Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:20

Киев Орусияга каршы санкцияларды күчөттү


Владимир Зеленский 
Владимир Зеленский 

Украина ондогон орусиялык аткаминерлер менен компанияларга санкция салды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 23-мартта Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңеши «кара тизмеге» алган 26 чет өлкөлүк жаран менен 81 компанияга карата санкцияларды бекиткен буйрукка кол койду.

Санкцияга кабылган уюмдардын арасында Орусиянын «Россия сегодня» медиахолдинги, аны менен кошо «РИА Новости», ТАСС, «Газета.ру», «Лента.ру» сыяктуу агенттиктер бар. Бул медиа каражаттары Украинада эфирге чыга алышпайт, алардын ишине чектөө киргизилет.

Февралдын башында эле Киевде «Путиндин жоролошу» деп каймана аталып калган Виктор Медведчукка таандык «112 Украина», «ZiK» жана «NewsOne» телеканалдарына санкциялар салынып, алардын берүүлөрүн Украинада обого чыгаруу токтотулган. Кийин санкциялар Медведчуктун өзүнө киргизилип, анын жана жакындарынын банк эсептери, кыймылсыз мүлкү камакка алынган.

Анда Зеленский өлкөдөгү орусиячыл телеканалдарга санкция салынышын «баскынчы өлкө каржылаган үгүткө каршы күрөш» ыкмасы катары түшүндүргөн.

Александр Горовой
Александр Горовой

Бул ирет жеке адамдардан Киевдин «кара тизмесине» Орусиянын ички иштер министринин биринчи орун басары, генерал-полковник Александр Горовойдон баштап Орусиянын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, Федерация Кеңеши, Чалгын кызматы, Миграция башкармалыгынын ондогон кызматкерлери илинди.

Ошондой эле өткөн жылы Орусия аннексиялап алган Крымга Киевдин уруксаты жок барган франциялык саясатчылар - Европа парламентинин үч депутаты санкцияга кабылды. Аларга Украинага кирүүгө үч жылга чектөө киргизилет.

Ал эми ири компаниялардын тизмесинде Крымда иштеген «Росгосстрах», «Черноморнефтегаз», «Крымгеология», «Массандра» сыяктуу компаниялар бар. Бул уюмдардын Украинадагы актвидери камакка алынып, өлкөдөн каражаттарын чыгарууга тыюу салынат.

Азырынча Москва Киевдин жаңы санкциялары боюнча үн ката элек. Бир гана Украинада «кара тизмеге» алынган «Россия сегодня» медиахолдингинин башкы редактору Маргарита Симоньян «Украинада башка көйгөй жок да, ал өзү да көңдөй эмес да» деп Зеленский тууралуу какшык менен жооп берди.

Маргарита Симоньян Путин менен
Маргарита Симоньян Путин менен

Мындан тышкары бул жумада Украинанын прокуратурасы Крым көпүрөсүнүн ачылыш аземиндеги концертке катышкан орусиялык 23 ырчыга кылмыш ишин козгоду. Аларга Украинадагы жарым аралдын аймагына мыйзамсыз кирген деген айып тагылууда.

Прокуратура артисттердин аты-жөнүн ачык жарыялаган жок. Бирок украиналык Strana.ua. жана «Крым Үнү» сыяктуу басылмалар концертке катышкандардын тизмесин жарыялады. Алардын арасында Григорий Лепс, Пелагея, Александр Маршал, Денис Майданов, Ольга Кормухина, Александр Буйнов, Дима Билан, Олег Газманов, Валерия, Жасмин, Дмитрий Харатьян, Алёна Свиридова, «Градусы» тобу жана башкалар бар.

Украинаны айланып өткөн көпүрөнү куруу боюнча планын Орусия Крымды 2014-жылы бир тараптуу каратып алган соң жарыялаган. Автоунаалар өткөн көпүрө 2018-жылы май айында бүткөрүлсө, темир жол үчүн көпүрөнүн курулушу 2019-жылы аяктады. Узундугу 19 чакырымды түзгөн көпүрөнүн курулушуна 3,7 миллиард доллар жумшалган.

Евробиримдик Крым көпүрөсүн курууга катышкан бир нече компанияга санкция салган. Алардын арасында орус президенти Владимир Путиндин досу Аркадий Ротенбергге таандык «Стройгазмонтаж» компаниясы да бар. Бул көпүрөнү курууга катышканы үчүн Ротенбергге Орусиянын Эмгек баатыры деген наам ыйгарылган.

БУУнун Крымдын Украинадан ажырашын мыйзамсыз деген резолюциясын жүздөн ашуун өлкө колдогон. Кыргызстан резолюцияга добуш берүүдөн карманган.

Орусия жарым аралдын тургундары өз эрки менен референдумдун негизинде кошулганын айтып келет.

Расмий Киев Крымга уруксатсыз баргандарга чара көрүп, өлкөгө киришине тыюу салып келет. Көбүнчө мындай чара орусиялык саясатчылар, маданият ишмерлерге колдонулуп келген.

2017-жылы Кыргызстандан Орусия аннексиялаган Крымга барганы үчүн Жогорку Кеңештин эки депутаты Ирина Карамушкина менен Марат Аманкуловго Украинага кирүүгө расмий тыюу салынган.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG