Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Август, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 04:37

Бажычыларды айыпка жыккан талаштуу өкүм


Иллюстрациялык сүрөт.

Тергөө менен кызматташуунун негизинде Райымбек Матраимов менен мурдагы эки бажыкана башчысы бири-бирине каршы көрсөтмө берип, жазасы жеңилдетилгени белгилүү болду.

Сот аларга зыяндын ордун төлөгөнү үчүн жаза катары 260 миң сомдон айыпка жыккан. Соттун бул өкүмдөрү коомчулукта эки ача пикир жаратты.

Башкы прокуратура алар тергөө менен кызматташуу тууралуу макулдашууга ылайык, мыйзам талап кылган жазага тартылганын жүйө келтирди.

Айрым коррупциялык иштерди тергөөдө кызматташтык боюнча макулдашуу орунсуз түзүлүп, жазадан куткарбоо жана кылмышка жазанын ылайыктыгы сыяктуу укуктун негизги принциптери бузулуп жатканы айтылууда.

11 миң сомдук телефон уурдоонун жазасы

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 27-январдагы өкүмүнө ылайык, Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы башчысы Нурлан Ражабалиев коррупцияга байланыштуу айыптуу деп табылып, 260 миң сомдук айыпка жыгылды.

5-февралда ушул эле иш боюнча айыпталган Түштүк-Чыгыш бажысынын мурдагы башчысы Абдыбахаб Боронбаев да күнөөсүн моюнуна алып, ал да 260 миң сом айыпка жыгылган. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы 16-февралда маалымат таратты.

Бул экөө тең мурда тергөө менен кызматташып, бажыдан транзиттик жүк өткөрүүдө өөнөлгөн акчанын ордун толтуруш үчүн Ражабалиев 12 млн. сом, Боронбаев 8 млн. сом акча каражатын бюджетке төгүп берген.

Тергөө аныктагандай, алар бул иштерди Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен чогуу жасашкан. 11-февралда өткөн сот ишинде ага да 260 миң сом айып салынып, анын эч жакка чыкпоо тууралуу бөгөт чарасы алынган.

Юрист Замир Жоошев бул коррупциялык иш үчүн чегерилген жазаны майда уурулук үчүн колдонулган жаза менен салыштырып, төмөнкүдөй мисал келтирди:

«260 миң сомдук айып пул - ушундай жаза кимдерге колдонулат? Жазык кодексинин 200-беренеси - бул «Уурулук» беренеси. Эгерде кайсы бир адам наркы 10 миң сомдон жогору турган, тагыраагы 11 миң сомдук телефон уурдап алса, ал эки жылга чейинки эркинен ажыратылат. Бирок эгерде ал биринчи жолу кылмыш кылса, айыбын мойнуна алса, анын жоопкерчилигин жеңилдетүүчү шарттар бар болсо, анда сот ага ырайым кылып, 11 миң сомдук телефон уурдаганы үчүн ошондой 260 миң сом айыпка жыкса болот. Эми салыштырып айта турган болсок, эгерде мамлекетке, коомго өтө чоң зыян келтирип, өзгөчө оор кылмышка - жемкордукка байланыштуу шек саналган адам тууралуу сөз болуп жатса, анда тергөөчү менен мамлекеттик айыптоочу анын жазасын ошого жараша аныкташы керек. Бул сотто 260 миң сомдон айыпка жыгууну караган жазаны Матраимовго жана аны менен кошо башка бир эки бажыкана башчысына колдонушуптур. Бул - мамлекетке жасалган кыянаттык».

Адатта, мыйзам боюнча ири өлчөмдөгү акчалай айып салуу аркылуу зыяндын өлчөмүнө жараша же андан бир канча эсе көп сумма өндүрүп алуу практикасы бар. Бул коррупциялык иштин алкагында тергөө менен кызматташтык боюнча макулдашуунун шарттары кандайча иштелип чыкканы белгисиз. Анткени Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов былтыр 20-октябрда кармалып, ошол эле күнү үй камагына чыгарылып, буга анын тергөө менен кызматташууга барганы негиз болгон. Анын бирден-бир себеби катары Матраимовдун мамлекетке тийгизген 2 миллиард сомдук зыяндын ордун төлөп берүүгө милдеттенме алганы белгилүү.

Райымбек Матраимов айыбын мойнуна алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:50 0:00

Мамлекеттик айыптоочу сотто Райымбек Матраимов тергөө менен кызматташтык тууралуу макулдашуунун шарттарын толук аткарып, коюлган айыпты моюнга алып, иштин жагдайлары тууралуу көрсөтмө бергенин жана келтирилген зыяндын ордун толук төлөгөнүн билдирген. Бирок анда тергөө маалында келтирилген зыяндын орду кандай эсептелгени жана жаза катары 260 миң сом айыпка жыгуу кайсы критерийлердин негизинде тандалганы айтылган эмес.

Ошондуктан айрым юристтер бул иште жазадан куткарбоо жана зыяндын өлчөмүнө жараша жазага тартуу принциби бузулганын айтышууда.

«Айып пулдун өлчөмү - мыйзамда каралган эң жогорку жаза чарасы»

Бирок башкы прокурордун биринчи орун басары Нуркамал Набиев тергөө менен кызматташтыкка ылайык, кылмышка шектүүлөргө айып пул чегерип, анын өлчөмүн аныктоодо Жазык жана Жазык-процессуалдык кодекстеринин талаптары так сакталганын билдирди:

«Эми бул айтылган эсептер - мурдагы Кылмыш-жаза кодекси, мурдагы Кылмыш-жазык процессуалдык кодексте каралган эски түшүнүктөр. Ал эми 2019-жылы күчүнө кирген кодекстерде айыпка жыгуу башкача тартипте каралып калган. Буга прокурорлор күнөөлүү эмес. Ал кодекстерди прокурорлор жазышкан эмес. Ал эми мыйзамда беренелерге карата айып салуунун өлчөмү так көрсөтүлүп турат. Аталган берене боюнча андан жогору өлчөмдө айыпка жыгуу каралган эмес. Айып пулдун максималдуу өлчөмү да ошондой. Тергөө менен кызматташтык боюнча макулдашууда келтирилген эсептер акчалай айып пулдун өлчөмдөш чени катары эң жогорку жаза болуп жатат».

Тергөөнүн айыптоо корутундусунда бажыкананын мурдагы башчылары Нурлан Ражабалиев менен Абдыбахаб Боронбаев бул коррупциялык схеманы Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен чогуу түптөшкөнү тууралуу тергөөгө көрсөтмө беришкени белгиленген. Райымбек Матраимов да мурда кол астында иштеген бул эки жетекчиге карата көрсөтмө бергени соттун жүрүшүндө белгиленген. Анда ал сотто бажы тармагына келтирилген зыян катары мамлекеттик бюджетке 2 млрд. сомду акчалай жана кыймылсыз мүлк түрүндө төлөп бергени көрсөтүлгөн.

Мыйзам жылчыгынан пайдалануунун амалы

Юрист Клара Сооронкулова бири-бирине каршы көрсөтмө алып, аны «тергөө менен кызматташтык» деп атаган мыйзамдык жылчыкча жазаны жеңилдетиш үчүн гана колдонулган деген ойдо турат. Анын айтымында, соттун жыйынтыгында бул «тергөө менен кызматташтык» жаңы далилдерди табууга жана иштин орчун жагдайларына укуктук баа берүүгө өбөлгө түзгөн эмес.

Клара Сооронкулова
Клара Сооронкулова

«Булардын түшүнүгү боюнча аталган кылмышты ачууга жардам болгону үчүн жазага тартууда ошондой жеңилдиктер берилди дейли. Эгерде тергелип жаткан кылмыш иши аябагандай чырмалышкан татаал иш болсо, анын бетин ачуу кыйын болсо, коррупциялык жол менен алынган далил буюмдар өтө бекем жайга жашырылган болсо, ага тиешеси бар башка адамдарды таба албай жатса, анда тергөөчү айыпталуучуга тергөө менен кызматташууну сунуш кылып, анын ордуна жазасын жеңилдетүүгө убада берет. Анан бул жерде каяктан ошондой макулдашуу болду дейсиң? Бардыгы ачык эле турбайбы. Иштин фигуранттары 40ка чукул адам болсо, негизги жоопкер тарап анык болуп турса, бул кылмышты ачканга эч кандай деле кыйынчылык жок эле да. Ошондуктан бул жерде кылмыш ишинин фигуранттарынын жоопкерчилигин жеңилдетиш үчүн бири-бирине каршы көрсөтмө ала коюп, аларды катаал жазадан куткаруунун эле амалы болду. «Тергөө менен кызматташуу» деген түшүнүк укуктук жактан маңызы боюнча мындай шартта колдонулбайт. Бирок бизде ошентип колдонууга мыйзамдык жылчык калып калган. Ошону пайдаланып жатышат», - деди ал.

Бул иште мамлекеттик айыптоочу катары сүйлөгөн прокурор Орозбек Бердибаев 11-февралдагы сотто Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 2015-2017-жылдар аралыгында Түштүк-Батыш жана Түндүк-Чыгыш бажыларынын башчылары Нурлан Ражабалиев жана Абдыбахаб Боронбаев менен кошо иш алып барып, туруктуу коррупциялык схеманы түзгөнүн билдирген.

Айыптоо корутундусунда Кытайдан чыккан транзиттик жүктү Өзбекстанга жана Тажикстанга ылдам тариздеш үчүн товардын түрүнө жараша, ар бир фурадан орточо 500дөн 1000 долларга чейин алынып, аталган жүк ташуучу автоунаалар чек арадан тоскоолдуксуз өткөрүлүп турганы көрсөтүлгөн.

Биринчи май райондук сотунун Нурлан Ражабалиевге, Абдыбахаб Боронбаевге жана Райымбек Матраимовго карата сот өкүмдөрү 30 күндөн кийин күчүнө кирет.

Башкы прокурордун биринчи орун басары Нуркамал Набиев айыптоону моюнга алып, зыяндын орду төлөнүп, тергөө менен кызматташтык болгон шартта сот өкүмүнө каршы апелляциялык даттанууга болбой турганын билдирди:

«Ушул топтогулар схема болгонун моюнга алып, анын үстүндө берки адам турганын тастыктап беришти. Тергөө менен кызматташуу боюнча макулдашуу деген мыйзамда көрсөтүлгөн талап. Алар макулдашуу түзгөн да. Жазык-процессуалдык кодекстин талабы боюнча алар макулдашуу түзгөндөн кийин аларга карата чыккан өкүмдөргө каршы даттанууга болбойт. Макулдашууга ылайык соттун тартиби ушундай каралат. Прокурордун сотто сүйлөгөн сөзү тергөө менен кызматташуу тууралуу макулдашуунун шарттары сакталды же бузулду деген эле позицияда болот. Жазык-процессуалдык кодексти карасаңар, анда тергөө менен кызматташуу боюнча макулдашуунун тартиби толук берилген. Анда бекитилген шарттарды кийин сотто эч ким ары-бери кыйшаңдата албайт. Эми ал ишти башка жагынан карап көрсө болот».

Зыянды эсептеген прокурордун кызыкчылыгы

Тергөө ишине тиркелген бажы декларацияларынын маалыматтары боюнча, 2015-жылдын январь айынан тартып 2017-жылдын декабрына чейин Кыргызстандын аймагына «Эркечтам» бажы өткөрмөсү аркылуу транзиттик режимде 16 761 жүк ташуучу машине өткөн. «Ар бир машинеден орточо 860 доллардан алынып турган» деп жыйынтык чыгарган прокурор Орозбек Бердибаев аны жалпы өткөн фуранын санына кошуп, Матраимов 2 млрд. сом, ал эми Боронбаев 8 млн. сом, Ражабалиев болсо 12 млн. сом мыйзамсыз акча алган деген тыянакка келген.

Factcheck.kg интернет-басылмасы Матраимовдун ишинде мамлекеттик айыптоону колдогон прокурор Орозбек Бердибаевдин кылмышка шектүүгө карата кызыкчылыктар кагылышы бар экенин таап чыкканын жарыялады.

Интернет-басылманын журналисти Актилек Капаров мындай шартта ал бул иште мамлекеттик айыптоону колдоого укугу жок болчу деп эсептейт.

«Прокурор Орозбек Бердибаевдин бир тууган агасы Алмаз Бердибаев буга чейин Кыргызстандын Түштүк-Батыш бажысында иштегенин биздин өздүк булактар аркылуу билдик, - деди ал. - Баса, тергөө менен кызматташтык тууралуу макулдашууда Райымбек Матраимов дал ошол Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы башчысына карата көрсөтмө бергени сотто белгилүү болгон. Алмаз Бердибаев азыр Бишкектеги бажы каттоо борборунда иштейт. Бул жерде кызыкчылыктар кагылышы ташка тамга баскандай көрүнүп калды. Мыйзамда «эгерде кызмат адамынын же анын жакын тууганынын каралып жаткан ишке карата жеке кызыкчылыктары болсо, анда ошол ишке анын көзөмөл жүргүзүүгө укугу жок» деп так жазылган».

Коррупцияга каршы күрөш жана Матраимов иши
please wait

No media source currently available

0:00 1:04:08 0:00

Ал эми башкы прокурордун биринчи орун басары Нуркамал Набиев аталган иштеги кылмышка шектүү менен мамлекеттик айыптоочунун ортосунда кызыкчылыктар кагылышы тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес деген ойдо. Ал прокурордун жазаны жеңилдетүүгө кызыкчылыгы болсо да ал тергөө менен кызматташтык тууралуу макулдашуудан чыга албай турганын айтты:

«Анын бул иште эч кандай жеке кызыкчылыгы жок. Анын кызыкчылыгы болгон күндө да анын мыйзамдын талабын аткаруудан башка жолу жок. Иштин фигуранттары менен анын жакын байланышы жок. Биз аны бул маалымат 3-4 күн мурда айтылганда эле териштирип чыкканбыз. Алардын кандайдыр бир жакын мамилеси бар экени аныкталган эмес. Мамлекеттик айыптоону колдогон прокурор мыйзамда белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде, мыйзамдын талабы боюнча өзүнүн прокурордук милдеттерин гана аткарды».

Соттон кийин Райымбек Матраимов ага карата өкүм тууралуу комментарий берүүдөн баш тарткан. Буга чейин болсо Матраимовдун бир тууган агасы, парламент депутаты Искендер Матраимов иниси үч жылдан бери кызматта иштебей турганын белгилеп, анын дарегине айтылган дооматтарды «курулай каралоо» катары четке каккан.

Тергөө менен кызматташуунун шарттары

Сот Райымбек Матраимов боюнча өкүм күчүнө киргенде анын эч жакка чыкпоо тууралуу тилкатын жокко чыгаруу, сотко чейинки териштирүү учурунда камакка коюлган кыймылсыз мүлкү менен банк эсептеринен бөгөттү алып салуу тууралуу анын адвокатынын өтүнүчүн канааттандырган.

Адвокат Мадина Ниязова сотто айыпкер тергөөдөгү милдеттенмелерин толук аткарганын эске салган:

«Бул сот жараянында мамлекеттик айыптоо тарабынан айыпталуучунун сотко чейинки териштирүүгө жана кылмышты иликтеп, фактылардын бетин ачууга, Ражабалиев менен Боромбаев жөнүндө билдирүүлөргө көмөктөшкөн фактылары, 2 млрд. сом зыянды төлөгөнү ырасталганына көңүлүңүздөрдү бурайын дедим эле. Мындан сырткары тергөө менен кызматташтыктын жүрүшүндө 2 млрд. сомдон башка Ражабалиев менен Боромбаев ар бири ылайыгына жараша 12 млн. сом жана 8 млн. сом төлөп берген. Ошентип Матраимовдун тергөө менен кызматташуу боюнча макулдашуусунун шарттары толугу менен аткарылды».

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев былтыр 24-декабрда Матраимов түзгөн схемалар аркылуу Кытайдан Кыргызстандын аймагына кирген ар бир автоунаадан 500 доллардан 3 миң долларга чейин акча алынып турганын айткан. Ташиев бажыдагы жемкорлукка байланыштуу 38 киши шек саналып, анын ичинен 10 адам кармалып кайра коё берилгенин, калгандарынын иши тергелип жатканын кошумчалаган. Бирок ал адамдардын азыр канчасы бажыда иштеп жатканы же кызматтан кеткени белгисиз.

Шашылган сот өкүмү

Юрист Замир Жоошев бир кылмыш эпизоду боюнча 40тай кишинин иштери сотто толук каралып бүтө электе Райымбек Матраимовдун ишин карап, анын бөгөт чараларын алып салуу туура эмес деген оюн ортого салды:

Замир Жоошев
Замир Жоошев

«Бул иште Райымбек Матраимов менен бирге дагы 40тай киши өтүп жатат. Ошол кишилердин иштери сотто каралып бүтмөйүнчө, Райымбек Матраимов сотто күбө катары келип көрсөтмө бермейинче ага карата ишти бүтүрбөш керек эле. Ал тергөөдө айткандарын сотко келип ырастап берген соң анын иши каралып, тергөө учурунда өзүнө алган милдеттенмелери кандай аткарганын карап чыгып, анан макулдашууга ылайык, мамлекеттик айыптоо жеңилдик сураса, сот ошондо да өкүм чыгарууда мыйзамда каралган тартипте жазага тартышы керек болчу».

УКМК эгерде Райымбек Матраимовдун чет мамлекеттерде кымбат баалуу кыймылсыз мүлкү бар экени аныкталса, тергөө иштери кайра улантыларын билдирди.

2019-жылдан бери «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги биргелешип бажыдагы миллиондор тууралуу бир топ журналисттик иликтөөлөрдү жарыялашкан. Анда Райымбек Матраимовдун жубайына таандык экени айтылган чет өлкөлөрдөгү мүлкү тууралуу фактылар ачыкка чыккан. АКШнын Финансы министрлиги былтыр декабрда Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнит актысы» деп аталган «кара тизмеге» киргизген.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG