Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:28

Глобалдык кибер чабуулга Түндүк Кореянын тиешеси болушу мүмкүн


Түштүк Кореянын интернет коопсуздугу агенттиги компьютерлик вирустун тарашына байкоо салып жаткан учур. Сеул, 15-май, 2017-жыл.
Түштүк Кореянын интернет коопсуздугу агенттиги компьютерлик вирустун тарашына байкоо салып жаткан учур. Сеул, 15-май, 2017-жыл.

Киберкоопсуздук боюнча фирмалардын баштапкы иликтөөлөрү мына ушуну көрсөтүүдө.

Алар ушул дем алыш күндөрү дүйнөнүн 150дөй өлкөсүнөн 300 миңден ашуун компьютерге вирус тараткан хакерлик чабуулдун Түндүк Кореяга тиешеси болушу мүмкүндүгүнүн айрым далилдерин табышты.

“Симпантек” (Sympantec) жана “Касперски лабораториясы” (Kaspersky lab) кибер коопсуздук компаниялары билдиргендей, азыркы чабуул учурунда колдонулган Wanna Cry вирусунун коддору 2014-жылы “Сони” компаниясына жасалган чабуулдагы вирустун коддоруна окшош чыгууда. Ал чабуул үчүн Түндүк Корея айыпталган болчу.

Бирок компаниялар бул окшоштукта тикелей байланыш жок болушу мүмкүндүгүн, иликтөө уланып жатканында кошумчалашты.

Соңку глобалдык хакерлик чабуул артында Түндүк Кореянын турушу мүмкүндүгүнө Израилдин Intezer Labs компаниясы да кошулууда.

Европанын полиция агенттиги Европолдун эсебинде, 12-майдан тарта башталган киберчабуулда 100 миңдей мекеме-уюм бутага алынып, 150дөй өлкөдө банктардын, дүкөндөрдүн, ооруканалардын, мектептердин, өкмөттүк мекемелердин иши үзгүлтүккө учураган.

Акчаны интернет аркылуу уурдоонун эң ири схемасы катары каралып жаткан киберчабуулда хакерлер тарабынан Wanna Cry деген компьютердик вирус-программа колдонулган. (UE)

XS
SM
MD
LG