Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:00

Өкмөттүн сайттарына кастарын тиккендер көбөйдү


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Кыргыз өкмөтүнүн расмий сайты хакердик чабуулга кабылды. Өткөн жекшемби, 24-августта Тышкы иштер министрлигинин сайтын да бузуп кетишти.

Министрлик, мамлекеттик органдардын сайттары хакердик чабуулга кабылган учурлар буга чейин да катталган. Адистер каражаттын жоктугунан мындай сайттарда коопсуздук чаралары дээрлик көрүлбөй турганын белгилешет. Ушул эле себептен улам бир канча жылдан бери “электрондук өкмөт” долбоору ишке ашпай келет.

Кыргыз өкмөтүнүн сайты буга чейин эки ирет хакердик чабуулга кабылган болчу. Өкмөттүн маалымат кызматы сайт 24-августта бузулганын, ушул тушта адистер себебин аныктап, оңдоп жатканын тастыктады. Ушул эле күнү хакерлер Тышкы иштер министрлигинин сайтын бузуп, коркунучтуу тасманын каарманын жайгаштырып, “көзүңдү жумбагын” деп англисче жазып кетишти. Буга чейин мындай чабуулга Ички иштер министрлиги баштаган бир топ мамлекеттик органдардын сайттары кабылган эле.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматынын өкүлү Рахат Сулаймановдун “Азаттыкка” билдиришинче, хакердик чабуулдарды адатта атайын кызмат менен Ички иштер министрлигинин биргелешкен жумушчу тобу иликтейт.

- Алар ар бир өкмөттүк сайтты көзөмөлгө алып, чабуулдардын мизин кайтарып, күнөөлүүлөрдү таап, аныкташат. Ушундай иштердин купуялуулугунан улам бардык нерселерди азыр ачык айта албайбыз. Бирок хакердик чабуулдарга каршы иштер жүргүзүлүп жатат.

Программист Өмүрбек Усупов өкмөттүк сайттардын коопсуздугу сакталбаганынын себебин атайын адистердин жана каражаттын тартыштыгы менен түшүндүрдү:

- Биринчиден, жакшы адистер керек. Экинчиден, коргоо программаларын орнотуу зарыл. Андай программалар адатта бекер болбойт. Биздикилер болсо бюджетке такап, такай эле каражат жок деп айтып келишет. Анын кесепети тиет. Хакерлер чабуул жасайт. Оңой эле кирип алышат, эрмектешет.

Адистер министрлик, мамлекеттик мекемелердин сайттарынын басымдуу бөлүгү начар иштейт деп баа беришет. Ошол орган тууралуу маалымат аз жана жаңылыктары убагында, тез-тез жаңыланбайт. Анан калса маалымат каражаттарына жөнөткөн кабарлары ар кандай почталардан, ар кандай ысымдар менен келет.

Кыргыз бийликтери бир канча жылдан бери бюрократияны, коррупцияны азайтууга багытталган электрондук өкмөт деген долбоорду ишке ашыра албай келет. Ушул максатта 2013-2017-жылга багытталган стратегия даярдалган. Транспорт жана байланыш министринин орун басары Дүйшөнбек Абдылдаев стратегия бекитилбегенин, өкмөт каражат бөлбөгөнүн билдирди:

- Экономика министрлиги стратегия боюнча өкмөткө сунуш киргизген. Стратегия бекитиле элек. Стратегияда канча каражат бөлүнөт, кайсы багыттар боюнча иш жүрөт, баары жазылат да. Документти Экономика министрлиги даярдаган. Тиешелүү министрликтердин баары чогулуп, өкмөткө киргизгенбиз. Өкмөт токтом чыгарып бериши керек болчу. Ар бир секторго иш-чаралар белгиленген. Транспорт министрлигине инфраструктурасы, Экономика министрлигине нормативдик-укуктук актыларга кошумча-алымчаларды киргизүү, Каржы министрлиги болсо каржылоосун алмак. Стратегия кабыл алынбай, алдыга жыла албай отурабыз.

Транспорт жана байланыш министринин мурунку орун басары Нурлан Баямандын пикиринде, жарандарды дагы маалымат технологияларын колдонууга үйрөтүү зарыл:

- Жарандарыбыз компьютерди, интернетти, электрондук почтаны колдонгонду билиши керек. Мисалы, бир мамлекеттик орган өзүнүн иштөө системасын автоматташтырса, жарандарды ошол автоматташтырылган система менен иштегенди да үйрөтүү керек. Бул жерде абдан чоң иш турат. Мамлекет, өкмөт эле эмес, ар бир жаран билимин жогорулатканга аракет кылышы зарыл.

Интернеттин ылдамдыгы боюнча эл аралык иликтөөгө ылайык, Кыргызстан 71-орунда турат жана жыл сайын колдонуучулар да көбөйүүдө. Салыштыруу үчүн айтсак, Казакстан 57, ал эми Өзбекстан акыркы орунду ээлеген. Адистер маалымат технологиялары күн санап өнүгүп жаткан чакта коопсуздукка тыкыр көңүл бурулушу керектигин эскертип келишет.

XS
SM
MD
LG