Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Норвегиянын парламентине коюлган киберчабуул үчүн орусиялык хакерлер айыпталууда


«Fancy Bear» хакердик тобу Орусиянын Чалгын башкармалыгы менен байланышта экени айтылып жүрөт.
«Fancy Bear» хакердик тобу Орусиянын Чалгын башкармалыгы менен байланышта экени айтылып жүрөт.

Норвегиянын полициясынын Коопсуздук кызматынын иликтөөлөрү парламентке коюлган киберчабуул менен маалымат базасынын бузулушунун артында Орусиянын Башкы чалгын башкармалыгы (ГРУ) менен байланышы бар «Fancy Bear» хакердик тобу турган болушу ыктымал экенин көрсөттү.

8-декабрда Норвегияда таратылган маалыматта өлкөнүн улуттук кызыкчылыгына доо кетирген киберчабуул үчүн айып коюуга далилдер жетишсиз экени белгиленген.

Норвегиянын расмий өкүлдөрү буга чейин 24-августтагы масштабдуу киберчабуулда айрым парламентарийлер менен парламент кызматкерлеринин электрондук почталары бузулганын билдиришкен. Кол салгандардын аты-жөнү ачык айтылган эмес.

Кийинчерээк Норвегиянын тышкы иштер министри Ине Эриксен Сорейде НАТОго кирген мамлекеттерге коюлган киберчабуул үчүн Орусияны айыптаган.

Акыркы иликтөөлөрдө парламентке каршы киберчабуул хакерлердин көптөн бери уланып келаткан аракеттеринин бир бөлүгү экени, аны APT28 же «Fancy Bear» тобу жасашы мүмкүн экени айтылган.

APT жана «Fancy Bear» бир эле хакердик топ экени айтылып келет. Бул топ Орусиянын Чалгын кызматы менен байланышы бар экени айтылган жана көптгөн киберчабуулдар үчүн айыпталган. Алар 2000-жылдардын ортосунан тартып ар кайсы убакта жана түрдүү өлкөлөрдөгү мамлекеттик, аскердик жана коомдук уюмдарга каршы резонанстуу хакердик чабуулдарды уюштурган.

XS
SM
MD
LG