Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:08

Матраимов иши: Жарандык коомдун реакциясы


"Акыйкаттык үчүн" акциясынын катышуучулары, 14.02.2021
"Акыйкаттык үчүн" акциясынын катышуучулары, 14.02.2021

“Акыйкаттык үчүн” деп аталган тынчтык маршынын катышуучулары бул жекшембиде да темир жол бекетинин алдына чогулушту.

Алардын көчөгө чыгышына Биринчи май райондук сотунун 11-февралдагы Райымбек Матраимовго байланыштуу чечими себеп болгон. Сот Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басарын “Коррупция” беренеси боюнча айыптуу деп таап, тергөө менен кызматташуу тууралуу келишимге ылайык, 260 миң сомдук айыппулга жыккан. Акциянын катышуучулары соттун чечими адилеттүү болбой калды деп эсептеп, мурдагы бажычынын камалышын талап кылышты.

“Биз элдин активдүү катмарыбыз. Биздин моюнубузда чоң милдет турат. Качан гана жарандар мамлекетке көзөмөл кылганды билгенде өлкө өнүгөт", - деди жарандык активист Улан Үсөйүн.

Акциянын катышуучулары Эркиндик бульвары менен Ала-Тоо аянтына чейин жөө жүрүш жасап, “Райым камалсын!”, “Акыйкаттык орносун” деген ураандарды чакырып келишти.

Бажыдагы транс-улуттук аткезчилик схемаларын иликтеген долбоордун авторлорунун бири, көз карандысыз журналист Али Токтакунов мындай дейт:

Али Токтакунов
Али Токтакунов

“Кара-Суудагы бажы терминалы "Авто Экспресс Инвест", Канттагы терминал болсо "ЮниЛаб" деген аталыш менен катталган. Алардын Матраимов менен байланыштуу ээлери өзгөргөн жок. Андан тышкары Матраимовдун жүк ташыган компаниялары да иштеп жатат".

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 11-февралда чыгарган өкүмү күчүнө кире элек. Прокуратура же айыпталуучу тарап өкүмгө каршы 30 күндүн ичинде арызданса болот. Азырынча Башкы прокуратура арыз жазаар-жазбасын айта элек.

Матраимов же анын адвокаттары коомчулукта кызуу талкууга жем таштаган сот чечимине комментарий бере элек. Анын жакындары менен байланышууга да мүмкүн болбой жатат.

Президент Садыр Жапаров 13-февралда «Кабар» улуттук маалымат агенттигиндеги маегинде Матраимов маселесине токтолуп, иш "бул бойдон калбайт" деди.

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Матраимов тергөө менен кызматташуу деген берененин негизинде күнөөсүн моюнуна алып, 2 миллиард сомдон ашуун акча төгүп берген. Бул бир эле эпизод менен. Кечээ сот ошол эпизод менен 260 миң сом айыппул салып, чечим чыгарган экен. Соттун ишине кийлигишпейбиз. Мага УКМКнын берген маалыматы боюнча кошуна өлкөлөргө, Дубайга кандай операцияларды жасаганы жөнүндө, банктык эсептери жана мүлкү боюнча суроо салып, кат жөнөтүшкөн экен. Алардын жообу келсе иш уланат. Бул бойдон калбайт”.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда Бишкекте уюштурган басма сөз жыйынында Матраимовго дагы жаңы кылмыш иши ачылганын билдирген.

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун ысымы коомчулукка 2017-жылдан бери айтылып, кийин журналисттер бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан.

Экс-бажычыны жоопко тартуу талабы мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун учурунда да коюлуп, “REакция” деп аталган митингдер өтүп турган.

Коомдук ишмер Каныбек Осмоналиев жаңы бийликтен көп нерсени талап кылууга али эрте экенин айтып, жарандык коомдун өкүлдөрүн сабырдуулукка үндөп жатат:

Каныбек Осмоналиев
Каныбек Осмоналиев

“Садыр Жапаров калың элдин колдоосу менен президент болду. Бул жерде саясий партиялардын, саясий күчтөрдүн ролу болгон жок. Ошол эле учурда эл андан көп нерсени күтүп жатат. Андыктан кээ бир адамдарга чыккан сот чечими нааразы пикирди пайда кылып жатса керек. Бирок сабыр кылалы. Дүйнөлүк практикада 100 күн деген түшүнүк бар. Матраимов бир эле эпизод менен жоопко тартылды да. Азыркы бийлик ишенимдүү кадамдарды жасап жатат. Биз күтүшүбүз керек”.

Экс-бажычы былтыр 20-октябрда кармалып, ошол эле күнү мекеме кылмышка шектүүнү үй камагына чыгарып, муну мамлекетке келтирилген 2 миллиард сом чыгымды төлөп берүү жөнүндө убадасы менен негиздеген. Былтыр жылдын аягына чейин ал белгиленген сумманы төлөп бүткөнү жарыяланган.

АКШнын Финансы министрлиги былтыр декабрда Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан Тургунованы «Магнитский акты» деп аталган «кара тизмеге» киргизген.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG