Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:24

Глобалдык киберчабуулдар үчүн Орусия колдогон хакерлер айыпталды


Илюстрациялык сүрөт.
Илюстрациялык сүрөт.

АКШ менен Британиянын чалгын агенттиктеринин билдирүүсүнө караганда, Орусиянын өкмөтү колдогон хакерлер өтө маанилүү инфраструктуралык түйүндөргө кол салып, зыян келтирүүнү көздөп жатышат.

Британиянын Киберкоопсуздук боюнча улуттук борбору, ФИБ (ФБР) жана АКШнын Ички коопсуздук министрлиги мындай биргелешкен билдирүү таратуу менен глобалдык кибер чабуулдар алдыда күчөшү мүмкүн экенин да эскертишти.

Эскертүүдө киберчабуулда биринчи кезекте өкмөттүн жана жеке сектордун уюмдары, өтө маанилүү инфраструктураны иштеткендер жана ошол секторлорду Интернет кызматы менен камсыз кылгандар бутага алынары айтылган.

Ак үйдүн киберкоопсуздук боюнча координатору Роб Жойстун айтымында, АКШ жана анын өнөктөштөрү киберчабуулдарды уюштуруунун артында Орусия турганына “ишеними жогору”.

Москва мындай айыптоого азырынча комментарий бере элек. Ал буга чейин башка өлкөлөргө каршы киберчабуул коеру жөнүндө дооматтарды төгүндөгөн.

Лондондогу орус элчилиги Британиянын "киберчабуулдарды уюштурат" деп Орусияны айыптаганын “акылга сыйбаган жана чагымчыл саясаттын үлгүсү” деп атады. (UE)

XS
SM
MD
LG