Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:26

«Ала-Арчадагы» ак сарайдын таржымалы


Factcheck.kg порталы Матраимовдордун “хан сарайы” деген видео жарыялады.
Factcheck.kg порталы Матраимовдордун “хан сарайы” деген видео жарыялады.

Жергиликтүү “FactCheck.kg” порталы «Кыргыз бажысынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнө таандык “хан сарай”»деген видео жарыялады. Анда Бишкектин тоо тарабындагы бир гектар жерди ээлеген заңгыраган үч үйдүн тарыхы баяндалат.

“FactCheck.kg” порталынын жети жарым мүнөттүк иликтөөсүндө Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына канаатташ жайгашкан, эл арасында «VIP шаарча» деп аталган конушта бир гектардай жерге салынган үйлөр жөнүндө көрсөтүлөт.

Журналисттер иликтөөсүн заманбап технологиянын жардамы менен тартылган сүрөттөргө жана Мамлекеттик каттоо кызматынын расмий сайтындагы ачык маалыматтарга таянып даярдашкан.

Расмий каттоодо сөз болуп жаткан үйлөрдүн бири 2012-2019-жылдары Райымбек Матраимовдун маркум апасы Апиза Матраимовага таандык болуп турганын аныкташкан.

Дагы бир үй Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун атына жазылган.

Иликтөөчүлөр бул VIP-райондогу турак жайдын баасы асман чапчый турганын белгилешип, көз жоосун алган үйлөрдү дүйнөнүн ири шаарларындагы архитектуралык курулуштарга салыштырышкан.

Журналисттер "мамлекеттик кызматта иштеген адам мынча байлыкты кайдан тапкан?" деген суроо койгон.

Иликтөөнүн алып баруучусу Актилек Капаров буларды айтты:

«Биз тарткан үйлөр Матраимдорго таандык экени буга чейин эле белгилүү болгон. Биз болгону айрым фактыларды эле таап чыктык. Интернеттеги “Google Жер” интерактивдүү сайты аркылуу акыркы беш жылда ал жердеги үйлөр кандай өзгөргөнүн карап чыктык».

“FactCheck.kg” порталы сөз болуп жаткан үйлөр былтыр 27-ноябрда Нурлан Акматовдун менчигине өткөнүн жазышты.

Акматов Евразия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлү. Буга чейин социалдык тармактарда Акматовдун Райымбек Матраимов менен жакындыгы жөнүндө көп эле айтылып, тоодо чогуу эс алып жүргөн сүрөтү да тараган.

Акматов 2007-жылдан 2010-жылга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болгон. Андан кийин "Манас" эл аралык аэропортунда, "Газпром нефть Азия" компаниясында жооптуу кызматтарды аркалаган. Аны менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Ошол эле учурда Матраимовдор да бул тууралуу комментарий бере элек.

Саясат талдоочу Мүсүркул Кабылбеков мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп байыган аткаминерлер Кыргызстанда жаңылык болбой калганына токтолду.

Мусүркул Кабылбеков.
Мусүркул Кабылбеков.

«Бул көрүнүш Кыргызстандын бийлик системасын уяткарат. Эгер мындай үйлөрдү белгилүү жеке ишкерлер курса түшүнөт элек. Бирок өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп кымбат “хан сарай” салса бүдөмүк ойго жетелейт. Бирок жакында Райымбек Матраимовду кармашпадыбы. Балким анын мүлктөрүн таап чыгып, “мыйзамсыз баюу” беренеси менен мүлкүн конфискация кылышат».

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн журналисттик иликтөөлөрдө Матраимов кыргыз бажысында аткезчилик менен алектенген транс-улуттук схема түзгөнүн бетин ачкан.

Журналисттер мурдагы бажычынын өлкө ичиндеги жана четтеги мүлкүн таап, кантип империя түзгөнүн ийне-жибине чейин иликтеген.

2018-жылдын декабрында ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков «Азаттыктын» иликтөөсүндөгү Матраимов жана анын байлыгы тууралуу фактылар териштирилерин, Финансы полициясына тапшырма берилгенин айткан. Бирок андан эч кандай майнап чыкпаганы коомчулуктун кыжырын келтирген.

Матраимовдор журналисттик иликтөөлөрдү алардын "үй- бүлөсүн жана Ысмайыл Матраимов атындагы фондду каралоо" деп эсептеп, сотко кайрылышкан.

Былтыр парламенттик шайлоого Матраимовдордун “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен катышкан ишкер Кылыч Исамамбетов "элге туура маалымат жетпей жатат" деп эсептейт.

Кылыч Исамамбетов.
Кылыч Исамамбетов.

«Бул жерде бир журналист эле айтып койду деп ызылдап жатышат. Мамлекетте андан чоң күч бар. Тийиштүү органдар текшерип, күнөөлүүлөрдү табышы керек эле. Бирок кийинки күндөрү бирөө бир нерсени айтып койсо эл оокатын кылбай эле бири-бирин аңдып калды. Эл эки жаатка бөлүнүп калды. Кайсы маалыматка ишенерин билишпейт. Буга укук коргоо органдары чекит коюшу абзел. “Factcheck” порталы айткан үй Кыргызстанда эле болуп жатпайбы. Аны аныктап коюу оңой да. Башка мамлекетте болсо түшүнөт элек».

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов алардын үй-бүлөсүнүн дарегине коюлуп жаткан айыптарды четке кагып келген.

Сөз эркиндиги: коррупция менен кол тийбестиктин чеги
please wait

No media source currently available

0:00 1:11:44 0:00


20-февралда Райымбек Матраимов "кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга" шек саналып кармалып, соттун чечими менен эки айга камалды.

11-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту Матраимовду «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал Бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып, мамлекеттик казынага 2 млрд. сом төлөп берген.

Матраимовго чыккан соттун чечими жарандык коомдун нааразылыгын жаратып, 14-февралда Бишкекте мурдагы бажы кызматкерин камакка алууну талап кылган акция өткөн.

АКШнын Каржы министрлиги былтыр декабрда Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан Тургунованы «Магнитский актысы» деп аталган «кара тизмеге» киргизген.

XS
SM
MD
LG