Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:31

Москва АКШнын жаңы санкцияларына илинди


Жо Байден
Жо Байден

Кремлдин кескин эскертүүлөрүнө карабай Кошмо Штаттары Орусиядагы төбөлдөргө, Путиндин айланасындагы олигархтарга жана орусиялык мекемелерге каршы жаңы санкцияларды киргизди. 

АКШнын Финансы министрлиги Орусиянын президентинин администрация башчысынын орун басары Алексей Громовду жана «Путиндин ашпозчусу» атыккан Евгений Пригожиндин бизнеси менен байланышы барларды санкциялык тизмеге алды.

Путиндин администрация башчысынын орун басары Алексей Громовго АКШда былтыр өткөн президенттик шайлоодо "америкалыктардын тандоосун бурмалоого жасалган аракеттерди башкарган" деп айып тагылат. Громов Кремлде федералдык телеканалдардын, маалымат каражаттарынын ишин жана аларды каржылоо маселесин карайт.

Ошентип, санкцияга жалган маалымат таркатканы үчүн орусиялык төрт интернет портал - "ИнфоРос", "NewsFront", "SouthFront", "Strategic Culture" кабылды.

Ал эми Путиндин ашпозчусу атыккан, ошондой эле Украина, Сирия жана Африка өлкөлөрүндө жүргөн жалданма аскерлер - «вагнерчилерди» башкарат делген олигарх Евгений Пригожин менен байланышы бар ишкерлер жана компаниялар «кара тизмеге» киргизилди.

Кийин олигархка айланган Евгений Пригожин Владимир Путинге тамак сунууда, 2011-жыл
Кийин олигархка айланган Евгений Пригожин Владимир Путинге тамак сунууда, 2011-жыл

Жалпы Кошмо Штаттары былтыркы президенттик шайлоого кийлигишүү жана киберчабуулдар үчүн бул ирет 16 орусиялык аткаминер менен ишкерге, 16 юридикалык мекемеге санкция салды.

Орусиянын Чалгын кызматы менен байланышы бар жана чет өлкөлөргө киберчабуул жасоого жардам берет деп орусиялык алты ири IT-компания «кара тизмеге» киргизилди.

АКШнын Финансы министрлиги америкалык банктар менен финансы институттарына Орусиянын Банкы же Финансы министрлиги чыгарган облигацияларды сатып алууга же аларга карыз берүүгө тыюу салды. Бул чектөөлөр 14-июндан тарта күчүнө кирет.

Буга кошумча, Жо Байдендин буйругу менен Вашингтондогу он чакты орус дипломаты өлкөдөн чыгарылмай болду.

«Орусиянын зыяндуу тышкы саясаты АКШнын улуттук коопсуздугуна жана экономикасына чукул коркунуч жаратууда» деп түшүндүрдү соңку санкцияларды Байден.

Ал эми Кошмо Штаттарынын финансы министри Жанет Йеллен «бул Орусиянын кара ниет аракеттерине каршы кампаниянын башталышы гана» деп белгиледи.

Алгач Вашингтон орус бийлигине каршы жаңы санкциялар топтомун даярдап жатканын "Bloomberg", "Reuters", "The New York Times", "The Wall Street Journal" сыяктуу басылмалар өз булактарына таянып, жазып чыгышкан.

Бул кабарлардан кийин шаршембиде Кремль Орусия президенти Владимир Путиндин Жо Байден менен Европада көзмө көз жолугушуусу Вашинтонгдун кадамдарынан көз каранды болорун айтып, Вашингтонду Орусияга карата жаңы санкцияларды кабыл алуудан карманууга чакырган.

Андан соң Путиндин тышкы саясат боюнча жардамчысы Юрий Ушаков АКШнын Москвадагы элчиси Жон Салливанды сүйлөшүүгө чакырып, «Москва санкцияларга кескин чечкин кадамдар менен жооп бере турганын» эскерткен.

Мария Захарова
Мария Захарова

Санкциялар жарыялангандан кийин Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова муну «АКШ тараптан агрессия» деп баалады:

«Мындай агрессивдүү аракетке чечкиндүү сокку урулат. Санкцияларга катуу жооп берилет. Вашингтон ортодогу алаканын артка кеткени үчүн жооп бериши керектигин түшүнүшү керек. Болуп жаткан нерсени баарына АКШ жоопкерчиликтүү».

Москвадагы америкалык элчи экинчи жолу Кремлге чакырылганы маалымдалды.

Ал эми Түндүк атлантикалык альянстагы (НАТО)өнөктөш өлкөлөр Кошмо Штаттарынын Орусияга каршы санкцияларын колдорун жана ага тилектештик билдирерин жарыялады.

АКШнын Улуттук чалгын кызматы былтыр декабрда орус хакерлери финансы, юстиция жана соода министрликтери сыяктуу тогуз мамлекеттик органга жана жүздөй жеке компанияларга чабуул жасаганын жарыялашкан. 16-мартта чалгын кызматынын отчетунда Орусия менен Иран былтыр АКШда президенттик шайлоонун жүрүшүндө коомдук пикирди бурмалап, жалган маалыматтарды таратып, шайлоочулардын тандоосуна таасир этүүгө аракет кылганы баяндалган.

Быйыл жыл башында АКШда президенттик кызматка келген Байден дароо шайлоолорго чет жактан кийлигишүүлөр, Ооганстанда америкалык жоокерлердин өлтүрүлүшүнө жарыяланган сыйлыктар, өкмөттүк мекемелер менен компанияларга киберчабуулдар менен орус оппозициянын лидери Алексей Навальныйдын ууландырылышын иликтөөнү тапшырган.

Өткөн айда АКШ Навальныйдын окуясы боюнча биологиялык жана химиялык өндүрүшкө тиешеси бар делген 14 орусиялык уюмга, анын ичинде 9 коммерциялык ишканага экспорттук чектөөлөрдү киргизген. Вашингтондун «кара тизмесине» Орусиянын жогорку даражалуу жети аткаминери илинген.

18-марттан тарта улуттук коопсуздукка байланыштуу бардык товар, технология, жабдык жана программалык камсыздоонун АКШдан Орусияга экспортуна жана реэкспортуна чектөө киргизилген.

Орусия АКШдагы шайлоолорго кийлигишүү, киберчабуулдар, Навальныйды ууландыруу боюнча бардык айыптарды четке кагып келет.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG