Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:37

Орус чалгынчылары «кара тизмеге» илинди


Нидерландыда кармалган орусиялыктар
Нидерландыда кармалган орусиялыктар

Европа Биримдиги Орусиянын чалгын кызматын жана анын болжолдуу төрт кызматкерин «кара тизмеге» алды.

Евробиримдик киберчабуулдар үчүн төрт орусиялык жаранга жана Орусиянын чалгын кызматынын Атайын технологиялар борборуна карата санкцияларды кабыл алды.

«Европа кеңеши киберчабуулдарга тиешеси бар алты адам менен үч уюмга чектөөлөрдү киргизди» деп кабарланат кеңештин расмий басылмасында.

Санкциялар орусиялыктардан тышкары Кытайдын эки жаранына, Кытай менен Түндүк Кореяда жайгашкан эки уюмга каршы кабыл алынган.

Орусиянын чалгын кызматынын офицерлери экени айтылган Алексей Минин, Алексей Моренец, Евгений Серебряков менен Олег Сотниковго Европа өлкөлөрүнө барууга тыюу салынып, бул аймактагы активдери камакка алынган.

Евробиримдик орусиялык чалгынчылар "Тыюу салынган химиялык куралдар боюнча уюмдун ресурстарына жасалган киберчабуулдарга жооптуу" деп эсептейт.

Алар WannaCry, NotPetya жана Operation Cloud Hopper сыяктуу вирустарды таркатууга айыпталат. Орусия соңку Operation Cloud Hopper вирусу менен 2015-2016-жылдары Украинанын электр түйүндөрүнө чабуул жасаганы айтылып келет. Ал эми 2017-жылы бул вирустун айынан бир топ өлкөлөр каржылык жоготууларга туш болушкан.

«Кеңеш бардык өлкөлөрдү киберчөйрөдө жоопкерчиликтүү болууга жана дүйнөдө тынчтык менен туруктуулукту сактоо үчүн кызматташууга чакырат. Кара ниеттик менен киберчабуул жасагандардан сактанып, тиешелүү чара көрүү керек»,- дедм Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча комиссары Жозеп Боррелл.

Нидерландыда башталган чыр

Буга чейин Моренец, Серебряков, Сотников менен Минин 2018-жылы апрелде Нидерландыда хакердик жабдуулар менен кармалышкан. Алар Сириядагы химиялык чабуулдар менен Солсберидеги ууландыруудан кийин Тыюу салынган химиялык куралдар боюнча уюмдун Гаагадагы башкы кеңсесинин байланыш түйүнүн ачууга аракет кылышкан.

Нидерландынын тергөө кызматы бул орусиялык төрт жаран Орусиянын чалгын кызматында иштерин, экөө хакер экенин жарыялап, аларды өлкөдөн чыгарып жиберишкен.

Муну Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров «жаңылыштык» деп атап, дооматтарды четке каккан.

Анткен менен Нидерландыдан кийин эле АКШ орус чалгын кызматынын жети офицерин киберчабуулга айыптап, алардын ысымын ачыктаган. Жогоруда аталган төрт орусиялыктан тышкары Иван Ермаков, Артем Малышев менен Дмитрий Бадин АКШда президенттик шайлоого кийлигишкени үчүн айыпталган.

Бул орусиялык хакерлер Орусиядагы кызытма чынжырын ачыктаган эл аралык уюмдардын кадыр-баркын түшүрүү үчүн WADA, FIFA жана башка уюмдардан маалымат уурдоого аракет кылышкан деп шек саналууда. Анда АКШнын коргоо министри Жеймс Мэттис «Орусияны айыптоого 100 пайыз жетиштүү далилдер бар экенин» айткан.

Киберчабуулдар, "фейк"кабарлар ...

Жакында эле АКШнын атайын кызматтары Орусия англис тилдүү сайттар аркылуу коронавирус пандемиясы тууралуу жалган маалыматтарды таратып жатканын айтып чыккан.

Орусиянын чалгын кызматы кеминде үч сайтка - InfoRos.ru, Infobrics.org жана OneWorld.press 150дөй конспирологиялык теорияларды камтыган макалаларды жарыялатканы, алардын арасында коронавирус биологиялык курал катары Американын аскердик лабораториясында жасалганы тууралуу Кытайга шилтеме берген билдирүүлөр бардыгы белгиленген.

«Associated Press» басылмасы америкалык аткаминерлерге таянып, бул макалалар Орусиянын чалгын кызматына тиешеси бар Денис Тюрин менен Александр Старунский аттуу эки адамдын көзөмөлүндө жарыяланарын жазган.

Ал эми июлдун башында Британия, АКШ менен Канада орусиялык хакерлер коронавируска каршы вакцина иштеп жаткан дүйнөлүк уюмдарга чабуул жасап, вакцина тууралуу маалыматты уурдоого аракет кылып жатышат деп айыпташкан.

Орток билдирүүдө «APT29» деп аталган хакердик топ орус чалгын кызматынын көрсөтмөсү менен иштешкени айтылат.

Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб орусиялык атайын кызматтардын аракеттерин "кабыл алынгыс иш" катары сындаган.

«APT29» (Cozy Bear жана Dukes) деп аталган орус тилдүү хакерлер тобун АКШда президенттик шайлоодо жана Батыш өлкөлөрүнүн мамлекеттик мекемелерине киберчабуулдар үчүн айыптап келишет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG