Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:13

Лондон Орусиянын чалгын кызматын ири киберчабуулдар үчүн күнөөлөдү


ГРУнун эн белгилеринин бири.
ГРУнун эн белгилеринин бири.

Британ өкмөтү Орусиянын башкы чалгын кызматын (ГРУ) "соңку ири кибер чабуулдардын артында турган" деп айыптоодо. Бул тууралуу Британиянын улуттук коопсуздук боюнча 3-октябрдын кечинде жарыяланган баяндамасында айтылды.

Анда белгиленгендей, ал чабуулдарда Батыш өлкөлөрүнүн спорттон тартып транспорттук мекемелерине чейин, аны менен катар шайлоо системаларынын компьютерлик түйүндөрү да бутага алынган.

Баяндамада айтылгандарга караганда, ГРУнун APT 28, "Fancy Bear", "Sofacy", "Pawnstorm", "Sednit", "Cyber Caliphate", "Cyber Berkut", "Voodoo Bear" жана "Black Energy Actors" деп аталган бир нече хакерлик топтор менен байланышы бар.

Буга чейин ГРУну Кошмо Штаттар да 2016-жылдагы президенттик шайлоо алдындагы киберчабуулдар үчүн айыптап, бул кызматтын бир нече офицерине, анын ичинде башчысы Игорь Коробовго санкция салган.

Британ өкмөтүнүн баяндамасында ГРУ "дүйнөдө баш аламандык жаратып, пикир келишпестикти жайылтыш үчүн хакерлердин түйүнүн колдонгон кибер-агрессор” деп да аталган.

Британ бийлиги быйыл мартта Солсбери шаарында орусиялык мурдагы чалгынчы Сергей Скрипалды жана анын кызын химиялык зат менен ууландырып, өлтүрүү аракети үчүн жоопкерчиликти ГРУнун офицерлерине жүктөгөн.

Лондон жарыялаган далилдерге карабай Москва бул кол салууга тиешеси жоктугун айтып келүүдө. Президент Владимир Путин өзү 3-октябрда Скрипалды “саткын жана бузуку” деп атады. (UE)

XS
SM
MD
LG