Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Европол: 150дөй мамлекетке киберчабуул жасалды


Европолдун башчысы Роб Уэйнрайт.
Европолдун башчысы Роб Уэйнрайт.

Европалык полиция агенттиги - Европолдун башчысы Роб Уэйнрайттын айтымында, 12-майда болгон ири киберчабуулдан 150 өлкөдөгү 200 миңге жакын жеке адам жана компания зыян тартты. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Европол тараткан маалыматка ылайык, баарынан да Орусия менен Британияга чабуулдун кедергиси көбүрөөк тийген. Ал үчүн "опузалоочу" программа колдонулган. Вирус компьютерге кирип, андагы файлдардын баарын жашырып, аларды калыбына келтирүү үчүн компьютердин ээсинен электрондук акча - биткоин талап кылган.

Уэйнрайт чабуул дүйшөмбү эртең менен да, көпчүлүк ишке келип компьютерлерин күйгүзгөндө да уланышын четке какпайт. Учурда Европол тиешелүү мекемелер менен хакерлерди табуу аракетин көрүп жатат.

XS
SM
MD
LG