Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 21:57

Кыргызстан киберчабуулга туруштук берүү үчүн атайын аналитикалык борбор түзөт.

Кыргызстанда киберчабуулду уюштургандар интернет аркылуу мыйзамсыз акча табуу максатын көздөйт. Азырынча андай шылуундарга кабылгандар жеке компанияларга гана кайрылып, жардам сурашат. Анткени Кыргызстанда ​киберкоопсуздук боюнча мамлекеттик атайын мекеме жок.

Интернет шылуундарынын саны өстү

Кыргызстандагы маалыматтык коопсуздук борборунун жетекчиси Антон Кирсановдун айтуусунда, компьютер шылуундары интернет банкинг, акча которуу, мобилдик төлөө жаатында колдонуучулардын каражаттарын уурдап келет:

- Биздин компания өлкөдө киберкоопсуздук боюнча алгачкы жеке уюм болгондуктан, көптөгөн ишканалар бизге кайрылышат. Эгерде кайсы бир адамдын эсептеги акчасы уурдалып кетсе, биздин күч органдары ал шылуундарды кантип кармоону билишпейт. Биз интернет аркылуу ууруларды аныктап, милицияга өткөрүп беребиз. Интернет ууруларды санариптик изи суй электе табыш керек, бирок күч органдары эски ыкма менен иштеп, айрым бир учурда шылуундарды табуу кыйын болуп жатат.

Форум катышуучулары
Форум катышуучулары

Мамлекет аналитикалык борборду түзөт

Бул арада мамлекет хакерлердин мизин майтаруу жаатында атайын борбор түзүүнү ойлоно баштады.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Бакыт Шаршембиев билдиргендей, орусиялык адистер менен сүйлөшүүлөр жүрүп, пилоттук негизде алгачкы программалар иштеп жатат. Ал жакынкы күндөрү аналитикалык борбордун түзүлүшү боюнча расмий буйрук чыгарын “Азаттыкка” ачыктады.

- Учурда киберкоопсуздук боюнча УКМК жана Коргоо кеңешинде адистер иш жүргүзүп келишет. Менин билишимче, ушул жуманын ичинде президент тарабынан атайын документтерге кол коюлганы жатат. Анда атайын аналитикалык борбордун түзүлүшү жарыяланат. Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу каражатты талап кылат жана техниканын баасы да оңой сумма эмес экенин айта кетишим керек.

Мамлекеттик аналитикалык борбордун түзүлүшү менен кадр маселесине кылдат көңүл буруу керектигин коңшу казакстандык адистер сунуштоодо. Казакстандын киберчабуулду иликтөө борборунун президенти Олжас Сатиев ал жакта деле мамлекеттик борбор күчтүү кадрларды кармап кала албай жатканын айтат.

Олжас Сатиев
Олжас Сатиев

- Казакстандын киберкоопсуздук борбору үстүртөн караганда жакшы жумуш жүргүзүп жатат. Алар мамлекеттик сайттар киберчабуулга учураса, дароо билдирүү жиберип турат. Өкүнүчтүүсү, хакерлердин артынан сая түшүп, IP-даректерин жапканга алы келбейт. Себеби хакерлердин өлкөсү жок, алар башка өлкөдөн деле иштей беришет. Экинчиден, мамлекеттик компаниялар мыкты кадрларды кармап кала албайт. Кайсы эле программист ИИМдин алдына барып, аз айлыкка иштегиси келсин. Ошондуктан кадрлар жеке компанияларга кайра эле кетип калууда. Андыктан күчтүү программачыларга каражатты аябоо керек.

Адистер жетишпейт

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин айтымында, мамлекет киберкоопсуздукту камсыз кылыш үчүн атайын адистерди окутуудан өткөрүүнү пландап жатат.

Кыргызстандын программалык камсыздоо жана тейлөө бирикмесинин төрагасы Азиз Абакировдун “Азаттыкка” айтканына караганда, өлкө учурда 50 миңдей программистке муктаж:

- Азыр компаниялар программачыларга муктаж, бизге адистер жетпей жатат. Ал үчүн кесиптик лицейлердин алкагында IT академиясын түзүү сунушу менен чыктык. Бир жылдын ичинде лицейлерде программистти даярдап чыксак болот. Учурда №98 кесиптик лицейде IT академиясын түздүк жана бул тажрыйбаны өлкө боюнча жайылтышыбыз керек. Биздин план боюнча жылына төрт миң программист чыгып, 2030-жылга барып 50 миң адис пайда болушу керек. Бирок, бул планды азырынча толтура албай жатабыз.

IT адистердин айтуусунда, биометрикалык маалыматтардын чогулушу менен мамлекет үчүн анын коопсуздугун сактоо боюнча жаңы чакырыктар пайда болду. Ошондой эле экстремисттик үгүттөгү сайттардын күн санап күчөп жаткандыктан Кыргызстан киберкоопсуздукту күчөтүү зарыл.

Өткөн жылдын июль айында Миграция кызматынын жана УКМКнын расмий сайттары хакердик чабуулга кабылган. Ал эми 2014-жылы өкмөттүн, Тышкы иштер министрлигинин жана Маданият министрлигинин сайттарын хакерлер иштетпей койгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG