Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 05:03

«Бийлик Матраимовду жоопко тартууга кызыкдар эмес»


Илья Лозовский

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бошотулушу тууралуу анын ишмердигин “Азаттык” жана “Клооп” медиасы менен чогуу иликтеген “OCCRP” уюмунун улук редактору Илья Лозовский маек берди.

- Илья, Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары бошотулуп, ага ачылган кылмыштуу кирешени адалдоо боюнча иш токтотулду. Матраимовдун күмөндүү ишмердигин иликтеп келе жаткан журналисттердин бири катары соңку жаңылыкты кандай кабыл алдыңыз?

- Биз көптөгөн журналисттик иликтөөлөрүбүздө Матраимовдун күмөндүү бажы схемаларга аралашканын, анын үй-бүлөсү айлыктарына дал келбеген эсепсиз байлыкка ээ экенин бышыктаган абдан көп далилдерди тапканбыз. Матраимов Кыргызстандагы бажы инфраструктураларын колго алып, аны өз пайдасына колдонгонун, анын үй-бүлөсүнүн Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөдө да кыймылсыз мүлкү бар экенин аныктап чыкканбыз.

Кыргыз бийлигинин “эч нерсе тапкан жокпуз” деп аны абактан бошоткону алардын коррупцияга каршы күрөшүнөн күмөн санатат. Жемкорлук – Кыргызстандагы, өзгөчө ушул таптагы маанилүү көйгөй.

Былтыр талаштуу парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылганын билебиз. Себеби эл шайлоодо добуш сатып алуу сыяктуу бир топ мыйзам бузуу болгонун түшүнгөн. Матраимов көзөмөлдөгөн саясий партия шайлоодо марага экинчи болуп келген. Мындай жагдай элдик толкундоолорго жол ачпадыбы. Анын натыйжасында Кыргызстанда жаңы президент шайланды.

Бул кыргыз элинин жемкорлукка каршы күрөшүү талабы күчтүү экенин күбөлөп турат. Сурамжылоолор коррупция кыргыз элин эң ойлондурган маселелердин бири экенин көрсөтүүдө. Жаңы президент, жаңы администрация “мурдагыларынан өзгөчөлөнөбүз, тазаланабыз” деп бийликке келген. Бирок Кыргызстандагы эң таасирдүү мурдагы аткаминердин бошотулушун көрүп, “ага каршы коррупциялык иликтөөлөргө олуттуу мамиле жасалды” деп айта албайбыз.

- Сиз айтып өткөндөй, “Азаттык” радиосу, OCCRP жана “Клооптун” биргелешкен иликтөөлөрү Матраимовдун үй-бүлөсү Дубайда кымбат пентхауска ээлик кыларын, Матраимовдун аялы бул шаарда жер тилкелерин сатып алууга аралашканын ачыкка чыгарган. Бирок Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети бир нече өлкөгө жөнөтүлгөн өтүнүчтүн негизинде Матраимовдун чет жактагы мүлкү табылбаганын билдирди. Коопсуздук комитети ал мүлктү расмий өтүнүч жөнөтүү жолу менен аныктай алат беле? Мүлктү табууга мүмкүн беле?

- Айтыш кыйын. Биз иликтөөбүздө көңүл бурган Дубай шаарында кыймылсыз мүлктүн тизмеси ачык эмес. Керек болсо биз Матраимовго таандык мүлктү аныктоо учурунда расмий документти ала алган эмеспиз. Бирок биз журналисттик иликтөөнүн башка ыкмаларын колдонгонбуз. Алардын арасында коомчулукка ачык чыгып кеткен маалымат базасы бар эле.

Натыйжада биз бир топ убакыт мурда Матраимовдун аялы Дубайда курулуп жаткан имаратка инвестиция салганын, кеминде бир үйгө ээлик кыларын аныктаганбыз. Ошондой эле биз алардын Дубайдагы люкс классындагы пентхаус батирин да таап чыкканбыз. Социалдык тармактардагы сүрөттөр Матраимовдун үй-бүлөсү бул батирде жашаганын анык көрсөтүп турат. Үй-бүлөнүн балдарын баккан аялдын кымбат батирдин бөлмөлөрүн камерага тартып, сүрөттөп берген видеосун да тапканбыз. Ал бул батирге “анын кожоюну ээлик кыларын” так айткан.

Биз Дубайдын расмий бийлигинен документ ала албасак да, бул мүлктөргө Матраимовдун үй-бүлөсү ээлик кыларын так көрсөтүп бергенбиз. Андан бери кожоюндар алмашышы деле мүмкүн. Себеби Кыргызстанда аткаминерлер кыймылсыз мүлкүн проксилерге же өздөрүнө түз тиешеси жок үчүнчү тараптарга каттаткан учурлар көп кездешет. Матраимов Кыргызстанда ушундай аракеттерге барганын да билебиз.

Андыктан биз иликтөөлөрүбүздү жарыялагандан бери ал мүлктөр кагаз жүзүндө башкага таандык болуп калышы мүмкүн. Бул “Дубайдын бийлигинен маалымат алдык, расмий түрдө Матраимовдун аты ал документтерде жок, андыктан ал кожоюн эмес” деген шылтоолорго себеп болушу ыктымал.

Бул жоромол гана. Бирок териштирүү иштеринин маңызы “Матраимовдун азыркы тапта кыймылсыз мүлкү барбы?” деген эле суроодо эмес. Кеп мыйзамсыз баюу тууралуу жүрүп жатат. Биз Матраимовдун фонду көмүскөдөгү аткезчилер түйүнүнөн акча алганын, андан көп жол менен пайдага туйтунганын, ал дале бажы бизнеси менен алек болоорун, анын байманалуу жашоосу алган айлыгына эч дал келбей турганын айдан-ачык көрсөтүп бергенбиз. Ал байлыгын көбөйтүү үчүн өз ыйгарым укуктарын кыянат пайдаланганы толук аныкталган.

Эгер бийлик иштин чектелүү бир тарабын гана иликтеген болсо, анда “иш жыйынтыкталды, мыйзамсыз эч нерсе жок” деп айтып коё алат. Бирок биздин иликтөөнү окугандар же Матраимовдун ишин билгендер мындай маалыматтан шектенбей койбойт.

Соңку жагдай бийлик аны жоопко тартууга кызыкдар эместигин көрсөтүп жатат. Анткени ал өлкөдөгү эң таасирдүү адамдардын бири. Иликтөөлөрүбүздө көрсөткөнүбүздөй, ал акчасын байлыгын көбөйтүү үчүн гана эмес, саясий таасирин күчөтүү үчүн да колдонгон. Октябрь айындагы шайлоо муну бышыктап койду. Мыйзамсыз байлык менен саясий таасирдин биригиши абдан кооптуу.

Бул Кыргызстандагы саясий маселелердин өзөгүн түзөт. Эрежелерге баш ийбеген кубаттуу оюнчулар кирешеге туйтунуу менен тим болбой, жазасыз калуу үчүн саясатка таасир көргөзүүгө аракет кылышат. Эгер Кыргызстан бул маселени чечпесе, жок дегенде чечүүгө кадам таштабаса, анда балким силерде ыңкылаптар кайталана бериши мүмкүн, жаңы Конституциялар кабыл алына бериши мүмкүн.

Эгер жаңы администрация Кыргызстандагы саясатты жана бизнести тазалап чыккысы келсе, анда бул маселелерге олуттуу мамиле кылышы керек. Бирок мындай болбой жатат.

- Улуттук коопсуздук комитети Матраимовдун мүлкү тууралуу Кытайга, Түркияга, Европага жана бир катар башка өлкөлөргө расмий өтүнүч жөнөткөнүн билдирип жатпайбы. Иликтөөдө жана расмий пресс-релизде сөз болгон Америка, Кытай сыяктуу өлкөлөр Матраимовдун келишимдерин же турак жайларын табышууга кызыкдар болушу мүмкүнбү?

- Менимче, ар бир өлкөгө жараша болот. Матраимов АКШда санкцияга кабылган. Андыктан Кошмо Штаттарда кимдир бирөө аны коргоого кызыкдар деп айта албайм. Орусия үчүн деле аны коргоого себептер жок деп ойлойм.

Матраимовдун Кытай менен байланышы бар. Себеби ал кызматташкан Абдукадыр үй-бүлөсү Кытайдан чыккан жана алардын Кытайда бизнеси көп. Бул жакта жаап-жашырууга негиз болушу мүмкүн.

Дубай болсо бул маселелерде ачык-айкын эмес. Бул шаар чет өлкөлүк байларга акчасын кыймылсыз мүлккө салууга мүмкүнчүлүк берүү менен чоң киреше табат. Андыктан баары өлкөгө жараша.

Биз Матраимовдун дүйнө жүзүндөгү кыймылсыз мүлк империясынын толук масштабын билбейбиз деп ойлойм. Биз анын өнөктөштөрүнүн – Абдукадыр үй-бүлөсүнүн Европадагы жана Британиядагы айрым мүлкүн тапканбыз. Матраимовдор алар аркылуу башка өлкөлөрдө да кыймылсыз мүлккө ээ болушу мүмкүн деп ойлойм. Аларды өз атына жаздырбаса да, үй-бүлө мүчөлөрүнө же үчүнчү кишилерге жаздырышы мүмкүн.

Башка өлкөлөр жардам беребиз десе да, бул ишке аралашкан бардык оюнчуларды билбеши мүмкүн. Андыктан алар кыргыз бийлигинин жардамына муктаж. Айрым өлкөлөр башкаларына караганда жардам берүүгө көбүрөөк же азыраак кызыкдар болушу мүмкүн. Кандай болсо да кыргыз укук коргоо органдары чечкиндүү аракет көрүшү керек. Андайды азырынча көрө албай турабыз.

- Жаңы бийликтин өкүлдөрү жана Матраимовдун тарапташтары ал коррупциялык жолдор менен мамлекетке келтирилген 2 миллиард сом чыгымды төлөп бергенин белгилеп жатышпайбы. Матраимовдун ишмердигинин масштабын билген адам катары айтсаңыз, анын ишин ушундай жол менен же ушунча суммадагы акча менен чечсе болобу?

- Кызыктай бир жагдай түзүлдү. Ал прокурорлор менен ушундай макулдашууга барды. Бирок Матраимов күнөөсүн толук мойнуна алып-албаганы да белгисиз. Ошентсе да ал акча берүүгө, же акчасынын бир бөлүгүн берүүгө макул болду.

Бирок соттук отурумдарды уксаңыз, чыгым кандай эсептелгени түшүнүксүз. Эгер соттун чечими жок болсо, канча акча төлөш керектигин кантип билишет? Мага прокурорлор сумманы анын сөзүнүн негизинде гана эсептеп койгондой сезилди. “Мен мынча акчаны мыйзамсыз жол менен таптым, мына алгыла, мен бошондум” дегендей таасир калып жатат. Бул мыйзам үстөмдүгүнүн принциптери колдонулбаганын көрсөтүүдө. Ал өз демилгеси менен өз эркиндигин сатып алгандай туюлат.

Дагы бир кызык жери, ал сөз болуп жаткан 24 миллион доллардын баарын накталай акча менен төгүп берген жок. Алардын бир бөлүгүн акча менен, бир бөлүгүн Кыргызстандагы турак жайлары менен төлөп берди. Биздин соңку иликтөөбүз ал үйлөрдүн көбү Совет доорунда курулган эски турак жайлар экенин көрсөттү.

Биринчиден, бул объекттердин баасы кандай аныкталганы белгисиз. Баасы ошончо экенин ким билет? Экинчиден, өкмөт бул батирлерди эмне кыларын, ал турак жайлар эмне үчүн компенсациянын бир жолу экенин түшүндүрө элек. Маселен эгер ал кылмыш кылганын мойнуна алса, эмне үчүн накталай акча төлөп бербейт?

Бирок таң калычтуу бир жагдай бар. Матраимов ал батирлерди мамлекетке өткөрүп берер алдында эле сатып алган экен. Алар Матраимовго узак убакыттан бери таандык үйлөр эмес. Бирок анын Дубайдагы, Кыргызстандагы башка мүлкүн көрсөтүп бергенбиз. Алар кыйла жакшы, кымбат турак жайлар болчу. Бирок Матраимов аларды мамлекетке өткөрүп берген жок.

Ал кандайдыр бир жол менен колуна тийген эски батирлерди берди. “Эгер ал бул батирлерди сатып алган болсо, анда ал эмне үчүн ошол акчаны эле мамлекетке төгүп берген жок? Ал үйлөрдү эмне үчүн мамлекетке берер алдында сатып алды?” деген суроолор бар. Матраимов эски батирлерден башка бир чоң имаратты – Бишкектеги “Эльдорадо” соода борборун өткөрүп берди. Бул борборду ага бир тууганы берген. Ал эми соода жайы анын бир тууганынын колуна кантип тийгени да шек жаратат.

- Биргелешкен журналисттик иликтөөнүн башкы булактарынын бири Айеркен Саймаити 2019-жылы Стамбулда киши колдуу болгону белгилүү. Ал Кыргызстандагы уюшкан кылмыштуу топтордун аны коркутуп жүргөнүн айтканы бар. Аны өлтүрүүгө ким буйрук бергенин аныктоо мүмкүнбү? Бул маселеде Бишкек менен Анкаранын ортосунда кандайдыр бир кызматташтык байкалабы?

- Так айтуу кыйын. Анын өлүмү боюнча иликтөө жүргүзүп көрдүк. Жагдай бүдөмүк. Түркия расмий түрдө Саймаитини исламчыл экстремисттер өлтүрдү деп айтып жатат. Буга бир аз ишенүү кыйын. Тергөөнүн корутундусу ачык жарыялабагандыктан так кесе бир нерсе деп айта албайбыз. Андыктан аны өлтүрүүгө ким буйрук бергенин билбейбиз.

Саймаити коркуп жүргөнүн ачык айткан. Ал Матраимовдун үй-бүлөсү, алар менен кызматташкан Абдукадыр үй-бүлөсү тууралуу сөз кылган. Матраимов миллиондордун Кыргызстандан чыгарылып кетишинен пайдага туйтунган Абдукадырлардын орусча айтканда “крышасы” болчу.

Мындан тышкары Матраимовдун белгилүү кримтөбөл Камчы Көлбаевге байланышын ишарат кылган жагдайлар да бар. Биз Матраимовдун аялы Ысык-Көлдүн жээгиндеги Камчы Көлбаевге таандык деген комплексте эс алганын аныктап чыкканбыз. Бул ортодо кандайдыр бир байланыш бар экенин каңкуулап турат. Саймаити да муну бир нече жолу баса белгилеп айткан. Саймаитини ким өлтүрткөнүн билбейбиз.

Бирок Матраимовдун уюшкан кылмыштуу топтор менен ыктымал байланышты тууралуу кабарлар тынчсыздандырат. Бул маалыматты ачык чыгарам деген адамдардын өлүмгө кириптер болгону да таң калычтуу эмес. Бул жагдай да Кыргызстан мыйзам үстөмдүгүнө муктаж экенин айгинелеп турат. Бийлик мындай окуяларды тыкыр иликтеп чыгышы керек. Мыйзамды бузгандар канчалык бай болсо да, канчалык байланыштары көп болсо да жоопко тартылышы керек. Бирок Кыргызстанда мындай болгон жок.​

- Матраимовдун жакындары жана тарапташтары мурдагы бажычы негизсиз айыптоого кабылып жатканын айтып, аны элге жардам берген адам катары мүнөздөп келишет. Бирок Матраимов АКШдагы “Магнитский” санкциялык тизмесине кошулганы белгилүү. Матраимовдун бошотулушу тышкы дүйнөгө кандай белги бериши мүмкүн?

- Бул Кыргызстанда жемкорлук толук иликтенбей жатканын, мындай аракеттер жазасыз калып жатканын көрсөтөт. Кыргызстан бир топ элдик толкундоолорду жана бийлик алмашууну баштан өткөрсө да кедей өлкө бойдон кала берүүдө. Жемкорлуктун тамыры кыркылбаса, саясий туруктуулук болбойт, жакырчылык азайбайт жана экономика өспөйт.

Кыргызстан дүйнөлүк аренада алдыга жылып жаткан, мыйзам үстөмдүгүн карманган, бизнеске адилеттүү мамиле жасаган өлкө катары кабыл алынбай калат. Бул Кыргызстандын эли үчүн жаман.

Албетте, жемкорлукка барган оюнчулардын мыйзамсыз иштерин аныктап, аларды жоопко тартууга үндөп туруу маанилүү. Бирок мунун эл үчүн мааниси эмнеде? Кыргыз эли өз укуктары сыйланган, саясий басым жок жана кылмышкерлер таасир этпеген шартта ишкерчилик менен алектенгенге татыктуу. Бирок саясий системаны коррупция башкарса, анда мындай болбойт. Бул өкүнүчтүү.

Пикирлерди көрүңүз (13)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG