Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

Дүйнөдө миңдеген мекемелер киберчабуулга кабылды


Иллюстративдик сүрөт
Иллюстративдик сүрөт

12-майда дүйнө жүзү боюнча мамлекеттик мекемелер, ири бизнес ишканалар хакердик чабуулга кабылып, компьютерлер иштен чыкты. Алардын ичинде Орусия көп запкы тартканы белгилүү болду.

Дүйнөнүн көпчүлүк жеринде жаңы апта массалык киберчабуулдун кесепетинен улам кооптонуу менен башталды. Эксперттер өткөн дем алуудагы чабуулдан сыртта калган Азия мейкиндигине байкоо салып жатышат.

12-майда башталган катуу чабуулга ар кайсы өлкөлөрдөгү ооруканалардагы, банктардагы, дүкөндөрдөгү, мамлекеттик мекемелердеги "Майкрософтун" эски версиясы менен иштеген компьютерлер кабылган.

Чабуул койгондор WannaCry (WCry жана WannaCryptor) деп аталган программанын жардамы менен компьютердеги файлдарды ачып, аны ээси көрө албагыдай кылып жашырып коюшат. Файлдарды кара ачуу үчүн компьютердин ээси 300, айрым маалыматтарда айтылгандай 600 долларга барабар биткойндарды онлайн которуусу керек.

Европанын полиция агенттиги – Европол интернет аркылуу акча талап кылгандардын кылтагына дүйнө жүзү боюнча 100 миңден ашуун уюмдан 200 миңден арбын интернет колдонуучу илингенин билдирет.

Европолдун башчысы Роб Уэйнрайт "көптөгөн өлкөлөрдө саламаттыкты сактоо тармагы өзгөчө аярлуу экени бизди тынчсыздандырып келди. Алардын маалымат базаларында бир топ жашыруун маалыматтар сакталат" деп, учурда массалык чабуул уюштургандарды издөө жүрүп жатканын дагы маалымдады.

Киберкоопсуздук боюча адистер WannaCry деген программалык код менен байланышкан аккаунттарды текшерип отуруп, хакерлер 14-майда 32 500 биткойн алышканын таап чыгышкан. Бир катар эксперттер менен өкмөттүк мекемелер интернет каракчылардын талаптарына баш ийбөөгө үндөөдө.

Хакерлер болсо 15-майда бул сумма эки эселеп көбөйөрүн, ал эми 19-майда уурдалган файлдар ошол бойдон жоголот деп коркутууга киришкен. Алар жогорудагыдай акчасы жок колдонуучуларга «бекер иш-чараларды» өткөрүүгө убада кылышат. Алар менен программа аркылуу түз байланышууга жол ачык.

Чоң бизнестен америкалык FedEx компаниясы, Европадагы автомобил чыгарган ишкана, Испаниядагы Telefonica компаниясы, АКШнын саламаттык сактоо кызматы жана Германиянын темир жол тармагынын компьютерлери иштен чыгарылды.

Орусиядан «Сбербанк», «Мегафон» жана Ички иштер министрлиги чабуулга кабылган. Ишемби күнү Орусиянын Борбордук банкы менен «Орусиянын темир жолдор» ишканасына дагы чабуул болуп, вируска бөгөт коюуга үлгүрүшкөн.

Microsoft компаниясынын президенти Брэд Смит 14-майда чыккан блогунда онлайн акча талап кылган хакерлер апрель айында чабуулга кабылган АКШнын Коопсуздук агенттиги ойлоп тапкан инструментти колдонуп жатышканын моюнга алат.

Интернет коопсуздугу боюнча адистер көпчүлүк уюм-мекемелер акчанын тартыштыганан улам компьютерлердин оперативдик системасын такай жаңылабай койгондуктан хакерлердин курмандыгына айланарын белгилешет.

Электрондук почта менен WannaCry деген файл келип, колдонуучу аны ачканда компьютерге орноп калат. Адистер андан коргонуунун жолу деп 2007-жылы "Майкрософт" жаап салган Windows системасын жаңылоого кеңеш беришет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG