Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:19

Бишкек: Утулган партиялардын нааразылыгы


Акциядан бир көрүнүш.
Акциядан бир көрүнүш.

Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо 7 пайыздык чектен өтө албай калган сегиз партиянын өкүлдөрү Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдында ачкачылык жарыялашты.

Алар шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, добуш берүүнү кайра жарыялоону талап кылышууда. Ал арада добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо салган «Kloop.kg» сайтынын өкүлдөрү шайлоо жана референдумдагы мыйзам бузуу боюнча маалымат базасын коомчулукка жарыялады.

"Коммунисттердин" жүйөсү

Ачкачылык акциясынын катышуучулары Боршайкомдун алдына чатыр тигиле турганын Бишкектин Свердлов райондук администрациясына алдын ала билдиришкен. Бирок митингге тыюу салуу боюнча соттун чечими менен келген милиция кызматкерлери чатырды алып салышты.

“Кыргызстан коммунисттери” партиясынын өкүлү, ачкачылык кармап жаткан Амантур Манапбаевге милиция кызматкерлерине баш ийбегени үчүн 3 миң сом айып пул салынды.

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

“Кыргызстан коммунисттери” партиясынын лидери Исхак Масалиев муну жарандардын конституциялык укуктарын чектеген мыйзамсыз чечим катары баалады. Масалиев ден соолугуна байланыштуу ачкачылык кармаган эмес.

“Ишенимдүү түрдө жеңишке жеттик деп бир да жолу айткан жокпуз. Өзүбүзгө тийиштүү добушту алдык. Жакшы иштей албадык, аны мойнубузга алабыз. Бирок шайлоо добуштарды сатып алуу менен коштолуп, анын жыйынтыгын жокко чыгарыш керек. Кайра шайлоо өткөрүш керек. Бул жерде социал-демократтарга окшоп "бизге бергиле, буларды кубалагыла" деген туура эмес. Ал эми кийинки күрөштө коммунисттер жеңеби же социал-демократтар жеңеби, ким жеңсе ошолор болушу керек. 15 курулуш компаниясынын ээлери Бишкекти кармап алганына макул эмесмин”.

Акциянын катышуучулары үч күн ачкачылык жарыялап, андан ары мөөнөтсүз митинг башталарын айтышты. Аларга азырынча Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү чыга элек.

Мыйзам бузуулардын ачык базасы

"Клооп медиа" уюмунун 3 миңге чукул байкоочусу жергиликтүү шайлоо жана референдумдун жүрүшүнө байкоо салган. Анын жыйынтыгында өлкө боюнча 800гө чукул мыйзам бузуу катталган. Алар автоматтык эсептөөчү үкөктүн бузулушун жана туура эмес колдонулушун, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн мыйзам бузуусун катташып, үгүттөө, шайлоочулардын жеке маалыматтарын топтоо жана добушун сатып алуу фактыларына күбө болушкан. Далилдер, фото жана видеого түшүрүлүп, шайлоо күнү эле социалдык тармактарга жарыялана баштаган.

Учурда мыйзам бузуулардын ачык базасы түзүлүүдө. Арыздарды партиялар, талапкерлер, шайлоо штабдары же байкоочулар да берип, базаны толуктай алышат. Байкоочулар адилеттүүлүктү орнотуу үчүн база менен таанышуу жетишсиз деп эсептеп, алардын негизинде арыздарды жазып, алгач аймактык шайлоо комиссиясына, андан кийин Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырмай болушту.

“Клооп медиа” уюмунун өкүлү Найзабек Мукамбетов буларды айтты:

“Аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн аракеттери мыйзамсыз болуп, алар алдамчылыкка барышса, ал комиссиянын таркатылышын талап кыла аласыз. Бул учурда алар кийинки шайлоодо иштей албай калат жана келечекте шайлоо процесси ачык-айкын болот. Буга кошумча добуш сатып алуу, бюллетендерди тутамдап үкөктөргө салуу жана башка олуттуу мыйзам бузуу байкалган шайлоо участкаларында шайлоо жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кыла аласыз”.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын башчысы Кайрат Маматов мыйзам бузуу боюнча арыздар каралып жатканын айтты:

“Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына учурда "Клооп медиадан", партиялардан арыздар түшүп жатат. Тергөө органдары да өз маалыматтарын бериши керек. Мыйзам бузуу боюнча бардык арыздар каралып жатат. 2-майга чейин убактыбыз бар. Эгер мыйзам бузуу далилденсе, ошол шайлоо тилкесинин жыйынтыктары жокко чыгарылат, талапкерлерге жаза колдонулат. Эгер "Клооп медиа" текшерүүнүн жыйынтыктарына макул болбосо, анда Борбордук шайлоо комиссиясына кайрыла алат”.

13-апрелде сегиз партия президентке, БШКга, Башкы прокуратурага кайрылуу жолдошкон. Алардын арасында «Бүтүн Кыргызстан», «Тынчтык», «Жашылдар партиясы», «Коммунисттер партиясы», «Социалисттик партия», «Улутман», «Улуу журт» партиялары бар. Бул партиялар алардын ар биринен бирден-экиден өкүл ачкачылык акциясына катышарын билдиришкен.

11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча референдум өттү. Ага жалпы тизмедеги шайлоочулардын 37% катышканын Боршайком кабарлаган. Анын ичинен 79% Конституциянын жаңы редакциясын колдоп добуш беришкен.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова эгерде кайсы бир шайлоо тилкесинде эреже бузуу аныкталса ал жердеги добуштардын жыйынтыгы жокко чыгарыларын, партиялар менен талапкерлерге да чара көрүлөрүн билдирген.

XS
SM
MD
LG