Анын айтымында, буга чейин кеңештеги 11 депутаттын экөө гана аял болгон.

Быйылкы шайлоодо Арал айыл аймагында мандаттар 21 болуп көбөйгөн. Бул соңку жылдары айыл-кыштактагы калктын саны өскөнүнө байланыштуу болду. 21 мандатка 45 киши талапкерлигин койгон. Анын ичинен тогуз мандат аялдардын колуна тийчүдөй болуп турат.

Насипгүл Амасбаева
Насипгүл Амасбаева

«11 депутаттын арасынан экөөбүз гана аялбыз. Эркектер менен бир нукта иштеш оор. Ошого карабай 2016-жылдан бери бир нече долбоор аркылуу айылдарга инвестиция тартып, жашоону жакшырта алдык. Мисалы, көчөлөрдү жарыктандырдык, электр насосун айыл өкмөттүн балансына алдырдык, мындан сырткары 49 жылга мыйзамсыз негизде жеке колго өтүп кеткен чоң алма бакты кайра айыл өкмөткө кайтарып бердик. Барган сайын эркектер бизге болгон көз карашын өзгөртө баштады, алар биздин ишти көрүп турат жана жыйынтыгы аларды ыраазы кылууда. Бул жолу да шайлоонун жыйынтыгын чыдамсыздык менен күтүп жаттык, аялдар канчалык көп болсо бизге ошончолук жеңил болот. Бул шайлоого чейин биз аялдар форумдарына катышып, аялдар жана жаштар үчүн жергиликтүү кеңештин болочок депутатынын мектебине да биздин кыз-келиндер барып, окуп келишкен. Алар депутат аялдардын укуктары, аткара ала турган иштери, пландарын билип келген, анын жыйынтыгы менен шайлоого катышып, мандат ала турган болушту. Алардын катарында мен да бармын, бул жолу дагы элдин колдоосуна ээ болдум».

39 жаштагы Элиза Жылкыбаева болсо Арал айыл аймагынын кеңешине Сары-Дөбө айылынан талапкерлигин койгон үч мугалимдин бири. Ал дагы элдин колдоосуна ээ болуп, бул жолку шайлоонун жыйынтыгы менен биринчи жолу депутат болгону турат.

Элиза Жылкыбаева
Элиза Жылкыбаева

«Мектепте директормун. Биз түздөн-түз депутаттар менен иштешебиз, алардын колдоосуна муктажбыз. Ошондуктан билим берүү жаатындагы маселелерди тоскоолдуксуз чечип, окуучулардын, мугалимдердин көйгөйүн ачык айтуу үчүн талапкер болгом. Башында "директор эле болуп жүрө бербейсиңби, сага эмне кереги бар?" дегендер болду. 21 депутаттын үчөө аял киши боло турган болдук. Айылдын өнүгүүсүн биз да каалайбыз, элибиздин жашоо-шарты жакшырса дейбиз. Биздин айылда бала бакча жок, ошол маселени чечүү ниетим бар, себеби мамлекеттин пайдубалын билим берүү түзөт. Үч сааттык бала бакча ачуу тууралуу долбоор жазгам, ал өтүп кетти. Биз акырындык менен ачып алсак, кийин 12 сааттыкка өткөрүп алабыз деп турам. Андан сырткары кесиптик билим берүүгө көңүл бурсак деген пландар бар».

Борбордук шайлоо комиссиясынын Ысык-Көлдөгү өкүлү Айбек Сатиев бул жолку шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, айрым кеңештерде кыз-келиндер ээ болгон мандаттын саны 49-50% жете турганын айтууда. Бул көрүнүшкө нааразы болгон эркектер да чыгып жатыптыр.

Айбек Сатиев
Айбек Сатиев

«Жаңы мыйзамдын негизинде шайлоо өттү, кандай болгон күндө дагы жыйынтыгы мыйзам чегинде кабыл алынып, мандаттар берилет. Баштапкы жыйынтык боюнча айрым айылдарда депутаттардын 50% аялдар түзүп калды. Буга канааттанбаган эркектер нааразылык билдирип жатышат. Бирок мыйзам деген мыйзам, ал аткарылышы керек».

Активист, Каракол шаардык кеңешинин эки жолку чакырылышындагы депутат Бейшенбек Сабатаров аял кишилердин кеңеште болушу жакшы көрүнүш экенин айтып, бирок аларды тандоодо айрым бир критерийлер болушу керек деп эсептейт:

«Мыйзамга ылайык ар бир үчүнчү депутат аял болушу керек. Тилекке каршы, бизде капчыгына карап соодада жүргөн, ишкерлик менен алектенген аялдар депутат болууда. Кээ биринин мыйзам тууралуу түшүнүгү жок, кээ бири жергиликтүү башкаруу тармагында бир дагы күн иштеген эмес. Ошондуктан алардын билими, иш тажрыйбасы каралышы керек деп эсептейм. Аялдардын айрымдары депутаттык мандатка ээ болгондон кийин өзүнө тиешелүү иштерди бүтүрөт да, ошо менен токтоп калат. Алар "депутаттык жумушту алып кете аламбы, колуман келеби?" деген сыяктуу суроолорго башын оорутпайт».

Жергиликтүү кеңеште депутаттардын 30% аялдар түзүшү керек деген мыйзам 2019-жылы кабыл алынган. Анын негизинде Ысык-Көл облусунун Саруу жана Тоң районунун Кажы-Сай айыл аймагында биринчи жолу шайлоо өтүп, депутаттык мандатка ээ болгон аял талапкерлер көбүрөөк болгон. Бирок жаңы мыйзамга нааразы эркектер президентке кайрылуу жасап, аялдардын кеңеште көп болушуна каршы чыккан.

«Билимдүү аялдар мандат алды»

Саруу айылдык кеңешинин төрайымы Айнур Оморова ал окуядан кийинки кырдаал тууралуу буларды айтты:

Айнур Оморова
Айнур Оморова

«Биз алгачкы жолу 30% деген квота менен эки жыл мурун шайлоого бардык. Мыйзам августта кабыл алынган, шайлоо сентябрда болду. Анын жыйынтыгы менен кеңештин 42% аялдар түздү. Ошол учурда эркектер мыйзамды толук түшүнүүгө жетишпей калып нааразылык жаралган. Себеби, аз добуш алган аял андан көп добуш алган эркектерге караганда мандат алганына айрым мырзалар каршы чыккан. Президентке чейин кайрылуу жасап, мыйзам жакпай жатканын айтышкан эле. Азыр кеңеште 21 депутат бар, алардын тогузу - аял. Кеңеште мырзалар менен тең таймашып иштеп жатабыз. Аял кишилер социалдык маселелердин чечилишине, аялдардын, балдардын укугуна көп көңүл бурат. Анын ичинде билим берүү жааты да бар, биз депутат болгонубузга өкүнбөйбүз. Мисалы, кечээги шайлоодо Кызы-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешине депутаттыкка талапкер болгон аялдарды биз колдоп жаттык, жыйынтыгында чынында активдүү, жаны тынбай калк үчүн иштейм деген билимдүү аялдар мандат ала турган болгону бизди кубантты».

БУУнун сунушу менен Кыргызстандын мыйзамдарына «башкаруу органдарында гендердик тең салмактуулук сакталып, жалаң бир жыныстуу эмес, 30 пайыз аялдар же эркектер иштеши керек» деген норма кирген. Жергиликтүү кеңештерди шайлоо жөнүндө мыйзамга ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Мындай эреже быйыл жергиликтүү шайлоолордо алгачкы ирет колдонулду.

Учурда 420 айылдык кеңешке бөлүнгөн 7 560 депутаттык мандаттын 2 900ү аялдарга тиешелүү.

Ысык-Көлдө 61 айыл өкмөттүн 59унда жана үч шаарда жергиликтүү кеңешти шайлоо өттү. 59 айылдык кеңештеги 959 мандатка 1995 киши өз талапкерлигин көрсөткөн, алардын ичинен 593 - аялдар.

XS
SM
MD
LG