Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:22

Спайсер: Орусиянын АКШдагы шайлоого кийлигишкени тууралуу далил жок


АКШ президенти Барак Обама Москванын шайлоого таасир эткени тууралуу ынанымдуу далилдер бар экенин билдирген.
АКШ президенти Барак Обама Москванын шайлоого таасир эткени тууралуу ынанымдуу далилдер бар экенин билдирген.

Орусиянын Кошмо Штаттарда ноябрда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгына киберчабуулдары менен таасир эткени тууралуу эч кандай далил жок. Бул тууралуу АКШнын шайланган президенти Дональд Трамптын маалымат катчысы Шон Спайсер 2-январда Fox News телеканалына курган маегинде билдирди:

-Орусия шайлоого таасир этти деп маалымат каражаттары ойноп атышат. Алар добуш берүүнү жыйынтыгына кийлигишкени тууралуу бир да далил жок.

Дональд Трамп 20-январда расмий түрдө ишке киришкенде Ак үйдүн маалымат катчысы боло турган Спайсер Трамптын өткөн жумада Орусияны киберчабуулдарга айыптоо эрте экенин айткан эскертүүсүн дагы бир жолу кайталады.

АКШнын президенти Барак Обама Москванын шайлоонун жыйынтыгына таасир эткени тууралуу ынанымдуу далилдер бар экенин айтып, буга жооп катары 35 орус дипломаты 72 саат ичинде өлкөдөн чыгаруу чечимин чыгарып, кошумча экономикалык санкцияларды киргизген.

Кремл мындай айыптоолорду четке кагып келет.

1-январда Трамп президенттик шайлоо учурунда хакердик чабуул боюнча жаңы маалымат алганын айтып, бул маалыматтарды 3-4-январда жарыялай турганын айткан.

XS
SM
MD
LG