Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 03:56

«Кустуруу» иши: Жумалиев мамлекетке заводун берди 


Коллаж.

Коррупцияга айыпталган парламент депутаты Кубанычбек Жумалиев мамлекетке 1 миллиард сомдук мүлкүн өткөрүп берип, эч кайда кетпөө жөнүндө тилкат менен бошотулду.

Кылмыш иши козголуп, мамлекетке ири суммадагы каражат төккөндөрдөн Жумалиев жалгыз эмес. Бийликтин мурдагы аткаминерлерди камап, ири суммадагы акча өндүргөн саясаты коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратууда.

Жумалиевдин 1 миллиардга бааланган заводу

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) коррупцияга шек саналып кармалган мурдагы премьер-министр, Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев 1 миллиард сомдон ашык акчага бааланган коммерциялык активдерин жана кыймылсыз мүлкүн мамлекетке өткөрүп бергенин билдирди.

Атайын кызмат мындан улам Жумалиевдин жаш курагын жана ден соолугун эске алуу менен эч жакка кетпөө шарты менен бошотуу өтүнүчүн сотко жөнөткөн.

12-апрелде Биринчи май райондук соту УКМКнын өтүнүчүн канааттандырып, Жумалиевди бошотту.

Азырынча Жумалиевдин кылмыш ишинин чоо-жайы жөнүндө маалымат бериле элек. Депутаттын Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарына жакын цемент заводу 1 млрд. сомдой акчага бааланып, мамлекетке өткөрүлөрү кабарланды.

Жумалиевдин адвокаты Майрамбек Жумабеков бул маалыматты тастыктады.

«Азыр соттун токтому жок, өкүмү болушу керек болчу. Сот күнөөлүү деп таап, мамлекетке келтирген чыгым текшерүүнүн жыйынтыгы менен аныкталып, имаратыңды же мүлкүңдү бер деген өкүм болушу керек. Ошондо баары мыйзамдуу болот. Бул жерде мыйзам жок эле мынча төлө деп жатат. Бөгөт чарасын карап жатканда ал киши дагы айтты. “Мен кайсы жаранга же мамлекетке канча зыян келтирдим, төлөп берейин. 10 млн. десеңер 10 млн., 20 десеңер 20 же имарат берейин” деген. Канчалык зыян келтиргенин сураган. Ага карабай прокурор, сот камап салган», - деди адвокат.

Адвокат Майрамбек Жумабековдун айтымында, завод Таш-Көмүр шаарына жакын бир нече гектар жерге курулуп жаткан. Ал имараттын курулушуна Кубанычбек Жумалиев насыя алганын билдирди.

Атайын кызматка айтылган сын

Саясат талдоочу, журналист Айданбек Акмат уулунун Жумалиевдин кеп болуп жаткан заводунун канча бир пайызы чет элдик ишкерлерге таандык деген маалымат бар экенине токтолду.

Анын пикиринде, кайсы бир аткаминердин кылмыш ишинин чоо-жайы коомчулукка ачык айтылбастан, соттун чечимисиз бизнес объектилеринин мамлекетке алынышы ириде инвестициялык абалга терс таасирин тийгизет.

«Тергөө менен кызматташкан күндө да анын канчалык күнөө кылганын сот аныкташы керек. Сотто териштирилип, "анын мынчасы мамлекетке кайтарылды, анан жаза жеңилдетилди" деп айтылат. Жумалиевге окшогон кишилердин мүлкүнүн канчасы кызыкдар адамдардын колуна тийди, канчасы мамлекетке алынды деген сөздөр көп. Бул жакшы көрүнүш эмес», - деди.

Социалдык теңдик орнотулабы?

УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев 26-мартта өткөн басма сөз жыйынында коррупцияга шек саналган саясатчылардын бири жакында 1 млрд. сом төлөп бере турганын айткан болчу.

Ташиев 18-февралда Баткенде эл менен жолугушуу учурунда Кубанычбек Жумалиевдин маселесине токтолуп, “коррупционерлердин мүлкүн алуу менен социалдык теңдикти орнотуу керек” деп билдирген.

«Мен ачык эле айтып коём, Кубанычбек Жумалиев деген депутатты кармадык. Ал “мен бизнес кылып тапкам” деп айтат. Бишкектеги ЭВМ заводу 33 гектар экен. Ошону кантип бизнес кылып сатып алат? Ал элдин ырыскысы. Ошонун ичинде 37дей имарат бар экен. Анын баарын мамлекеттен туура-туура эмес менчиктештирүү менен тартып алышты. Ошолор байышты, жыргап жашап жатат, мындан ары небере-чөбөрөсү жыргайт. Ал эми эч нерсе албай калгандар ошол бойдон кала бересиңер. Ошондуктан социалдык теңдештирүүнү киргизүү керек».

Ташиев атайын кызмат 2020-жылы коррупция боюнча мамлекетке 100 млн. сом, ал эми 2021-жылы эки айда 3 млрд. сомго жакын акча өндүргөнүн кошумчалаган.

26-марттагы басма сөз жыйынында башкы чекист 4 млрд. сомдой түшкөнүн билдирген.

Акча берип абактан чыккандар

Буга чейин кылмыш иши козголгондордон мурдагы бажычы Райымбек Матраимов 2 млрд. сом, милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев 100 млн. сом, Жогорку соттун мурдагы судьясы Камил Осмоналиев 70 миллион сом, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Марат Аманкулов 50 млн. сом, кримтөбөл Камчы Көлбаев 50 млн. сомдой төлөп берген.

Аталгандардан бөлөк иш менен кайра камалган Матраимовдон башкасы үй камагына чыккан же тилкат менен бошотулган. Ал эми мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов мамлекетке жардам катары 100 млн. сом берди. Ага удаалаш эле анын кылмыш иштери токтотулган.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев бийликтин камалгандардан акча өндүрүү саясатынын кесепетине токтолду.

«Экспроприация деп совет бийлиги орногондо мындай нерсе болгон. Анда ортого салынган мал колхозго берилген. Азыр эми "төлө" десе эле төлөй берсе кандай болуп калат? Бул криминалдын шартына окшош. Эптеп казынаны толтурабыз деп, “төлө, төлөбөсөң...” деген үч чекит менен коюлган шарт болуп атат. Түшүнүксүз. Дагы бир маселе бар. Коомчулукта 1 млрд. төлөп чыкты, дагы жарым миллиардды буларга берди деген кептер чыгат. Бул жакшы көрүнүш эмес. Батыш бул жолду басып өткөн. Капиталды, инвестицияны качырат».

Ташиев: Коррупцияга каршы күрөш

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев 26-марттагы басма сөз жыйынында жогорудагыдай сындарга жооп берип, кылмыш иштери мыйзам чегинде жүрүп, тергөөдө бардык чыгымдар эсептелип мамлекетке акча өндүрүлүп жатканын белгилеген.

«Ар бир коррупционердин кылган иши бар. Ал иштерди эсептеп, чыгымдарды аныктап жатабыз. Акырында суммасы чыгып жатат. Бирөөнүкү 100, бирөөнүкү 20, башкасыныкы 100 млн. болуп жатат. Кимдир бирөө 1 млрд. сом төлөп жатат».

Коомдук ишмер Тойгонбек Калматов камалгандардын өз ыктыяры менен мамлекетке каражат төлөп берип жатканына көңүл бурат. Муну Калматов шектүүлөрдүн күнөөсүн мойнуна алганынын белгиси катары баалап, коррупция менен күрөштүн жакшы натыйжасы деп атады.

«Бир тыйын төлөбөй жаткандарга сабак болушу керек. Мамлекеттин казынасына кол салгандан кийин сөзсүз бир күнү кайтарып беришиң керек. Мындан мамлекет гана утат. Мойнуна албай канчасы отурат. Башкысы - жегендерди мойнуна алдырыш керек», - деди Калматов.

Ал ортодо укук коргоочу Токтайым Үмөталиева Кубанычбек Жумалиев мамлекетке өткөрүп берген Таш-Көмүрдөгү цемент заводу делген сүрөттү жарыялады.

Үмөталиева жергиликтүүлөрдүн сөзүнө таянып, 2 гектардай жерге курулуп жаткан цемент заводдун баасы 1 млрд. сомго жетпейт деген пикирде.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) депутатка Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») менен кылмыш ишин козгогон. УКМКнын маалыматына караганда, Эл аралык медициналык университеттин ишмердүүлүгүнө лицензия берүүдө Жумалиев менен Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги катышкан туруктуу коррупциялык схема аныкталган.

Мындан тышкары, маалыматта Жумалиевге байланыштуу адамдар кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди легалдаштырганы, салык төлөөдөн баш тартып, мыйзамсыз байыганы боюнча фактылар аныкталганы айтылат.

Атайын кызмат Жумалиевдин 78ге жакын кыймылсыз мүлк объекттери табылганын кошумчалаган. Мурда Жумалиев менчиктештирип, кийин анын туугандарына жана байланышы бар адамдарга өтүп кеткен «Таатан», «Гоин» соода борборлору, билим берүү жана медициналык мекемелер, мейманканалар, кендер, темир жана болот заводу, телерадиокомпания аныкталганын билдирген.

Депутат коюлган дооматтын барын четке кагып келет.

Кубанычбек Жумалиев 1998-2004-жылдар аралыгында транспорт жана байланыш министри, премьер-министр болуп иштеген. 2015-жылы «Бир Бол» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болгон.

Кубанычбек Жумалиев бюджетке 1 млрд. сом төктү
please wait

No media source currently available

0:00 0:18:05 0:00

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Пикирлерди көрүңүз (27)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG