Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:36

Дүйнөгө киберчабуулдун жаңы толкуну тарады


Соңку киберчабуулдан Украинанын мекемелери катуу жабыркады.
Соңку киберчабуулдан Украинанын мекемелери катуу жабыркады.

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү ири киберчабуулга кабылды. Компьютерди иштетпей коюп, колдонуучудан электрондук акча талап калган вирус өзгөчө украин компанияларынын ишин үзгүлтүккө учуратты.

Сиз адаттагыдай жумушка келип, компьютериңизди ачтыңыз дейли. Көп өтпөй компьютериңиз катып иштебей калат. Аңгыча эле "акча төлөбөсөңүз, файлдарыңыз ачылбайт" деген тариздеги билдирүү экранда пайда болот. "Эгер компьютерди өчүрсөңүз, андагы маалыматтардын баары жок болот" деген эскертүү да бар.

Дал ушундай ыкманы колдонгон компьютердик вирус 27-июндан тарта дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүн каптады. Алардын арасында Украина, Орусия, Румыния, Голландия, Дания, АКШ, Австралия жана Жаңы Зеландиядагы мунайдан тарта дары чыгарууга чейинки түрдүү ишмердүүлүк менен алектенген эл аралык компаниялар бар.

Бирок Украинадагы мекемелер өзгөчө жабыркады. Киберчабуул банктардын, өкмөттүк кеңселердин, почта кызматынын жана Киевдеги аэропорт менен метро системасынын ишин үзгүлтүккө учуратты. Ал түгүл Чернобыль атомдук станциясын көзөмөлдөгөн системанын ишине да тоскоолдук жаралды.

- Азырынча Украинанын киберполиция департаменти компьютер түйүндөрүнүн иши үзгүлтүккө учураганы боюнча 200 кайрылуу алды. Алардын ичинде жеке менчик жана мамлекеттик мекемелер да бар. Мындай кайрылуулар Киевден да, киберполициянын аймактык кеңселеринен да келип жатат. Биздин өкүлдөр зыяндуу программанын жайылышын алдын алуу үчүн ал мекемелерге жөнөп кетишүүдө, - деди Украинанын Улуттук полициясынын басма сөз өкүлү Ярослав Тракало.

Голландиядагы вируска кабылган ноутбук
Голландиядагы вируска кабылган ноутбук

Бул вирус көбүнесе "Уиндоус" программалык камсыздоо системасынын жаңыланбаган версияларын бутага алат. Эгер бири-бирине туташкан түйүндөгү бир компьютер эле бул вируска кабылса, ал башка компьютерлерге да жайыла баштайт.

Киберчабуул 28-июнда бир аз басаңдады. Себеби, интернет аркылуу жайылган зыяндуу программалардан айырмаланып, бул вирус түз байланышы бар компьютерлер аркылуу тарайт.

Ошентсе да вирус КМШ өлкөлөрүнө да жеткенин Москвадагы Group IB компаниясынын киберкоопсуздук боюнча эксперти Сергей Никитин билдирди:

- Орусиянын "Роснефть", "Башнефть" компаниялары кабылганы белгилүү. Чабуул уланып жаткандыктан компаниялардын саны өсүшү мүмкүн. КМШ өлкөлөрүндө 27-июндун кечине карата 100 ишкана киберчабуулдан жабыркаганы аныкталды.

Май айынын ортосунда да буга окшош масштабдуу киберчабуул катталган. Анда Европолдун эсебинде дүйнө боюнча 100 миңдей мекеме-уюм бутага алынып, 200 миңдей адам зыян тарткан. 50дөй өлкөдө банктардын, дүкөндөрдүн, ооруканалардын, мектептердин, өкмөттүк мекемелердин иши үзгүлтүккө учураган.

WannaCry тобу уюштурган киберчабуул, Түштүк Корея, 15-май 2017-жыл.
WannaCry тобу уюштурган киберчабуул, Түштүк Корея, 15-май 2017-жыл.

Анда WannaCry деген компьютердик вирус-программа колдонулуп, айрым колдонуучулар компьютериндеги маалыматтарды сактап калуу үчүн электрондук акча же биткоин төлөөгө аргасыз болушкан.

Дүйнөдөгү компьютердик түйүндөрдү бир маалда тушап коё алган мындай киберчабуулдарды ким жасап жатат? Азырынча жоромолдордон башка так далилдер табыла элек.

Британиядагы Саррей университетинин киберкоопсуздук боюнча профессору Алан Вудворд компьютердик вирустарды кайсы бир мамлекет атайылап таратышы мүмкүнбү деген суроого жооп берди:

- Биз билбейбиз. Мынчалык масштабды эске алганда ал чындыкка жатпашы мүмкүн. Уюшкан кылмыштуу топтор өтө чоң. Алар мындан миллиондогон акча табат. Мен акча төлөөнү талап кылган бир киберчабуулду билем. Алар 350 миллион табышкан. Түндүк Корея мындай чабуулдарды жасады деп кабарланган. Бирок чын-бышыгын билбейбиз. Бул жолу Украина биринчи бутага алынгандыктан аны Орусия жасады деген жоромолдор да болду. Бирок ал шашылыш ой болуп калды. Эгер киберчабуул жасасаң, ал кайра келип өзүңө да тийиши мүмкүн. Андыктан муну кылмышкерлер жасады деп ойлойм.

Соңку киберчабуул Киевдеги аэропорттордун ишине да кедергисин тийгизди.
Соңку киберчабуул Киевдеги аэропорттордун ишине да кедергисин тийгизди.

"Касперский" антивирус компаниясы Украина, Орусия жана Польшада 2 миңдей киберчабуулду каттаганын билдирди. АКШнын Улуттук коопсуздук кеңеши бул окуяны иликтеп жатканын, алар уюштуруучуларды табууга белсенип жатканын кабарлады.

Ал тапта британ маалымат каражаттары соңку компьютердик вирустун "вакцинасы" табылганын жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, вирустан коргонуу үчүн бир файлды компьютерге орнотуп коюу жетиштүү болот. Бирок бул "вакцина" вирустун башка компьютерге жайылышын азырынча алдын ала албайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG