Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:52

Тогуз партия «Ата-Журт Кыргызстанды» Ташиевге байланыштырды


«Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын лидери Айбек Маткеримов жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев. Сүрөт 2020-жылы «Мекенчил» партиясынын курултайында тартылган.
«Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын лидери Айбек Маткеримов жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев. Сүрөт 2020-жылы «Мекенчил» партиясынын курултайында тартылган.

Кыргызстандагы тогуз партия «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын бардык шаарларда өткөн шайлоолор үчүн каттоосун жана добуштарын жокко чыгарууну талап кылып чыкты.

Алар партия мурда башкача аталышты алып жүргөнүн, мыйзамсыз атын өзгөртүп алганын билдиришүүдө. Мыйзамга ылайык, саясий уюм шайлоого алты ай калганга чейин катталышы керек. Буга байланыштуу «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын жана Борбордук шайлоо комиссияларынын жүйөсү башкача.

Каттоого байланыштуу доомат

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын ишмердүүлүгүнө карата «Улуу Журт», «Айкөл Кыргызстан», Коммунисттер партиясы, «Улукман», ДДК, «Бүтүн Кыргызстан», «Бийлик элге», «Жашылдар» жана «Тынчтык» партиялары нааразылык билдирип чыкты. Тогуз саясий топтун жетөөнүн өкүлдөрү 20-апрелде басма сөз жыйынын өткөрүп, кеп болуп жаткан партиянын шайлоодогу каттоосун жокко чыгаруу талабын коюшту.

«Айкөл Кыргызстан» партиясынын төрагасы Бакыт Керимбеков өз билдирүүлөрүнө мындайча жүйө келтирди:

Даттанган партиялардын өкүлдөрү.
Даттанган партиялардын өкүлдөрү.

«Борбордук шайлоо комиссиясы «Ата-Журт Кыргызстан» 1999-жылдын 22-сентябрында катталган деп маалымат берип жатат. 1999-жылы мындай аталыштагы партия болгон эмес, анын аты-жыты да жок болчу. Ал анда “Эл биримдиги” деп аталган. Быйыл 26-февралда кайрадан каттоодон өтүп туруп катышты деп жатышат. Жок, «Ата-Журт Кыргызстан» деген партия бул жаңы партия. Ал эми жаңы партия шайлоого алты ай калганга чейин каттоодон өтпөшү керек болчу».

Коомчулукта «бийликчил» деп мүнөздөлүп келаткан «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы ушул жылдын 26-февралында, же кезексиз курултайга чогуларга эки күн калганда Юстиция министрлигинен кайра каттоодон өткөн. Анын мурдагы ээси Замирбек Эсенаманов болсо, жаңы төрага катары Айбек Маткеримов аттуу жаран алмашканы маалымдалган. Бирок анда партиянын мурдагы аталышы башка экени айтылган эмес эле.

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы мурда шайлоого катышпагандыктан аны азыркы президент Садыр Жапаров жана Улуттук коопсуздук комитетинин учурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдер негиздеген «Ата-Журт» партиясы менен байланыштырып чыгышкан.

«Улуу Журт» партиясынын өкүлү Анарбек Катаганов буларга токтолду:

Шайлоого байланыштуу Ош шаарында нааразылыкка чыккандар. 12-апрель, 2021-жыл.
Шайлоого байланыштуу Ош шаарында нааразылыкка чыккандар. 12-апрель, 2021-жыл.

«Камчыбек Кыдыршаевич «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен байланышым жок деп айтып жатат. Бирок “Эл биримдиги” партиясы өзүнүн жобосу жоголуп кеткенин маалымдап, Юстиция министрлигине кайрылышса, ошол эле күнү кайра каттоодон өтүп калып жатат. Алардын негизги документи жок болуп жатат, аны калыбына келтириш керек, ага убакыт керек. Муну кантип чечсе болот? Же пара бериш керек, же жогору жактан чалып чечиш керек».

Бул жагдайга байланыштуу Юстиция министрлигинен түшүндүрмө алууга мүмкүн болгон жок.

Борбордук шайлоо комиссиясынын юристтери «Эл биримдиги» партиясы «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы болуп кайрадан катталышында мыйзам бузуу жок экенин белгилеп жатышат.

Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов мындай дейт:

Кайрат Маматов.
Кайрат Маматов.

«Кайра каттоо деген бул саясий партиянын шайлоого катышуусуна чектөө киргизбейт. Атын өзгөртсө болот, лидерин алмаштырса болот, саясий кеңешинин курамын жаңыласа болот, кыскасы партияларда толук укук бар. Болгону шайлоого чейин алты ай мурун каттоодон өткөн болушу керек. А бул жерде «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы «Эл биримдиги» деген ат менен 1999-жылы, дээрлик 22 жыл мурда катталган болуп жатат».

11-апрелдеги шайлоонун датасы жылдын башында, 8-февралда аныкталган. Демек, мыйзамга ылайык, шаардык кеңештерге катышуучу партия 2020-жылдын 8-августуна чейин каттоодон өтүшү керек эле.

Ташиевдин атына байланган партия

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы 11-апрелде өткөн шайлоодо жалпы 28 шаардык кеңештин 21ине ат салышкан. Анын көбүндө 7% чектен өтүп, жеңишке жеткен. Бишкекте 4-орунду алса, Ош шаарында 1-орунда келген.

Жаңы түзүлгөн партиянын мындай ийгилиги башка партиялардын арасында күмөн саноолорду жаратууда. Бишкекте жана Ошто шайлоого катышкан бир нече партия «Ата-Журт Кыргызстан» административдик ресурсту колдонгон деп эсептеп жатышат.

«Кыргызстан коммунисттери» партиясынын өкүлү Амантур Манапбаевдин оюна орун берели:

Бишкектеги партиялардын нааразылыгы. 11-апрелдин кечи.
Бишкектеги партиялардын нааразылыгы. 11-апрелдин кечи.

«Шайлоонун алдында, «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын тизмеси түзүлүп жаткан маалда, «биз бийликтин партиясыбыз, Жапаров менен Ташиевдин партиясыбыз» деп, талапкерлерди өзүнө тартышкан. Шайлоо күнү да ушул ыкманы колдонуп добуш алышты. Муну шайлоого катышкан партиялар да, саясатты кичине түшүнгөн киши да билет», - деди ал.

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын «бийликчил» деп мүнөздөлүшүнө бир нече негиз бар. Анын ичинде партиянын жаңы лидери Айбек Маткеримов жыйынтыгы жокко чыгарылган былтыркы парламенттик шайлоодо Камчыбек Ташиев жетектеген «Мекенчил» партиясында талапкер болгон. Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев болсо «Ата-Журт Кыргызстандын» атынан Жалал-Абад шаардык кеңешине талапкер катары кирген.

Бул жагдайларга байланыштуу атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиев маектеринин биринде төгүндөө жасап, партияга тиешеси жоктугун айткан.

Партиялардын билдирүүлөрүнөн кийин «Азаттык» Айбек Маткеримовдун өзү менен байланышып, комментарий алды:

Айбек Маткеримов.
Айбек Маткеримов.

«Эми ар ким ар кандай ой айта берет экен да. Каттоого байланыштуу тиешелүү органдардан сураңыздар, Борбордук шайлоо комиссиясы бар, Юстиция министрлиги бар. Биздики туура эмес болсо, ошолор жооп беришсин. Ал эми партияга «Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар» деген сөз бул жөн гана куру доомат. Ооба, мен былтыр «Мекенчил» партиясы менен шайлоого барганым чын. Аны танбайм. Ал убакта бирге болчубуз, азыр Камчыбек Кыдыршаевичтин кайсы кызматта иштегенин билесиздер. Сүрөткө да ошол шайлоо учурунда түшкөм, анда менден башка да канча адамдар сүрөткө түшкөн. Бирок биз бул шайлоодо өз алдыбызча катыштык. Биздин партия эч кандай административдик ресурс колдонгон жок, эч кимдин таасирин да пайдаланган жок».

Айбек Маткеримов өзү азыр Жалал-Абад облусунун Сузак райондук ооруканасында төрөт бөлүмүн жетектей турганын, ал эми партияны анын талапкерлери өздөрү каржылаганын кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров өзү негиздеген «Мекенчил» партиясы шаардык кеңештердин жана парламенттик шайлоосуна катышпай турганын быйыл 24-февралда Москвада кыргызстандыктар менен жолугушуу учурунда кабарлаган. Ал мындай чечимге административдик ресурс колдонууга байланыштуу бийликке айыптоо болбош үчүн келгенин айткан эле.

Бирок ага карабай коомчулукта кайрадан түкшүмөл ойлор жаралды. Талдоочу Абдыкайым Кангелдиевдин сөзүн берели:

Абдыкайым Кангелдиев.
Абдыкайым Кангелдиев.

«Жаңы бийлик келгенден кийин элде шайлоолор, анын ичинде жергиликтүү кеңештерге шайлоо таза өтөт деген үмүт бар эле. Бирок шаардык кеңештердин шайлоосунда үгүт башталган учурда эле, шайлоо күнү да добуш сатып алуу, басымдар, административдик ресурстарга байланыштуу даттануулар көп болду. Далилдер, фото-видеолор сайттарга, социалдык түйүндөргө чыгып жатты. Бирок бийлик тараптан ага жетиштүү чара көрүлбөй калды. Мына ушул жагдайлар жана кайрадан эле олигархтардын, бийликке ыктаган партиялардын утуп чыгышы элдин үмүтүнө суу сепкендей болду».

11-апрелде Кыргызстанда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланды. 28 шаарда шайлоого 59 партия катышты. Бишкекте 45 мандатка 25 партия ат салышып, алардын алтоо жети пайыздык чектен өтө алды. Борбордо добуш сатып алды деген айыптоого байланыштуу босогодон өткөн ЭДПК партиясынын добуштары жокко чыгарылды.

Акыркы эсептерди Борбордук шайлоо комиссиясы 2-майга чейин чыгарышы керек.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG