Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:05

Киев "киберчабуулдар" үчүн орусиялык чалгын кызматын айыптайт


"Кибер согуш!" (Рослан Рахман тарткан сүрөт). 2012.
"Кибер согуш!" (Рослан Рахман тарткан сүрөт). 2012.

Украина Орусияны «киберчабуул» үчүн айыптады. Расмий Киев ФСБ көзөмөлдөгөн «Armageddon» деп аталган хакердик топ Украинага каршы виртуалдык чабуулду жүзөгө ашырды деп шек кылууда.

Украинанын коопсуздук кызматы өкмөттүк жашыруун маалыматтарды уурдоого багытталган орус хакерлеринин «кеңири өлчөмдөгү киберчабуулун токтоткону» тууралуу жарыялады.

Украин атайын кызматы бул киберчабуулду Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) уюштурду деп айыптоодо. Бул тууралуу украин коопсуздук кызматы 16-мартта өзүнүн "Фейсбуктагы" барагында жарыялады.

Расмий Киевдин жоромолуна караганда, ФСБ көзөмөлдөгөн «Armageddon» деп аталган хакердик топ Украинага каршы ири виртуалдык чабуулду жүзөгө ашырган сыяктанат.

Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоонуу Кеңешинин катчысынын орун басары Сергей Демедюк бул киберчабуулдарды Украинада орусиячыл депутаттар Виктор Медведчук менен Тарас Козакка салынган санкциялар менен байланыштырган.

«Чабуулдар саат сайын белгилүү бир ыргакта жасалып жатты. Кээ бири чабуулдарга бөгөт кылчу санариптик буйрукту атайлап алаксытуу үчүн жасалды», – деген Демедюк хакерлер сайттарды өчүрүүгө жана документтер сакталган ресурстарга вирус киргизүүгө аракет кылышканын белгилеген.

Орусия тарап бул соңку айыптоолорго азырынча жооп бере элек.

Буга чейин да Киев Орусияны «гибриддик согуштун» алкагында бир нече ири киберчабуулдарды уюштурду деп айыптаган.

Февралда Украинанын Коопсуздук жана Коргоо министрликтеринин расмий интернет барактарына Орусиянын аймагындагы белгисиз интернет ресурстардан киберчабуулдар жасалганы маалымдалган.

Бирок ал учурда расмий Москва мындай дооматты четке каккан болчу.

Февралдын башында Украинада Улуттук коопсуздук жана коргоо Кеңешинин чечими менен «112 Украина», «ZiK» жана «NewsOne» телеканалдарына санкциялар салынып, алардын берүүлөрүн Украинада обого чыгаруу токтотулган.

Украиналык саясатчы Виктор Медведчук менен президент Владимир Путиндин Санкт-Петербургдагы жолугушуусу. 2019-жылдын 18-июлу.
Украиналык саясатчы Виктор Медведчук менен президент Владимир Путиндин Санкт-Петербургдагы жолугушуусу. 2019-жылдын 18-июлу.

Телеканалдардын ээси катары Жогорку Раданын депутаты Тарас Козак башкарып келген, бирок алардын чыныгы кожоюну – «Оппозициялык платформа - Өмүр үчүн» партиясынын лидери Виктор Медведчук экени айтылып келет.

Медведчук өз кезегинде Москвага тез-тез каттап, Кремлдеги байланыштарын жашырбагандыгы үчүн элде "Путиндин жоролошу" («кум Путина») деп каймана аталып калган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусияга байланыштуу сыналгы каналдарга санкция салынышын «баскынчы өлкө каржылаган үгүткө каршы күрөш» ыкмасы катары негиздеген.

Расмий Кремл мындай чечимди сынга алган. Президент Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков санкциялар «эл аралык норма менен стандарттарга да, маалымат эркиндиги тууралуу түшүнүктөргө да туура келбейт» деп белгилеген.

Кийин Украинада санкциялар Виктор Медведчукка карата киргизилип, анын жана жакындарынын банк эсептери, турак жай мүлктөрү камакка алынган.

Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо Кеңеши Медведчуктун каржылык иштери «Донбасста терроризмди каржылоо» деген шек менен текшерилип жатканын кабарлаган.

Киев шаарындагы 2014-жылкы орус баскынчылыгына каршы жүрүш. 2014-жылдын 24-августу.
Киев шаарындагы 2014-жылкы орус баскынчылыгына каршы жүрүш. 2014-жылдын 24-августу.

2014-жылы Орусия Украинанын Крым жарым аралына аскерлерин киргизип, зомбулук менен каратып алгандан бери Киев менен Москванын алакасы чыңалып турат.

Москва дазыркы тапта деле Украинанын чыгышындагы өздөрүн «Донецк жана Луганск элдик жумурияттары» деп атап алган, украин өкмөтүнө каршы согушуп жаткан орусиячыл жикчилдерге ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет.

Орусия Донбасстагы жикчилдерди акча, курал-жарак берип жана машыктырып жатканын тастыктаган мол далилдерге карабастан, Кремл муну бир канча жолу танган.

Украинанын чыгышындагы 2014-жылдын апрелинен берки уруштардын айынан 13,000ден ашуун киши набыт кетти.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG