Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:41

УКМК Матраимовду абактан чыгарып, ишин тергөөнү токтотту


Райымбек Матраимов
Райымбек Матраимов

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата сотко чейинки териштирүүнү токтотуп, аны камакка алуу тууралуу бөгөт чарасын жокко чыгарды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетин төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга айыпталып камалган Райым Матраимовдун абактан бошотулганы боюнча "Азаттыкка" буларды айтты:

«"Азаттыктын" жана Али Токтакуновдун иликтөөсүнүн негизинде бизге "Матраимовдун чет жактарда мүлкү бар, ошону караган жоксуңар" деген дооматтар айтылган. Биз аны качырбоо үчүн кармап, камадык. КМШ өлкөлөрүнүн баарына, Кытайга, Түркияга, Араб Эмираттарына жана башка бардык чет өлкөлөргө суроо-өтүнүч жиберип, Райымбек Матраимовдорго таандык мүлктөр бар-жоктугун аныктоого көмөктөшүүнү суранганбыз. Ал өлкөлөрдүн баарынан бизге "Райымбек Матраимовго жана анын жакындарына таандык бир да мүлк жок" деген маалыматтар алынды. Ошондон кийин гана биз ишти токтотуп, аны чыгарууга мажбур болдук».

- Сиздер мыйзамсыз кирешелерди адалдоо боюнча иш козгогонсуздар да?

- Ооба. Ошол козголгон кылмыштын негизинде жанагы суроо-өтүнүчтү жибердик да.

- Матраимовдун ишинин токтотулуусу УКМКнын коррупцияга каршы ишмердигине көлөкө түшүрөт деген пикирлер арбын айтылып жатат?.

- Биз адам укугу деген негизде иштедик. Адамды биз себепсиз кармап, камап койсок, эртең жооп берүүгө туура келет. Эгерде биздин сурообузга жок эле дегенде бир мамлекеттен оң жооп болуп, Матраимовдорго таандык мүлк бар экени аныкталган болсо, биз ошол негизде жоопко тартсак болмок. Бүгүнкү күнү аны жоопко тартууга эч кандай негиз жок болгондуктан, аны кое берүүгө мажбур болдук.

"Журналисттердин материалдарында келтирилген жүйөлөр ырасталган жок жана тергөөгө далилдер табылган жок" деген атайын кызмат Матраимовду 2021-жылдын 18-февралында кылмыштуу кирешени легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармап, камакка алган. Ал Бишкектеги №47 колонияда кармалып турган.

Атайын кызмат бул сотко чейинки териштирүүнү баштоого “Азаттык” радиосунун Матраимовдун Дубайда кымбат мүлкү бар экендиги тууралуу журналисттик иликтөөсү негиз болгонун кошумчалады жана ал "өз ыктыяры менен баасы 20 млн сомдон жогору, жалпы аянты 232,3 чарчы метрлик батирин мамлекеттин бюджетине өткөрүп бергенин" белгиледи.

Эгерде Матраимовдун чет мамлекеттерде кымбат баалуу кыймылсыз мүлкү бар экендиги аныкталса тергөө иштери улантыларын УКМК 15-февралда билдирген.

Райымбек Матраимов жана анын адвокаты, жакындары УКМКнын соңку чечими тууралуу азырынча үн ката элек.

Юрист Нурбек Токтакунов УКМКнын Матраимовго байланыштуу чечимин сындады:

“Чет жактагы мүлкү тууралуу далилдер толтура, журналисттердин иликтөөсү жетиштүү болчу. Тапкан акчасы расмий тапкан акчасынан эселеп көп болуп жатпайбы. Андай акчаны табуу үчүн бажыда миң жыл иштеш керек болчу. Мыйзамсыз баюу менен эле жоопко тартылыш керек эле. Түшүнүп баштадыңар да, менимче азыркы бийликтеги топтун демөөрчүсүнүн бирөө Раим Матраимов. Ал эми өткөндө элдин жини келип жатканда "токтото туралы" деп эле камаган. Эми бошотконго убакыты келди, конституция өттү эми ханституция башталды”.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 11-февралдагы отурумунда Райымбек Матраимов Жазык кодексинин “Коррупция” деген 319-беренесинин биринчи бөлүгү боюнча айыптуу деп табылып, жаза чарасы тергөө менен кызматташуу тууралуу келишимге ылайык 260 миң сомдук айып пул деп чегерилген.

Матраимов өзү сотто көрсөтмө берип жатып күнөөнү моюнуна аларын айткан.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Дастан Бекешевдин пикиринде, атайын кызмат Матраимов түптөгөн "бизнести" толук иликтеп-тергеген жок:

“Мүлктөрүн журналисттер көрсөткөн. Ошону жакшылап изилдесе болмок. Башка мамлекеттерде мүлкү жок болушу мүмкүн, бирок Дубайда аялына катталган мүлк бар экени көрсөтүлгөн да. Керек болсо журналисттик иликтөөнү алып ошонун негизинде караса болмок. Чет өлкөдөгү мүлктөрдү гана эмес Кыргызстандагы мүлктөрүн кантип алган, бизнестерин кантип түптөгөн изилдеш керек болчу”, - деди Бекешев.

Ал эми мурдагы премьер-министр, экс-депутат Феликс Кулов атайын кызматтын Райымбек Матраимовдун ишин тергөөнү токтотуу тууралуу чечиминен улам мындайча комментарий берди:

"Элде “Раим милллион” деп ар кандай ой бар. Бирок, мыйзамга караш керек. Адамды көп нерсеге айыптаса болот, бирок, жыйынтыгында далил барбы, караш керек. Демек далил таппаса, чечим мыйзам негизинде кабыл алынды. Бул актоо, жактоо эмес”.

Талдооочу Нурсултан Акылбек Матраимовдун акталышын бийлик менен соодалашуу менен байланыштырды:

“Менимче, бул референдумга байланыштуу. Матраимовду камоо менен бийлик элдин көңүлүн алгандай эле болуп калды. Референдум өттү. Улуттук коопсуздук комитети кылмыш ишин козгогондо чет жерде кыймылсыз мүлкү бар, акчаны адалдаган, кылмыштуу жол менен табылган акчаны легализация кылды деген айыптарды койбоду беле? Эми кайра бошотуп жиберип жатпайбы. Бул бийлик менен Матраимовдун ортосунда келишим бардыгын анык көрсөтүп койду. Жапаров менен Жээнбековдун айырмасы жок деле калды. Биз эми мурдатан эле айтып келгенбиз. Азыр анын эң жакын тарапташтарында деле иллюзия калган жок”, - деди талдоочу.

Ал эми акыйкатчы Токон Мамытов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти Райымбек Матраимовго карата козголуп, кайра жабылган иш тууралуу коомчулукка кеңири маалымат берүүгө чакырды.

“Материалдарды жарыкка чыгарса. Эмненин негизинде, кайсы жерден кандай жооп келген? “Азаттык” радиосунун кабарчылары 15-20 суроо коюп кетишкен. Ошолорго жооп берип, ачык жарыялап койсо кооомчулук чийки май жегендей сезимде болбой, ишенип калат эле. УКМК эң биринчи ушуну жакшы ойлонуп, коомчулукка жарыялап койсо бүт суроолорго жооп алынып, маселе жабылат деп ойлойм”, - деди Мамытов “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” көрсөтүүсүндө сүйлөп жатып.

УКМК Матраимовду алгачкы жолу 2020-жылдын 17-октябрында кармап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.

Ошол эле күнү мекеме кылмышка шектүүнү үй камагына чыгарып, муну мамлекетке келтирилген 2 миллиард сом чыгымды төлөп берүү жөнүндө убадасы менен негиздеген. Кийинчерээк Матраимов белгиленген сумманы төлөп бүткөнү жарыяланган.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан.

Бул иликтөөлөрдү Райымбек, Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд каралоо деп эсептеп, сотко кайрылышкан.

АКШнын Финансы министрлиги былтыр декабрда Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитский акты» деп аталган«кара тизмеге» киргизген.

Коррупцияга каршы күрөшкө элдин баасы жана сыны
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:33 0:00

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG