Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:39

Британия орусиялык хакерлерди COVID-19дун вакцинасы тууралуу маалыматтарды уурдоо аракети үчүн айыптоодо


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Британ Улуттук киберкоопсуздук борбору орусиялык хакерлер коронавируска каршы вакцина тууралуу маалыматты уурдоого аракет кылган деп айыптады. Маалыматка ылайык, хакерлер орус чалгын кызматынын көрсөтмөсү менен иштешкен. Мекеме APT29 деп аталган хакердик топ Британиядагы, АКШдагы жана Канададагы коронавируска каршы вакцина иштеп жаткан уюмдарга чабуул жасаган деп маалымдады. Билдирүүдө ушундай эле корутундуну АКШ менен Канаданын атайын кызматтары да билдиришкен деп жазылган. Бирок уюмдардын аталышы менен адамдардын ысымы аталган эмес.

Коронавируска каршы вакцина сыноодон өтүп жатканын алгачкылардан болуп британ окумуштуулары апрель айында кабарлашкан. Оксфорд университетинин бул багытта иштеген окумуштуулар тобу вируска каршы вакцина иштеп чыгууда лидерлер катары саналышат.

Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб Лондон башка союздаштары менен чогуу киберчабуул жасагандарды жоопко тартарын убада кылды. Анын “орусиялык атайын кызматтар коронавирус пандемиясына каршы күрөшүп жаткандарга каршы иштегени кабыл алынгыс иш” деген сөзүн британ өкмөтүнүн сайты жазды.

APT29 (Cozy Bear жана Dukes) деп аталган орус тилдүү хакердик топ 2014-жылдан бери белгилүү. Бул хакерлерди АКШда президенттик шайлоонун алдында Демократиялык партиянын улуттук комитетине жана батыш өлкөлөрүнүн өкмөттүк мекемелерине жасаган чабуулу үчүн айыпташкан.

АКШ бул чабуулдардын артында Орусиянын атайын чалгын кызматы турат деп эсептейт.

Орусия британ коопсуздук кызматынын билдирүүсүн четке кагып, COVID-19га каршы вакцина тууралуу маалыматтарды уурдоонун зарылчылыгы жоктугун билдирди. Орусиянын инвестициялар фондунун башчысы Кирилл Дмитриев "Р-Фарм" компаниясы Британиянын фармацевтикалык "AstaZeneca" компаниясы менен чогуу оксфорддук вакцинаны Орусияда чыгарууну макулдашканын "Times Radioнун" эфиринде айтты.

XS
SM
MD
LG