Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:14

Ошто шайлоонун жыйынтыгына нааразылар митингге чыгышты


Ош шаарынын борбордук аянтына 6 партия өкүлдөрү митингге чыгышты
Ош шаарынын борбордук аянтына 6 партия өкүлдөрү митингге чыгышты

Ош шаарынын борбордук аянтына 22-апрелде шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен алты партиянын өкүлдөрү митингге чыгышты.

"Бүтүн Кыргызстан", "Улуттар Биримдиги", "Бир Бол", "Улуу Журт", "Республика" жана шайлоого катышпай калган "Тилектештик" саясий партияларынын жүздөй тарапташы чогулду.

Митингге чыккандар шайлоодо административдик ресурс колдонуп, добуш сатып алууга барган партияларды шайлоого катыштырбоону да талап кылышты.

21-апрелде Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыгын жарыялаган. Анда аймактык комиссиясынын төрагасы Рысбек Нурдинов шайлоодо олуттуу мыйзам бузуу катталбаганын айткан.

Ош аймактык шайлоо комиссиясы шайлоодогу мыйзам бузуу тууралуу 105 арызды каттаган, "Ата-Журт Кыргызстан" менен "Ишеним" саясий партияларынан бирден талапкерин шайлоодон четтеткен.(MrA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG