Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Киберчабуул: бутада Кыргызстан


ИИМдин сайты баш болгон Кыргызстандын расмий сайттарына жасалган киберчабуул атайын мерчемделген чагымчыл акция болушу мүмкүн.

Мындай божомолун айткан коопсуздук жаатындагы эксперттер экстремисттик күчтөр идеологиялык күрөштүн жаңы түрүн тандап алганын белгилешүүдө. Ички иштер министрлиги коопсуздук органдары менен биргеликте кибер чабуул каяктан болгонун жана кандай максатты көздөгөнүн иликтөөгө киришти.

ИИМдин сайтына ташталган “ичке сызык”

Киберчабуулдун натыйжасында Кыргызстандын ички иштер министрлигинин расмий сайты бузулуп, ага Өзбекстандын желеги койулган эн белгиси менен бирге “биз расизмге каршыбыз” деген сөз жазылган. “Азаттыктын” өзбек кызматы менен байланышкан белгисиз бир адам кыргызстандык сайттарга жасалган чабуул үчүн жоопкерчиликти “Clone Security” деп аталган өзбекстандык хакерлер тобу өзүнө алаарын жарыялады. Ал кибер чабуулдун максатын 2010-жылдагы июнь окуясы менен байланыштырып, өзүнүн аракеттерин Кыргызстанда өзбек тектүү жарандардын укугу кемсинтилип жатканына нааразылык катары түшүндүргөн.

ИИМдин сайты хакердик чабуулга кабылган учурда, 20-февраль, 2013.
ИИМдин сайты хакердик чабуулга кабылган учурда, 20-февраль, 2013.
Ички иштер министрлигинин расмий сайты 21-февраль күнү калыбына келтирилди. ИИМдин маалымат борборунун жетекчиси Жоробай Абдраимов сайтка жасалган чабуул кадимки эле бейбаштык катары кабыл алынганын мындайча белгиледи:

- Бул эми шаардагы эле жергиликтүү бейбаш жигиттердин иши. Биздин сайтты ачып кирип, ичине азил-тамаша жазып калтырып коюшуптур. Анткен менен сайт хакердик жол менен бузулганы чындык. Бирок биздин сайтта жашыруун маалыматтар деле жок болчу.

Ички иштер министрлигинин сайтынан сырткары улуттук коопсуздук комитетинин антитеррордук борборунун жана мамлекеттик мүлк фонддунун интернет сайттары чабуулга дуушар болгон. Ошондой эле “Air Bishkek” авиакомпаниясы сыяктуу жеке тараптардын интернет сайттары бузулган. Учурда атайын эксперттердин көмөгү менен интернет сайттарга чабуул каяктан болгонун аныктоо иштер жүрүүдө.

Күрөштүн жаңы түрү

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Марат Иманкулов аталган хакерлер тобунун чабуулуна олуттуу мамиле жасап, кылдат иликтөө зарылдыгын айтып чыкты:

- Алардын аракетин талдап көрсөк, бул жөн эле иши эриккен бейбаштардын жасаганы эмес экени байкалат. Азыр экстремисттик күчтөр өздөрүнүн ишмердигин киберэкстремизм, киберчабуул жана кибертеррорчулук сыяктуу түшүнүктөр менен күчөтүшүүдө. Бир мисал, мен коопсуздук кеңешинде иштеп жатканда, 2010-жылы парламенттик шайлоонун алдында “жакында Ошто кыргыз-өзбек кагылышы кайталанат” деген жалган ушактарды чагылгандай тездик менен кандайдыр бир белгисиз сайттар аркылуу таратышкан. Биз анын учугун издеп отуруп, алардын серверлери чет өлкөдө жайгашканын иликтеп чыкканбыз. Бирок конкреттүү даректерин аныкташ кыйынга турган. Бул жолу деле ошого окшогон күчтөр чагымчыл аракететтерин киберчабуул аркылуу ишке ашырганга аракет кылышууда.

Кыргызстандык интернет сайттарга кибер чабуулдар 20-февраль күнү кечинде болуп, Ирандын, Жапониянын, Швейцариянын, Азербайжандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жаңыдан дайындалган элчилери мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевге ишеним грамоталарын тапшырган күнгө туура келди.

Даярдалган дал келүүчүлүкпү?

Аталган мамлекеттердин ичинен Өзбекстан 2010-жылдан бери биринчи жолу Кыргызстандагы туруктуу элчисин дайындады. Буга чейинки Өзбекстандын ыйгарым укуктуу элчиси Кыргызстанда атайын резидент катары турган эмес. Президент Атамбаев жаңы элчи Камил Рашидовду кабыл алуу учурунда Кыргызстан менен Өзбекстанды эч кандай күчтөр кагыштыра албастыгын белгилеген болчу.

Коопсуздук жаатындагы эксперт Талант Раззаков Өзбекстандын жаңы элчиси ишеним грамотасын тапшырган күнгө чагымчыл киберчабуулдун дал келишин жөн жеринен эмес деп эсептейт:

- Жанагындай хакерлердин сайтка кирип, желектин элеси түшүрүлгөн эн белгилерин койуп, чагымчыл чакырыктарды жазып калтырышы жакшы эмес ниеттеги күчтөрдүн буюртмасы экенинен шек санабай эле койсо болот. Буга чейин деле Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси бузулганга кызыкдар тараптардын бар экени белгилүү болгон. Анан азыр чиеленишкен айрым бир маселелер боюнча эки тараптын сүйлөшүүлөрү башталган учурда мына ошондой чагымдардын болушун эки өлкөнүн мамилесинин жакшырышына каршы чыгып, аны татаалдаштырууга ынтызар болгон күчтөрдүн эле жасаганы катары кабыл алыш керек.

Мындан он бир күн мурун Кыргызстандын өкмөтүнүн www.gov.kg деген интернет порталына да чабуул жасалган болчу. Бирок анда сайтты кимдер бузганы белгисиз бойдон калган. Жогоруда “Clone Security” деген аталыштагы хакерлер тобу мындан мурун Өзбекстандын мамлекеттик телеканалынын жана саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий сайттарын бузуп киргени жарыяланган эле.

XS
SM
MD
LG