Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:13

Ташиев: Матраимовдун ишинде документтерге гана ишенем


Ташиев: Матраимовдун четтеги мүлкү табылган жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:48 0:00

Ташиев: Матраимовдун четтеги мүлкү табылган жок

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга айыпталып камалган Райымбек Матраимовдун абактан чыгышы боюнча "Азаттыкка" түшүндүрмө берди.

- “Азаттыктын” жана журналист Али Токтакуновдун иликтөөсүнүн негизинде бизге "Матраимовдун чет жактарда мүлкү бар, ошону караган жоксуңар" деген дооматтар айтылган. Биз аны качып кетпесин деп камоого алдык.

КМШга кирген өлкөлөргө, Кытайга, Түркияга, Араб Эмираттарына жана башка мамлекеттерге суроо-өтүнүч жиберип, Райымбек Матраимовго таандык мүлк бар-жогун аныктоого көмөктөшүүнү суранганбыз. Ал өлкөлөрдүн баарынан бизге "Райымбек Матраимовго жана анын жакындарына таандык бир да мүлкү жок" деген маалыматтар келди. Ошондон кийин гана биз ишти токтотуп, аны чыгарууга мажбур болдук.


- Силер мыйзамсыз кирешелерди адалдоо боюнча иш козгогонсуңар да туурабы?

- Ооба, ошол козголгон кылмыш ишинин негизинде суроо-өтүнүчтү жибердик да.

- Матраимовго козголгон ишти токтотуу УКМКнын коррупцияга каршы ишмердигине көлөкө түшүрөт деген пикирлер айтылып жатат.

- Биз адам укугу деген негизде иштедик. Адамды себепсиз кармап, камап койсок, эртең жооп берүүгө туура келет. Эгерде биздин сурообузга жок эле дегенде бир мамлекеттен оң жооп болуп, Матраимовго таандык мүлк бар экени аныкталса, ошонун негизинде жоопко тартсак болмок. Бүгүнкү күнү аны жоопко тартууга эч кандай негиз болбогондуктан, аны коё берүүгө мажбур болдук.

- Эми Матраимов маалымат каражаттарына же Али Токтакуновго каршы арызданабы? УКМКнын аракети кандай болот?

- Мен аны билбейм. Арызданабы же жокпу, ал өзүнүн иши. Эч нерсе айта албайбыз.

- Райымбек Матраимов Кыргызстандагы эң бай адамдардын бири. 2 миллиард сом да төктү. "Чет мамлекеттерде мүлкү жок" дегенге өзүңүз ишкер катары ишенесизби?

- Мен документтерге гана ишенем. Бизге акыркы маалымат бир жума мурда Дубайдан келди. Бардык мамлекеттердин жооптору расмий болду, биз аларга ишенебиз.

- Матраимов менен чогуу кырк чакты бажы кызматкери суралып жаткан эле. Алардын иши кандай болду?

- Ошол кырктай адамдын 15 чактысы акча төлөп чыгышты. 5 миллиондон 50 миллион сомго чейин акча төлөп чыгышты.

- Депутат Дастан Бекешев сиздерди "Матраимов менен келишип алган, бул жөн эле коомчулук алдындагы спектакль" деп айтты. Буга кандай жооп бересиз?

- Жооп бербейм. Депутат оозуна келгенди сүйлөй берет.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG