Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:19

Украиналык жана орусиялык ишканаларга киберчабуул жасалды


Украина менен Орусияда ондогон мамлекеттик жана жеке мекеме - ишканаларга "Petya.A" аттуу вирус менен киберчабуул жасалды.

Жабыркагандар арасында украиналык банктар, энергетикалык, коммуникациялык, транспорттук ишканалар жана украин өкмөтү бар.

Ал эми Орусиядан "Роснефть" жана "Башнефть" мунай ишканалары киберчабуулга кабылганын билдирип чыгышты.

Мындан тышкары, Британия, Дания, Норвегия, Франция жана Индияда жайгашкан компаниялар да вирус аларга таасир эткенин кабарлашууда.

Кээ бирлери "Petya.А" вирустан жабыркадык дешсе, башкалары WannaCry вирусу бүлүндүргөнүн маалымдап жатышат. Эки вирус тең компьютердеги маалыматтарды шифрлеп, жандырыш үчүн кайра акча сурайт. WannaCry май айында эле 150 өлкөдө 300 миңден ашуун компанияны жабыркаткан болчу.

XS
SM
MD
LG